- [email protected]
- 0 (312) 54 58 86
- И. Ахунбаев көч., 92 б.

- Окумуштуу даражасы:
- педагогика илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Кызматы:
- Кафедра башчысы
- [email protected]
- ул. Ахунбаева, 92 б.

- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- педагогика илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Окутуучу

- Окумуштуу даражасы:
- педагогика илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.

- Кызматы:
- Улук окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу, улук лаборант

- Кызматы:
- Лаборант
2004-жылдын 2-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, 2011-жылдын 22-апрелиндеги Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу нормалары боюнча комплекстүү иш-чаралар тууралуу №54 Токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын жождорунун кафедрасы жөнүндө Жобого ылайык 2017-жылдын 27-январында М.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кыргыз, орус тилдер кафедрасынын курамынан бөлүнүп, кыргыз тили өзүнчө кафедра катары негизделип, п.и.к.доцент Абдырасулова Э.К. кафедра башчысынын м.а. болуп бекитилген.
Учурда кафедрада 1 п.и.к.,доцент, 7 окутуучу, 1 улук лаборант эмгектенет.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлигинин 2012-жылдын 14-майындагы №70 буйругу менен бекитилген жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик стандарттын 3-муунуна ылайык бардык факультеттин студенттери үчүн кафедра башчысы, п.и.к., доцент Э.К.Абдырасулова жана окутуучу Н.Ж.Касымбековалар тарабынан жумушчу программалар түзүлүп, бардык факультеттин окуу-усулдук профилдик комитеттеринин отурумунан бекитилди. Анын негизинде кафедра «Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо» аттуу окуу-усулдук теманын үстүндө иш жүргүзүп келет. Кафедранын мүчөлөрү мамлекеттик тил боюнча жождор аралык олимпиадаларга, фестивалдарга, усулдук семинарларга, эссе сынактарына жигердүү катышып, байгелүү орундарды камсыздап диплом, тастыктамаларга ээ болушту.Кыргыз тили кафедрасынын жамааты 2017-жылдын 13-апрелинде КММАнын «Илим күндөрү-2017» иш-чарасынын алкагында «Мамлекеттик тилдин медицинадагы актуалдуу маселелери» аттуу теманын алкагында жождор аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүп, анда республикадагы жождордун мамлекеттик тил боюнча проректорлору, окумуштуулар, аталган кафедранын окутуучулары, студенттер баяндама менен катышышты. Мындан тышкары кафедранын окутуучулары эл аралык, республикалык деңгээлдеги илимий-тажрыйбалык конференцияларга илимий макалалар менен катышып келишти.
Кафедра башчысы, п.и.к., доцент Э.К.Абдырасулова Д.13.16.527 диссертациялык кеңештин педагогикалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн изденип жазылган эмгектерде бир нече жолу расмий оппонент болду.
Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Э.К.Абдырасулова «Санжыра» радиосундагы (10.02.2017) Биринчи радиодогу (27.02.2017) «Маданият» каналындагы «Тоолуктардын ток-шоусу» телеберүүсүндөгү (02.03.2017) мамлекеттик тилдин көйгөйлөрүнө байланыштуу талкууларга катышып келди.

Ж.Баласагын атындагы КУУ менен М.Кашгари атындагы Чыгыш университети биргелешип өткөргөн Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар аралык мамлекеттик тил боюнча олимпиадага кафедранын окутуучусу Н.Ж.Касымбекова студенттерди (дарылоо иши факультети 2-курс, 8-тайпа, Абдыкеримов А., фармация факультети, 1-курс, 2-тайпа, Ыкынова Г.) жетектеп барып, 14 окуу жайдын арасынан 1-орунду ээлешип, I даражадагы дипломдор менен сыйланышты.