Госпиталдык терапия, профпатология кафедрасы жана гематология курсу
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Маматов Сагын Мурзаевич
Маматов Сагын Мурзаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Кызматы:
Кафедра башчысы
Мусакеев Адилет Омурбекович
Мусакеев Адилет Омурбекович
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Чонбашева Чолпон Кенешовна
Чонбашева Чолпон Кенешовна
Окумуштуу наамы:
профессор
Курумшиева Апаркуль Шаршеевна
Курумшиева Апаркуль Шаршеевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Лобанченко Ольга Валерьевна
Лобанченко Ольга Валерьевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Абжалбекова Нуражамал Токтобековна
Абжалбекова Нуражамал Токтобековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Джакыпбаев Ормон Асанбекович
Джакыпбаев Ормон Асанбекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Канат кызы Базира
Канат кызы Базира
Кызматы:
Ассистент
Атабаева Дильфуза Набиевна
Атабаева Дильфуза Набиевна
Кызматы:
Ассистент
Арстанбекова Мира Арстанбековна
Арстанбекова Мира Арстанбековна
Кызматы:
Ассистент

Кылычбекова Даткайым Кылычбековна
Кылычбекова Даткайым Кылычбековна
Кызматы:
Ассистент
Тагаева Бермет Тагаевна
Тагаева Бермет Тагаевна
Кызматы:
Ассистент
Иманалиева Фарида Эльдияровна
Иманалиева Фарида Эльдияровна
Кызматы:
Ассистент
Маришбек кызы Элвира
Маришбек кызы Элвира
Кызматы:
Ассистент
Джаныбекова Салтанат Ахмеджановна
Джаныбекова Салтанат Ахмеджановна
Кызматы:
Ассистент
Кыскача тарыхы

Госпиталдык терапия кафедрасы 1941-жылы СССР жана Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо  элдик комитетинин буйругунун негизинде түзүлгөн. Клиникалык кафедралар, анын ичинде госпиталдык терапия кафедрасынын түзүлүшү  Ата – мекендик согуштун оор жылдарына туш келгендиктен, фронтко ыкчам түрдө дарыгерлерди даярдоо милдеттендирилген. Аскердик аракеттерге байланыштуу Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарына, Харьков жана Ленинград шаарынан эвакуацияланган окумуштуулар, клиникалык кафедранын түзүлүщүнө жана уюштурулушуна түздөн-түз  катышкан. УССРнин илиминин эмгек синирген ишмери, белгилуу окумуштуу, профессор Виктор Моисеевич Каган – Ясный (1889 – 1958) КММАнын госпиталдык терапия кафедрасынын негиздөөчүсү  жана биринчи башчысы болгон (1941 – 1943). Анын жолун уланткан кафедра башчылары төмөнкүлөр:

  • 1943 – 194-жылдары – профессор Хавкин А.Б.
  • 1945 – 1948-жылдары – профессор Бреннер М.А.
  • 1949 – 1952-жылдары – профессор Шварц Н.И.
  • 1952 – 1957-жылдары – профессор Фунт И.М.
  • 1958 – 1962-жылдары – профессор Зуев В.Н.

 Фрунзе шаарында, 1962 – жылы окуу программасынын көбөйгөндүгүнө  байланыштуу госпиталдык терапия кафедрасы экиге бөлүнгөн. №1 жана №2 госпиталдык терапия кафедрасы №1 шаардык клиникалык ооруканасынын базасында жайгашкан, 1962 -1983 –жылдары профессор Борис Георгиевич Бажанов жетектеген.  Белгилүү клиницист, окумуштуу кафедранын өнүгүшүнө  чон салым кошкон. Ал 4 медицина илимдеринин кандидатын даярдаган жана 50дөн ащык илимий иштерди басып чыгарган.

№2 госпиталдык терапия кафедрасы №2 шаардык клиникалык оорукананын базасында 1962 – 1975 – жылдары Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, доцент Бибихан Исмаиловна Ахунбаева жетектеген. Аны менен иштегендер анын студенттерге жана чогуу иштешкендерге болгон жылуу мамилесин байкашкан. Ал гастроэнтерологияда эндоскопиялык жана функционалдык изилдөө методдорун киргизген. 1975 – 1983 –жылдары КР эмгек синирген дарыгери, доцент Айткулова Алима Умуралиевна жетектеген. Гастроэнтерология жана гепатология проблемалары боюнча 83 илимий иш анын калемине таандык. 1983-жылы 2 госпиталдык терапия кафедраларын бириктирип, жаны №2 ички органдар кафедрасы деп өзгөргөн. 1983 – 1989-жылдары кафедраны ревматология жана иммунология боюнча специалист, профессор Ефим Владимирович Бененсон жетектеген. Ал №1 шаардык клиникалык оорукананын базасында заманбап иммунологиялык лабораториясын, шаардык ревматологиялык бөлүмүн жана ревматологдор мектебин түзгөн. Ал көптөгөн изилдөөлөрдүн, монографиялардын, илимий статьялардын автору жана медицина илимдеринин кандидаттарын даярдаган.

1989 – 2000-жылдары кафедраны гематология боюнча көрүнүктүү адис академик КР УИАнын  профессор Абдухалим Раимжанович  Раимжанов жетектеген жана бүгүнкү күнгө чейин кафедранын профессору болуп эмгектенет. Гематология курсун жетектейт. Көп жылдар бою КР Саламаттыкты сактоо министрлигинде башкы гематолог милдетин аткарган. Кыргыз илимий гематология борборунун директору, Төө – Ашуу ашуусунда бийик тоолуу шартта стационар уюштурган, бгүнкү күндө анын атын алып жүрөт. Ал 9 монография, 42 методикалык рекомендация, 250 дөн ашык илимий статьяларды чыгарган. Профессор Раимжанов Абдухалим Раимжанович 10 медициналык илимдин кандидаттарын жана 1 медицина илиминин докторун даярдаган. Ал көптөгөн наградалардын жана даңктардын ээси.

2000 -2017 – жылдары кафедраны билим жана техника чөйрөсүндө  КР мамлекеттик сыйлыгынын  лауреаты, профессор Бримкулов Нурлан Нургазиевич жетектеген, ал клиникалык жана бийик тоолуу пульмонологиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Көп жылдар бою КР Саламаттык сактоо министрлигинде башкы пульмонологдун кызматын аткарган. Бримкулов Нурлан Нургазиевичтин илимий иши бронх астмасы менен жана Чернобль авариясында жапа чеккен ооруларды бийик тоолуу шартта реабилитациалоону бийик тоолуу шартта климаттык дарылоо методикасын, респиратордук оорулардын жашоо сапатынын проблемаларын жана окутуу программаларын даярдаган. Ал 350дөн ашык илимий иштерди, анын ичинде «Балдардын бронх астмасы» монографиясын, фельдшерлер, мед.айымдар жана дарыгерлер үчүн дем алуу органдар оорулары боюнча колдонмо, «Ички органдар пропедевтикасы» окуу пособиясын, жана «Тактоочу медициналык практикасы» ж.б. басып чыгарган. Бримкулов Нурлан Нургазиевичтин жетекчилиги астында 8 кандидаттык жана 2 докторлук диссертация жакталган.

2017-жылдын 3-февралынан баштап И.К.Ахунбаев атындагы КММА үй – бүлөлүк медицина кафедрасы түзүлүп, профессор Бримкулов Н.Н. кафедра башчы болуп дайындалгандыгы үчүн  госпиталдык терапия, профпатология жана кан оорулары курсу кафедрасына жетекчи болуп м.и.д. Маматов Сагыналы Мурзаевич дайындалды. Ал КММА бүтүрүучүсү жана ушул кафедрадан клиникалык ординатурадан баштап медицина илимдеринин докторлугуна чейин жеткен. Ал 100дөн ашык илимий иштерди, анын ичинде «Нормалдуу жана патологиялык гемопоэздин апаптозу» монографиясын, «Апластикалык анемия жана тоолуу климат» монографиясынын бөлүмүн, «ВИЧ инфекция/СПИД» окуу пособиясын КР илим жана окуу министрлигинин грифинин астында чыгарган. Анын жетекчилиги менен 8 кандидаттык диссертация жакталган.

Кафедра кызматкерлери