- 0 (312) 46-79-46
- Бишкек ш., Тоголок Молдо көч.1

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Кызматы:
- Кафедра башчысы

- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент
Кыргызстандагы анестезиолог жана реаниматологдорду даярдоо ишинде 1969-жылдагы КММИнын жалпы хирургия кафедрасынын курамындагы анестезиология жана реаниматологиянын доценттик курсун түзүү неизги мааниге ээ болгон, биринчи жетекчиси Кыргыз ССРнин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттык эмес башкы адиси, анестезиология-реаниматология боюнча медицина илиминин кандидаты М. Г. Фингер болгон. 1973-жылы КММИнин факультетинде дарыгерлердин ишин жакшыртуу үчүн анестезиология жана реаниматология боюнча доценттик курс уюшулган (башчысы доц. М.Г. Фингер), бул жактан республиканын анестезиолог-реаниматолог дарыгерлери адистиктен өтүшкөн жана квалификациясын жогорулатышкан. 1976-жылы анестезиология-реаниматология курсу жалпы хирургия кафедрасынын курамынан бөлүнгөн. (башчысы доц. М. Г. Фингер, асс. А. А. Шерова, А. Ш. Шаршеев, Ш.О.Абдурахманова ж.б. болгон). 1987-жылы КММИнин анестезиология жана реаниматология курсу кафедрасы болуп өзгөргөн, 1989-жылы М.Г.Фингерге профессор наамы ыйгарылган. 1991-1997-жылдары кафедраны доцент А.Ш. Шаршеев башкарган.
1997-жылы КММА анестезиология жана реаниматология боюнча доценттик курсу кеңейтилгенине байланыштуу жалпы хирургия кафедрасынын курамына кирген. 1999-жылдын 1-сентябрында КММИнын Усулдукту жогорулатуу базасында анестезиология жана реаниматология кафедрасы түзүлгөн. Кафедранын башчысы болуп м.и.д., профессор Ж.Б.Бошкоев дайындалган.
И.К Ахунбаев атындагы КММАнын пропедевтикалык хирургия анестезиология курсу менен кафедрасы 2015-2017-жылдары түзүлгөн. Кафедранын башчысы болуп м.и.д., профессор А.С Бейшеналиев дайындалган.
2017-жылдын 26-майында курс пропедевтикалык хирургия кафедрасынан бөлүнүп, Анестезиология кафедрасы жана ИТ дипломго чейин жана дипломдон кийин болуп өзгөргөн, кафедранын башчысы болуп м.и.к., доцент Чынгышова Жамиля Амановна дайындалган.
Кызматкерлердин саны: 24
негизги кызматкерлер - 8;
эки кызматта иштегендер - 16.
- кафедра башчысы – м.и.к. Чынгышова Жамиля Амановна
- кафедранын окуу бөлүмүнүн башчысы – Турдиев Улан Мудунович, ассистент.
- клиникалык ординаторлор кафедрасынын улук окутуучусу – Турдушева Динара Коношевна, ассистент.
- 4. илимий жана клиникалык иштер боюнча улук окутуучу – м.и.к, ассистент Толбашиева Гульджан Усеновна.
- Профком - Апиева Элиза Иманкадыровна, ассистент.
Ассистенттер-4
- Турдушева Д.К.
- Турдиев У.М.
- Щевчук О.И.
- Апиева Э.И.
Лаборанттар- 2
- Туратбекова А.Т - башкы лаборант
- Гайназарова М.А – кенже жардамчы
Окутуучулар:
- м.и.д.. Искаков М.Б
- м.и.к. Беков М.Ж
- м.и.к. Саткеева А.Ж
- Болотов К.А
- Мамбетсеитова Г.Б
- Тикибаев Т.Т
- Кийизбаева Л.Э
- Чолпонбаева Н.С
- Ташибекова З.С
- Деркембаева Ж.С
- Аширова З.Т
- Аминов Ш.Р
- Рахманкулов М.З
- Исаев С.С
- Денисова П.В
- Таштанбаев К.Т

Анестезиология, реаниматология, тез жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү тармагындагы заманбап билим берүү эл аралык стандартка ылайык келген көлөмдө теориялык негиздерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнү камсыз кылат.
Бул үчүн:
- билим берүүнүн жыйынтыгын жана максатын аныктоодо студенттерге жардам берүү;
- студенттерди ар түрдүү ыкмаларды, жолдорду колдонуу менен ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө катыштыруу жана аларга керектүү ыкмаларды колдонуу үчүн маалыматтарды вербалдык жана вербалдык эмес жолдор аркылуу берүү;
- илимий ийримдерди уюштуруу жана башкаруу, ишмердиктин ар кандай түрлөрүндө студенттер тарабынан көрсөтүлгөн эксперттик компотенцияларын кабылдоо жана аларды тесттердин жардамы менен баалоо;
- катышуучулар талкууланып жаткан долбоорго өздөрүнүн ойлорун, суроолорун жана көз караштарын айта ала тургандай абалды түзүү.
Студенттердин илимий-изилдөө иштери жогорку окуу жайдын окуу процессинде бирден-бир маанилүү форма болуп саналат. Билим берүү прцессине ИОИП киргизүү окуу процессинин мүнөзүн толугу менен өзгөртөт. ИОИП окутулуп жаткан дисциплиналар боюнча билимдин тереңдешине, келечектеги адистердин илимий эрудициясынын кеңейишине, чыгармачыл ой жүгүртүүсүнө шарт түзөт. КММАнын анестезиология кафедрасынын ИОИП илимий көйгөйлүү маселелерди карап чыгат, студенттик илимий конференцияларда, илимий иштердин конкурстарында катышат.
1) Хирургияда, акушерликте, педиатрияда анестезиология, реаниматология, тез жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди (студенттерди, ординаторлорду, интерндерди жана аспиранттарды) даярдоо.
2) Анестезиология-реаниматология жана интенсивдүү терапияга жаңы технологияларды жана негиздерди киргизүү;
3) Илимий изилдөөлөрдү камсыздоо, илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен билим берүүнүн ыкмаларын жакшыртуу.«Боор, бөйрөк, калкан бези, ЖБХдагы жана кан тамыр хирургиясындагы анестезиологиялык жардамдардын өзгөчөлүктөрү.
- «Операциядан кийинки ооруу»
- «Операция алдындагы даярдык»
- «Ар кандай кырдаалдагы хирургиялык , акушердик иш-аракеттерде жана сепсисте оорутпоо ыкмаларын оптималдаштыруу».
- «Сепсистик жана педиатриялык оорулуулардын баш-сөөк оор жараатарында ӨЖЖ (өпкөнү жасалма желдетүү) ыкмаларын оптималдаштыруу». Анестезиология, реаниматология жана интенсивдүү терапия Патриса Лумумбы атындагы Элдердин достугу институтунун анестезиология-реаниматология кафедралары Россия медициналык академиясынын дипломдон кийинки билим берүү анестезиология-реаниматология кафедрасы менен ар дайым байланышта болуп турат. Казахстан Республикасынын анестезиология-реаниматология кафедралары менен тактап айтканда А.Н. Сызганов атындагы Хирургиянын улуттук илимий борбору менен, ошондой эле Казахстандын Анестезиолог-реаниматологдорунун федерациясы менен тыгыз байланышта иштешет.
- Анестезиология жана интенсивдүү терапия дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү боюнча 2017-жылдын 16-октябрында Анестезиолог жана реаниматологдордун эл аралык күнүнө арналган конференция өткөрүшкөн. Конференцияда студенттер жана 1-2-жылдагы ординаторлор активдүү катышкан.
