- [email protected]
- 0 (312) 56-59-72
- Ахунбаев көчөсү, 92 (4-имарат, 4-кабат)

- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Кызматы:
- Кафедра башчысы

- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- филология илимдеринин кандидаты

- Кызматы:
- Улук окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу

- Кызматы:
- Окутуучу
Орус тили кафедрасы 1974-жылы негизделген. Аталган убакыт аралыгында студент-медиктердин бир канча муундары бул кафедрадан билим алып кетишкен. Учурда алар дарыгер катары өлкөбүздүн ар кайсы булуң-бурчунда жана чет мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенишүүдө.
2007-жылдан баштап азыркы кезге чейин он үч окуу куралы жарык көргөн. Урология кафедрасы менен биргелешип аббревиатуралардын терминологиялык сөздүгүнүн үстүнөн иш жүргүзүлүүдө. Кафедранын окутуучулары И.К. Ахунбаев атындагы КММА бардык факультеттиринин биринчи жана экинчи курстарына практикалык сабактарды өтүшөт. Кыргыз жана орус тилдери боюнча аспиранттарга, бардык факультеттердин студенттерине жана чет элдик жарандар менен иштөө факультети үчүн да окуу программалары иштелип чыккан.
Дисциплиналар:
- Орус тили эне тили катары;
- Орус тили эне тили экинчи тил катары;
- Орус тили чет тили катары.

Жалпы сүрөт
Илимий ишмердүүлүк:
Кафедранын илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыты: “Студент-медиктерге орус тилин (эне тили катары, экинчи тил катары, чет тил катары) окутуу ыкмаларын өркүндөтүү” . Тажрыйба алмашуу максатында жана чеберчилигин жогорулатуу үчүн кафедранын окутуучулары илимий конференцияларга катышып, ар жыл сайын ЖОЖдор аралык семинарларды, тегерек үстөлдү КМЮА, КМДТжСА, КТУ, КМУУ, КМКТжАУ, БГУ ж.б. окуу жайларынын педагогдорунун катышуусу менен өткөрүп турушат.
- кафедранын окутуучулары тарабынан 58 макала басып чыгарылган, 60 тастыктама алынган, 8 окутуучу квалификациясы жогорулатуудан өткөн.
Кандидаттык диссертациялар жазылып, илимий макалалар жарык көрүүдө. Кафедранын окутуучулары адистигин жогорулатуу курстарына катышууда. Көргөзмө куралдар, дубал гезиттери жаңыртылып, олмпиадалар, кечелер жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Кафедра мүчөлөрү куратордук ишти дагы алып барышат.
- Бөлүмдүн жетишкендиктери:
Окуу процессине кошкон салымы үчүн кафедранын окутуучулары Ардак грамоталары, төш белгилери жана сертификаттар менен сыйланган.