Клиникалык стоматология жана имплантология кафедрасы
Кафедра кызматкерлери
Акылбеков Джамшид Искендерович
Акылбеков Джамшид Искендерович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Касенова Назгуль Сабыржановна
Касенова Назгуль Сабыржановна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Баш мугалим
Джумаев Амантур Токтомбаевич
Джумаев Амантур Токтомбаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Тыналиев Уланбек Аманович
Тыналиев Уланбек Аманович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Цой Андрей Рудольфович
Цой Андрей Рудольфович
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Клиниканын башчысы
  • г. Бишкек, ул. Касыма Тыныстанова, 1
Алымбаева Бермет Эдилевна
Алымбаева Бермет Эдилевна
Кызматы:
Ассистент
Давришов Кемран Алижанович
Давришов Кемран Алижанович
Кызматы:
Ассистент
Касымов Раван Мырзаканович
Касымов Раван Мырзаканович
Кызматы:
Ассистент
Мамбетов Темирлан Шакирович
Мамбетов Темирлан Шакирович
Кызматы:
Ассистент
Бухов Максим Владимирович
Бухов Максим Владимирович
Кызматы:
Ассистент
  • г. Бишкек, ул. Касыма Тыныстанова, 1
Нурбеков Алтынбек Нурбекович
Нурбеков Алтынбек Нурбекович
Кызматы:
Ассистент
Юсупов Адилет Бахтиярович
Юсупов Адилет Бахтиярович
Кызматы:
Ассистент
Евстифейкин Игорь Сергеевич
Евстифейкин Игорь Сергеевич
Кызматы:
Ассистент
Рахманов Аннамурад Тачмурадович
Рахманов Аннамурад Тачмурадович
Кызматы:
Ассистент
Болотбекова Айдай Токтобековна
Болотбекова Айдай Токтобековна
Кызматы:
Ассистент
Ким Дмитрий Вячеславович
Ким Дмитрий Вячеславович
Должность:
Ассистент
Дюшахматов Аскар Искендерович
Дюшахматов Аскар Искендерович
Кызматы:
Ассистент
Кудайбердиева Айпери Кадырбековна
Кудайбердиева Айпери Кадырбековна
Кызматы:
Ассистент
Романкулова Жильбера Бердалиевна
Романкулова Жильбера Бердалиевна
Кызматы:
Ассистент
Петрушевский Владимир
Петрушевский Владимир
Кызматы:
Ассистент
Кафедранын кыскача тарыхы

И.К.Ахунбаев атындагы КММА ДКМББФтин хирургиялык стоматология жана имплантология кафедрасы 2021-жылдын 10-февралында уюшулган. 2023-жылдын 1-июнунда ДКМББФтин хирургиялык стоматология жана имплантология кафедрасы ДКМББФтин клиникалык стоматология жана имплантология кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.

Демилгечи жана кафедранын биринчи жетекчиси болуп м.и.к., доценттин милдетин аткаруу Акылбеков Джамшид Искендерович саналат.

Кафедранын кызматкерлери окуу процессинде окуу-методикалык жана көрсөтмө куралдарды иштеп чыгуу жана киргизүүнү камтыган окуу-методикалык иштерди, мультимедиялык презентацияларды колдонуу менен дарстарды окууну аткарышат, клиникалык ординаторлордун практикалык көндүмдөрү иштелип чыгат.  Кафедранын негизги базасы болуп И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык борбору саналат, анда 4 дарылоо кабинети, 2 орундуу күндүзгү стационардык 1 палата бар.

Профессордук-окутуучулук курам 19 негизги кызматкерден түзүлүп, анын ичинен 6 медицина илимдеринин кандидаты, 3 доцент, 2 доценттин милдетин аткаруучу жана 13 ассисент, анын ичинен бирөө м.и.к. даражасы менен эмгектенишет.

Кафедранын кызматкерлери клиникалык практикада ыкчам кийлигишүүнүн заманбап ыкмалары жөнүндө окуу видеотасмаларын даярдашат. Кафедранын окутуучулары өзүлөрүнүн окуу-педагогикалык, дарылоо ишмердүүлүктөрүн эл аралык конференцияларга, квалификацияны жогорулатуу курстарына катшуу жолу менен жогорулатышат.

Илимий иштер

КММАнын «Илим күндөрүнө» активдүү катышуу пландаштырылууда. Бул максатта клиникалык ординаторлордун жана аспиранттардын күчү менен жыл сайын кеминде 2-3 илимий доклад даярдоо пландаштырылууда. 2021-2022-окуу жылына КРнын мезгилдүү басылмаларында 4 илимий макала жана өлкө чегинен тышкары 2 макала жарыяланды. Кийинки жылдары илимий макалаларды чыгаруу кафедранын илимий иштер боюнча планына ылайык аткарылат. Кафедранын бардык кызматкерлери КРнын Стоматологиялык ассоциациясынын жана И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын колдоосу астында өткөрүлүүчү илимий-практикалык конференциялардын жана конгресстердин ишине активдүү катышууну пландаштырууда

Дарылоо иштери

Дарылоо иштери 2021-2022-окуу жылында КММАнын медициналык борборунун окуу корпусунда оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин, биздин кафедра жайгашкан бардык кабинеттер санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келтирилди. Жаңы окуу жылынан баштап бардык кызматкерлер дарылоо иштерин аткарууга тийиш. 2021-жылдан азыркы учурга чейин кафедранын бардык кызматкерлери кафедранын планына ылайык адистиги боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшүүдө. Жыл сайын ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүү пландаштырылууда. А.И. Евдокимов атындагы ММСУ жана мамлекеттик жана жеке стоматологиялык мекемелер менен өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдер узартылууда. Тажрыйбалуу дарыгерлер педагогикалык ишмердүүлүккө жана клиникалык ординаторлорго насаатчы катары тартылууда.

Окуу иштери

2022-2023-окуу жылында "Хирургиялык стоматология" адистиги боюнча ординаторлордун биринчи бүтүрүүсү болду. Кафедрада жалпысынан 23 клиникалык ординатор билим алат. Алардын ичинен 7си экинчи курста, 16сы биринчи курста, үчөө онлайн окууда. 20 клиникалык ординатор клиникалык стоматология жана бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн базасында окушат. * 1-2-курстун ординаторлору үчүн календарлык планга ылайык практикалык сабактарды өткөрүү. * Календарлык планга ылайык лекцияларды окуу. * Ассистенттин көзөмөлүндө ординаторлордун өз алдынча иштөөсүн уюштуруу. * Профилдик методикалык колдонмолорду түзүү жана чыгаруу. * Иштелген сабактарды кабыл алуу жана график боюнча консультацияларды өткөрүү. * Которуу жана бүтүрүү мамлекеттик экзамендерин кабыл алуу.
Жаш ассистенттер менен иштөө.

КММА ДКМББФтин клиникалык стоматология жана имплантология кафедрасынын өнүгүүсүнүн перспективдүү планы
2022-2023-окуу жылында окуу-методикалык иштер боюнча документтер даярдалды. КММАнын ФПМО окуу-методикалык комплекси жөнүндөгү жобосунун талаптарына ылайык, клиникалык ординаторлор жана окутуучулар үчүн методикалык иштелмелер кайра иштелип чыгып, толукталды. 2023-жылы "Хирургиялык стоматология" адистиги боюнча 2 жылдык окуу мөөнөтү бар клиникалык ординаторлор үчүн жалпы билим берүү программасы бекитилди. "Хирургиялык стоматология" адистиги боюнча клиникалык ординаторлор жана "Жалпы практикалык стоматология" адистиги боюнча клиникалык ординаторлор үчүн компьютердик тестирлөө тапшырмалары 100% жаңыртылды, "Хирургиялык стоматология" адистиги боюнча клиникалык ординаторлор үчүн лекциялык материал 100% жаңыртылды. Кафедранын кызматкерлери тарабынан жогорку жаак синуситтери боюнча стоматолог-врачтар жана клиникалык ординаторлор үчүн окуу куралы бекитүүгө даярдалды. "Имплантология" бөлүмү боюнча стоматолог-врачтар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү үчүн жумушчу программа бекитүүгө даярдалды. Графикке ылайык, кафедранын бардык кызматкерлери педагогика жана психология боюнча ППСтин квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү, ошондой эле кафедранын кызматкерлери "Компьютердик сабаттуулуктун негиздери" темасында квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. 2023-2024-окуу жылында кафедранын бардык кызматкерлери "Кыргыз тили" курстарынан өтүшүүдө.
Фотогалерея