Чет өлкөлүк жарандар үчүн виза жана каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк студенттер билим алуу максатында студенттик виза алышы зарыл. Окуу визасы 1 жылга берилет жана жыл сайын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы им. И.К. Ахунбаеванын паспорттук-визалык бөлүмүндө узартылат.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режим каралган. Алар белгиленген мөөнөт ичинде Кыргызстанга визасыз кире алышат. Бул учурда жарандар өлкөгө киргенде паспортко тиешелүү штамп коюлат.
Бирок визасыз мөөнөт аяктагандан кийин чет өлкөлүк студенттер милдеттүү түрдө виза алып, каттоодон өтүшү керек.
| Мамлекет | Срок | Мамлекет | Срок |
| Австралия | 60 кун | Новая Зеландия | 60 кун |
| Австрия | 60 кун | Норвегия | 60 кун |
| Бельгия | 60 кун | Объединенные Арабские Эмираты | 60 кун |
| Босния и Герцеговина | 60 кун | Монако | 60 кун |
| Ватикан | 60 кун | Польша | 60 кун |
| Соединенное Королевство Великобритании и Северной Ирландии | 60 кун | Португалия | 60 кун |
| Венгрия | 60 кун | Саудовская Аравия | 60 кун |
| Германия | 60 кун | Сингапур | 60 кун |
| Нидерланды | 60 кун | Словакия | 60 кун |
| Греция | 60 кун | Словения | 60 кун |
| Дания | 60 кун | Соединенные Штаты Америки | 60 кун |
| Исландия | 60 кун | Финляндия | 60 кун |
| Ирландия | 60 кун | Франция | 60 кун |
| Испания | 60 кун | Хорватия | 60 кун |
| Италия | 60 кун | Чешская Республика | 60 кун |
| Канада | 60 кун | Швейцария | 60 кун |
| Республика Корея | 60 кун | Швеция | 60 кун |
| Кувейт | 60 кун | Эстония | 60 кун |
| Латвия | 60 кун | Катар | 60 кун |
| Литва | 60 кун | Бруней Дар-эс-Салам | 60 кун |
| Лихтенштейн | 60 кун | Бахрейн | 60 кун |
| Люксембург | 60 кун | Япония | 60 кун |
| Мальта | 60 кун | 60 кун |
Виза алуу үчүн талап кылынган документтер:
– жарактуу паспорт (түп нускасы);
– кабыл алуучу университеттин расмий өтүнүчү (эл аралык байланыштар бөлүмүнөн же факультеттен);
– КГМА менен студенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– 2 нускада толтурулган визалык анкета (сүрөт менен);
– окуган жери боюнча маалымкат.
Виза жана каттоо маселелери боюнча КГМА паспорттук-визалык бөлүмүне (башкы корпус, 1-кабат, №109 кабинет) кайрылуу зарыл.
Телефон: +996 312 565975
E-mail: [email protected]
Ден соолук жана камсыздандыруу
КГМАнын студенттери эл аралык мобилдүүлүк программаларына катышууда каалаган улуттук камсыздандыруу компаниясынан медициналык камсыздандыруу полисин ала алышат. Бул полис чет өлкөдө медициналык кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Камсыздандыруу сертификатын алуу тартиби:
– камсыздандыруу компаниясын тандоо;
– шарттарын жана артыкчылыктарын изилдөө;
– арыз толтуруу жана келишим түзүү;
– төлөм жүргүзүү.
Сертификат адатта 2 күндүн ичинде берилет. Аны дайыма өз менен алып жүрүү сунушталат.
Камсыздандыруунун баасы жаш куракка, сапардын максатына, мөөнөтүнө жана аймагына жараша аныкталат. Полис эң көп дегенде 1 жылга берилет жана үчүнчү жактарга жайылтылбайт.
Чет өлкөлүк студенттер да милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин тариздеши керек. Эгер студентте эл аралык камсыздандыруу болсо, ал жарактуу болуп эсептелет. Болбосо, Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялары аркылуу жеке полис алууга тийиш.
Келгенден кийин 5 күндүн ичинде камсыздандыруу келишими түзүлүшү зарыл.
Байланыш:
Эл аралык байланыштар бөлүмү
Тел.: +996 312 545859
E-mail: [email protected]
Эл аралык мобилдүүлүк программаларынын алкагында жайгаштыруу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы им. И.К. Ахунбаева чет өлкөлүк студенттерди өзүнүн жатаканаларында жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Академиянын 6 жатаканасы бар: 4ү башкы кампустун аймагында, 2си анын жанында жайгашкан. Чет өлкөлүк студенттер үчүн негизинен №8 жатакана каралган.
Мындан тышкары, студенттер батир же башка турак жайды өз алдынча ижарага алууга укуктуу. Бул учурда турак жайды табуу жана төлөө милдети студенттин өзүнө жүктөлөт.
Кыргызстан көп улуттуу жана көп маданияттуу өлкө болуп саналат. Маданий алмашууну өнүктүрүү максатында, КГМА чет өлкөлүк студенттер үчүн жергиликтүү үй-бүлөлөрдө жашоо мүмкүнчүлүгүн да сунуштай алат.