Байланыш маалыматы
- 0 (312) 66 51 95
- Тоголок-Молдо, 1а.

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Кафедра башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Окуу болумунун башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент
1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ачылышы Кыргызстандагы илимдин дээрлик бардык тармактарында эбегейсиз чоң роль ойногон. Оториноларингология кафедрасы да алгачкы катарлардан болуп уюштурулган (1941-ж.). Анын түптөлгөн мезгили Улуу Ата Мекендик согушка туш келген. Илимдин эмгек сиңирген ишмери А.Л. Брудный биринчи кафедра башчысы болгон. 1959-жылдан 1976-жылга чейин кафедра башчысы кызматында
Ю.Д.Василенко эмгектенген. Анын ысымы республиканын клиникаларында ишке ашырылган масштабдуу хирургия менен байланыштуу. 1976-жылдан 1977-жылга чейин кафедраны доцент М.Х.Ибрагимов жетектеген. Ал жаш адистерди даярдоого чоң көңүл бурган. Анын ЛОР-онкология боюнча эмгектери калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө чоң роль ойногон. 1977-жылдан 1997-жылга чейин кафедра башчысы кызматын профессор, КРнын эмгек сиңирген дарыгери Г.А. Фейгин аркалаган.
1997-жылдан бери кафедраны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, м.и.д., профессор В.А.Насыров жетектеп келе жатат. Бөлүмдө 2 медицина илимдеринин доктору, 4 доцент; 11 медицина илимдеринин кандидаты иштейт. Кафедра кызматкерлери медициналык, диагностикалык, илимий-педагогикалык жанаусулдук иштерди ийгиликтүү жүргүзүп жатышат.
Учурда кафедранын курамына төмөнкү кызматкерлер кирет: кафедра башчысы, м.и.д., профессор Насыров В.А., м.и.д., кафедра профессору Кадыров М.М., доцент, м.и.к. Исламов И.М., доцент, м.и.к. Арзыкулова Г.С., доцент, м.и.к. Закиров Т.М., доцент, м.и.к. Жолдошова Ч.А., ассистенттер: м.и.к. Нарматова К.К., м.и.к. Беднякова Н.Н., Кулиева Э.С., м.и.к. Нуркеев Н.Б., м.и.к. Буваев Ш.И., ассистенттер Беделбаев С.А. жана Солодченко Н.В.
Кыргызстанда КММАнын Лор-оору бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан КММАнын Медициналык борборунун Хирургия бөлүмүнүн базасында эндоскопиялык риносинус хирургиясы клиникалык практикага 2006-жылы киргизилген.
2006-жылдын март айынан баштап, ЛОР патологиясы менен ооруган (өнөкөт гипертрофиялык ринит, вазомотордук ринит, мурун өтмөктөрүнүн кыйшыктыгы, риносинусит полипозу, аденоиддик вегетациялар, өнөкөт дакриоцистит, параназалдык синус ооруларынын өнөкөт оорулары ж.б.) көптөгөн адамдарга жаңы техниканын жана технологиянын жардамы операция жасалды.
Акыркы жылдары биздин кызматкерлер жыл сайын өтүүчү Эл аралык Оториноларингология Академиясынын "Баш жана моюн хирургиясы" илимий конференциясында Кыргызстандын оториноларингологиясынын атынан чыгышты. Биздин кафедра кызматкерлери Казакстан, Өзбекстан, Украина, Россия, АКШ, Словакия, Польша, Румыния, Индия, Австрия жана башка өлкөлөрдө илимий докладдарды жасап келе жатышат. Өлкө ичинде кафедранын демилгеси менен илимий форумдар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, Кыргызстандын оториноларингологдорунун дагы, чет өлкөлүк кесиптештеринин дагы кызыгуусун жана катышуусун пайда кылды.
Профессор В.А.Насыров кафедраны жетектеп турганда 22 кандидатты жана 2 илимдин докторун даярдады. Акыркы 4 жылдын ичинде кафедра кызматкерлери 6 монография, 8 кыргыз тилиндеги, 2 КММАнын чет элдик студенттери үчүн англис тилинде, 2 орус тилинде усулдук колдонмолорду чыгарышты; 5 автордук күбөлүк алынды. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө 50дөн ашык илимий эмгектерди жарыяланган.
Кафедрада "Коко", "Кулак", "Мурун", "Кулкун" тематикалык окуу бөлмөлөрү кырдаалдык маселелерди чечүү үчүн электрлештирилген стенд менен камсыздандырылган. КММАнын дарылоо-диагностикалык борбору окуу бөлмөлөрү жана аудио кабинет менен жабдылган. Кафедранын окуу иштеринде ТКО каражаттар колдонулат: диафаноскоп, ситуациялык тапшырмалар берилген электрлештирилген стенддер, кодоскоп, эзофагоскоп, ЛОР аспабы. Лекцияларда слайддар, тематикага ылайык оорулуулар сүрөтү көрсөтүлөт. Практикалык сабактарда плакаттар, муляждар, слайддар, көрсөтмө куралдар, таблицалар колдонулат. ЛОР органдарынын ооруларын изилдөөдө тематикалык бейтаптар сөзсүз түрдө көрсөтүлөт. ЛОР органдарын текшерүүнүн, бейтаптарды амбулаториялык кабыл алуунун инструменталдык ыкмаларын иштеп чыгууга көп көңүл бурулат. Кафедранын негизги илимий темалары: ЛОР-онкология; ЛОР органдарынын сезгенүү жана аллергиялык оорулары; оториноларингологиядагы биоэтика жана деонтология.