- +996-312-54-46-43
- Бишкек ш., №3 балдар шаардык клиникалык ооруканасы, Байтик Баатыр к. 8 а

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- ассистент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- ассистент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- ассистент
1972-жылы ачылган. Кафедранын алгачкы башчысы окумуштуу, хирург жана педагог профессор Кононов В.С. болгон. Анын башкаруусу менен Ош, Жалал-Абадда жана Каракол шаарларында областтык балдар хирургия борборлору уюштурулуп, ал борборлордо балдарга кечиктирилбес хирургия, көкүрөк хиругиясы, ортопедия жана урология боюнча адистештирилген жардам көргөзүлө башталат.
2001-2003-жылдары кафедра башчысы болуп м.и.д. профессор Абдурахманов Х.И. болгон. 2003-жылдан Омурбеков Т.О. 2003-2012-жылга чейин м.и.д. Адамалиев К.А. болгон 2012-2015-жылга чейин кафедра башчысы болуп профессор, м.и.д. Омурбеков Т.О. иштеген. 2015-жылдан азыркы убакытка чейин кафедра башчысынын милдетин доцент Султаналиева А.С. аткарып келе жатат.
Кыргызстанда балдар курагындагы хирургиясынын өнүгүүсүнө жана илимий- практикалык кадрларды даярдоосуна көмөктөшкөндөр академик И.К. Ахунбаев , м.и.к. Асанбеков И.А., профессор Шаган Б.Ф., Ильин А, Знаменский М.С., доцентер Круглова, Марков А.С., Алымкулов Э.А., Кагарлицкий А.Я., м.и.к. Мыкыев К.М., профессор Адамалиев К.А., Абдарахманов Х.И., жогорку даражадагы дарыгерлер Сатывалдиев В. И., Насирдинов М. Н., Омуров К. О. Г.Ф. Гальцева, м.и.к. Асанбеков И.А., м.и.к. Чернобровкин В.И. болгон.


- Балдар хирургиясын,
- балдар травматологиясын,
- балдар урологиясын,
- балдар реанимациясын жана интенсивдүү терапиясын окутуу.
Илимий ишмердиги
Илимий иштердин тизмеси:
- Балдардагы крипторхизм.
- Балдардын тамак-кекиртегиндеги бөтөн органдар.
- Балдардагы гипостазияны дарылоонун принциптери.
- Балдардагы фиброторокс.
- Балдардын өпкө системасынын тубаса аномалиялары.
- Балдардын жаракатына байланышкан дарылоонун жана дарт аныктоонун негизги принциптери.
*Дарылоо иштери кафедранын кызматкерлери тарабынан 2 базасында ЭБКУБ жана ШБКО ТЖ жүргүзүлөт.
Жалпы кафедранын кызматкерлери дарт аныктоодо жана балдардын хирургиялык патологиясына операция жасоодо план боюнча жана ыкчам хирургия дарылоосунда активдүү катышышат. Кечиктирилгис хирургия ооруканасында нөөмөттө турушат, санитариялык авиация боюнча балдарга операция жасашат жана кеңеш беришет, эл аралык конференцияларда активдүү катышышат, каза болгондор боюнча эксперттик комиссиянын мүчөлөрү болуп эсептелишет.
Кафедранын кызматкерлеринин илимий ишмердүүлүктөрү, клиниканын илимий бөлүмү менен биргеликте КММА ИИИ программа- максаттуу пландаштыруунун негизинде ишке ашырылат жана төмөнкү башкы программалар менен аныкталат:
- “Патофизиологиялык, морфофункционалдык жана иммунобиологиялык профилактиканын негиздери, ириң сезгенүү жана ыкчам хирургиялык балдардын курсак көңдөйүндөгү органдарынын ооруларын аныктоо жана дарылоо”.
- “Интенсивдүү терапиянын, реаниматологиянын, функционалдык дарт аныктоонун жана хирургиялык дарылоонун ар кандай курч жана өнөкөт ооруларынын, жаш курактагы аспектисиндеги тубаса аномалиялардын өөрчүшүнүн методдорун иштеп чыгуусу менен балдардын гомеостазисинин бузулушундагы анестезиологиянын маселелерин изилдөө”. Бул маселенин алкагында кафедрада жана ооруканада дарт аныктоонун жана берилмелердин сапаттуу иштеп чыгуусунун жаңы ыкмаларынын иштелмелери жүргүзүлүп жатат; балдардын организминдеги курч жана өнөкөт ириңдүү илдеттеринин, тубаса аномалиялардын өөрчүшүнүн коргоо механизмдерин жакшыртуу ыкмалары; ириң-септикалык оорулуу бейтаптарды, тубаса аномалияларды дарылоо ыкмалары; клетка мембранасынын бузулушунун алдын алуу ыкмалары жана аларды курч жана өнөкөт ооруларында, аномалиялардын өөрчүшүндө жана жаракаттарында турукташтыруу; дарт аныктоо профилактикасынын ыкмалары, өнөкөт хирургиялык сөөк оорулары менен балдарды дарылоо жана диспансеризациялоо.
- “Балдардын органдарынын системаларынын бириктирилген жана аралашкан зыяндарында, патогенетикалык негиздердин жаракат натыйжасындагы реакциялары жана жаракат натыйжасындагы ооруларын изилдөө. Жаракат алып жабыркагандарга ирээт менен ыкчам хирургиялык жардамдын иштелмеси, дарт аныктоосу жана профилактикасы”.
Түркүн стадиядагы травматикалык шоктун патогенетикалык механизмдери, жаракаттын оорудугунан жана кайталануусунан көз карандылыкта гемодинамиканын көрсөткүчтөрү изилденүүдө. Балдардын ар кандай курактагы топторунун интенсивдүү терапиядагы травматикалык ооруларынын ыкмалары жана патогенетикалык принциптери иштелип жатат. Ткандык гипоксия патогенезинин, гиповелемиянын, дем алуу функцияларынын жана гемодинамиканын бузулушунун, кандын уюшунун, зат алмашуу жүрүшүнүн абалынын маселелери боюнча изилдөөлөр уланууда.
