
- Лицензия:
- LD170000297


- Кызматы:
- Катчы
Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын 23-декабрь 1997-жылдагы чечимин ишке ашыруу максатында "республиканын медициналык окуу жайларында билим берүүнү реформалоонун жүрүшү жөнүндө" акт 15-2 протоколу академиянын алдында медайымдык иш кафедрасы менен медайымдык иш борбору түзүлгөн. Борбордун түзүлүшү эл аралык стандарттарды колдонуу менен жаңы типтеги медайымдарды даярдоонун зарылдыгы менен шартталган. Борбор кийин медайымдык иш институту, 2007 - жылдан баштап Жогорку медайымдык билим берүү факультети болуп өзгөртүлгөн.
Медайымдар бөлүмү
Академиянын алдындагы медайымдар кафедрасы 1998-жылы уюштурулган (кийин медайымдар институту, 2007-жылдан баштап Жогорку медайымдык билим берүү факультети деп аталып калган). Кафедранын түзүлүшү эл аралык стандарттарды колдонуу менен жаңы типтеги медайымдарды даярдоонун зарылдыгы менен шартталган.
Кафедра "медайымдык иш" адистиги боюнча медициналык кадрларды даярдайт жана аяктагандан кийин "медайымдык иш менеджери. Окутуучу" квалификациялык даражасы ыйгарылат. 2002-жылы 32 адамдан турган жогорку медайымдык билими бар адистердин биринчи бүтүрүүчүсү болгон.
Гостко ылайык кафедрада бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо негизги багыттарды аныктаган дисциплиналар окутулат: орто медициналык билим берүү мекемелериндеги медайымдардын окутуучулары жана бардык деңгээлдеги медайымдардын кызматтарынын жетекчилери. Кафедрада жогорку квалификациялуу адистер иштешет.
Факультеттин бүтүрүүчүлөрү ар кандай мекемелерде эмгектенишет:
КР Саламаттык сактоо министрлиги;
Ден-соолукту өнүктүрүү борбору;
Республикалык ден-соолукту бекемдөө борбору;
Шаардык ден-соолукту чыңдоо борбору;
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
КММАнын медициналык борбору;
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту;
Кыргыз Республикасынын медициналык колледждери;
БНИЦТО, УЦО, ГПЦ Ж. Б. ЛПУ;
Бишкек шаарындагы жеке стоматологиялык борборлор;
ҮМБ, ҮДТ жана башка ЛПУЛАР Бишкек шаарынын башкы медайымдарынын жана улук медайым кызматтарында;
Алыскы чет өлкөлөр (АКШ ж.б. өлкөлөр);
КМШ өлкөлөрү.
2004-жылдан 2010-жылга чейин "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.к., доцент Какеева Айгүл Аскаровна болгон.
2010-2011-жылдары факультеттин деканы м.и.д., профессор Бакасов Сталбек Сабдракунович болгон.
2011-2015-жылдары "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.д., профессор Абылов Болот Арипович болгон.
2015-2016-жылдары "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.к., доцент Мусуркулова Бүбалима Авлабековна болгон.
2016-2017-жылдары "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.к. Мамбетова Мадина Кубанычбековна болгон.
2017-2023-жылдары "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.д., профессор Шаршембиев Жолдош Асангазиевич болгон.
2022-2023-жылдары "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.к. Терехова Оксана Игоревна болгон.
2023-2025-жылдары "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы Богомолец Ксения Юрьевна болгон.
Учурда "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы Кулукеева Аделайым Турдукуловна.
Факультет квалификациялуу педагогикалык жана башкаруу адистерин, кесиптик компетентүүлүгүнө ээ болгон бейтаптарды кароодо жана эффективдүү башкаруу ишмердүүлүгүндө, ресурстарды рационалдуу пайдаланууда жана түркүн профильдеги ДПМ кызматкерлеринин уюштуруу иштерин так аткаруу боюнча даярдайт.
2002-жылы жогорку медициналык билим менен 32 алгачкы бүтүрүүчүлөр чыгарылган. Азыркы учурда Жогорку медайымдык билим берүү факультетинде 233 стедент билим алышууда. Жогорку медайымдык билим берүү факультетинин кызматкерлери –бул жогорку профессионалдуу билимдүү адистердин, алардын ичинде медайымдык иш алкагындагы менеджерлердин бир командасы.

Милдеттери: Квалификациялуу медайымдарды даярдоо жаңы типтеги – медайымдык иш менеджерлерин даярдоо. Медайымдарды окутууда медициналык билим берүүдө эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жаңы технологиялардын жана медайымдык практиканын далилдүү принциптерин киргизүү. Окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү. Медайымдарды окутуунун жүрүшүнө “Кыргыз Республикасындагы медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясы” жобосун киргизүү.

Илимий изилдөөлөрдүн багыттары:
Кыргызстандагы медайымдык иштердин азыркы абалы, алардын жогорку эффективдүүлүккө жетишүү жолдору жана калкка болгон медайым жардамынын учурдагы социалдык-экономикалык шарттаргы сапаты.
Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнө төмөндөгү квалификациялар ыйгарылат: медайымдык иш менеджери, медайымдык иш окутуучусу.
Окуу мөөнөтү: 5 жыл
Окутуунун түрү: бюджеттик жана контракттык, күндүзгү
4 курстун студенти Даутова Индира академиялык, илимий жана уюштуруучулук иш-аракеттерди активдүү айкалыштырат. Ал факультеттин мед айымдар кенешинин төрайымы жана ошондой эле айымдар Nurse Club клубунун старостасы.





5 курстун студенти Маженова Альфия- эң жакшы окуйт жана факультеттин активисти.






