КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайы
Байланыш маалыматы:
  • [email protected]
  • +996 (312) 56 02 17
  • И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайы 720020. Бишкек шаары. Ахунбаев көч. 92б
Асанбекова Назгуль Муктарбековна
Асанбекова Назгуль Муктарбековна
Кызматы:
Мүдүрү
  • [email protected]
  • +996 (312) 56 02 17
  • И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайы 720020. Бишкек шаары. Ахунбаев көч. 92б
Жумалиева Акимжан Мыктыбековна
Жумалиева Акимжан Мыктыбековна
Кызматы:
Адис
Тойтиева Назгул Муратбековна
Тойтиева Назгул Муратбековна
Кызматы:
Инструктор-тарбиячы
Кыскача тарыхы

1999 –жылдын 29 июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда “Майыптарды колдоо жөнүндө Улуттук программаны бекитүү” жана Кыргыз Республикасынын “ Азистер жана дүлөйлөр коомунун” торагасынын жолдомосунун, КММАнын ректорунун макулдугу менен көрүүсү боюнча майыптарды максаттуу колдоо боюнча И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайында “Сестралык иш”- массажист бөлүмү, адистиги: массажист 1жыл 10 ай окутуу мөөнөтү менен (окуу формасы бюджеттик) ачылган.

КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын дареги: Советская көчөсү 92.

2001- жылы биринчи кабыл алуу болуп , “Азистер жана дүлөйлөр коомунун” мүчөлөрүнөн 16 студент түзгөн. Кийинки жылдары 10 бюджеттик орун бөлүнүп берилип турган. Биринчи бүтүрүчүлөрдү окутуп чыгаруу 2003- жылы болуп, жалпы саны 16 бүтүрүчүүнү түзгөн.

1998- жылдан баштап 2005- жылга чейинки мезгилде медициналык орто окуу жайынын мүдүрүнүн милдеттерин аткаргандар: Т.А.Шаханова, Н.Э.Уметалиева, М.М.Макешова, 2005-2017 –жылдары Т.О.Маатов, 2017-жылдан баштап –Н.М.Асанбекова.

Медициналык орто окуу жайынын директору Уметалиева Н.Э. 2000ж.

Медициналык орто окуу жайынын директору Макешова М.А. 2002-2003ж.

Медициналык орто окуу жайынын директору КР нын И ж-а ББ М нин отличниги, КР нын СС М нин отличниги, КР нын СС М нин эмгек синирген кызматкери, м.и.к  Маатов. Т.О. 2005-2017ж.

Жалпы маалымат

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын миссиясы:

“Көрүүсү боюнча майыптардын социалдык абалын жана денгээлин жогорулатуу, аларды окутуу, интелектуалдык, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү” болуп эсептелинет.

Баардыгы -24 сабак.Ар бир сабакка окуу программалары , ОМК жана силабусстар иштелип чыккан.

Программалар, студенттер өздөштүрө ала турган билим жана практикалык көндүмдөрдүн тизмесинен турат. Кээ бир бөлүмдөрдү жана темаларды тапшырууга билимди баалоо үчүн учурдагы көзөмөлдөө , ал эми курстун аягында –мамлекеттик экзамен каралган.

Студенттердин окуу программасын кабыл алуусун баалоо- 5(эң жакшы), 4(жакшы), 3 (канааттандырарлык), 2 (канааттандырарлык эмес) деген баалар менен КММАнын алдындагы МУ нун орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун жобосуна ылайык бааланат. Беш балддык билимди баалоо системасы колдонулат.

Лекцияларды жана практикалык билим берүүнү, КММА нын кафедраларынын мугалимдер жана профессорлордон турган түзүм алып барат.

Бардыгы- 13 мугалим.

И.К.Ахунбаев атындагы медициналык орто окуу жайынын  коллективи

Биринчи семестрден башка окуу семестрлеринин баардыгы окуу-өндүрүштүк тажрыйба менен аяктайт. Өндүрүштүк тажрыйба жөндөмдүү массажисттерди профессионалдык даярдоого багытталган. Толук көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар студенттердин колдору өзгөчө сезимтал болгондуктан, алардын массаж жасоодо эң чоң артыкчылыгын арттырат.

Массаждын техникасы жана ыкмасы сабагынын мугалими Попенко Н.А. сабак учурунда

Окуу-өндүрүштүк тажрыйба окуу процессинин негизги бөлүгү болуп эсептелет. Толук көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар студенттерди массаж жасоого үйрөтүүдө, мугалим ар бир студентти өз алдынча, өзүнүн колу менен студенттин колун кармап үйрөтүү ыкмаларын колдонот. КММАнын алдындагы Медициналык орто окуу жайынын окуу- методикалык китептер менен толук камсыз болгон.

И.K. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайына абитуриенттер республиканын бардык аймактарынан келишет. И.K. Ахунбаев атындагы КММА көзү начар көргөн студенттерге толук кандуу окуу процессин уюштуруу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын камсыз кылуу үчүн көп күч-аракеттерди жумшайт. Бардык муктаж болгон студенттерге жатаканада жеңилдетилген шарттарда жашоого мүмкүнчүлүк берилет, студенттер стипендия менен камсыз болушуп, КММАнын медициналык борборунда медициналык жардам алышат. КММАнын жетекчилиги, КММАнын кызматкерлери, студенттер өзүлөрүн академиянын толук кандуу мүчөлөрү катары сезишет.

Жыл сайын 3-4 бүтүрүүчү бүтүрүүчүлөрдүн арасынан артыкчылык диплому менен окууну аякташат.И.K. Ахунбаев атындагы КММАнын администрациясы жана эл аралык мамилелер бөлүмү менен макулдашуу боюнча 2003-2008-жылдары төрт жыл бою Япониядан келген волонтерлор студенттер менен чогуу окушкан. Алар биздин студенттерге Японияда колдонулган чыгыш массажынын техникасын үйрөнүүгө жардам беришти.

2005-2007-жылдары Рейна Мурат ыктыярчы болуп иштеген, 2007-2008-жылдары Шин Ити Сайто иштеген. Алар чыгыш массажын гана эмес, каалоочуларга жапон тилинен да сабак

беришип, студенттерди Япониянын тарыхы, маданияты, жашоо образы жана географиясы менен тааныштырышты.

2012-жылдан бери И.K. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын студенттери жапон тилин үйрөнүп келишкен жана тандоонун натыйжасында I-топтогу майып студент Жоробекова Ширин калган. Япониялык Уэкуса (UEKUSA) ыктыярчысынын көзөмөлү астында Ширин бир жыл бою жапон тилин үйрөнүп, Токио шаарындагы (IAYI) көзү начар көргөн эл аралык ассоциацияга 2013-жылы катышып, Жапонияда билим алууга мүмкүнчүлүк алган.

Ширин 6 ай бою жапон тилин терең изилдеп, андан кийин сокурлар үчүн мектепте 3 жылдык терапиянын үч түрү боюнча: массаж, акупунктура (акупунктура) боюнча негизги билимин аяктаган. Окууну аяктагандан кийин, студент КММАга кайтып келип, эки жыл бою (2017-2018-2019 окуу жылы) КММАнын студенттерине жапон тилин үйрөтүүгө ыктыярдуу катышты.

Ушул жылдар аралыгында 153 бүтүрүүчү “Массажист” дипломун алышты. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз адистиги боюнча иштешет.

И.K. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын студенттери ар кандай ички жана эл аралык долбоорлорго катышат. 2013-жылдын жазында, КММАнын I-топтогу майып студенттери Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Брайл тамгасы” каржылык колдоосу менен “Бирдей мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнүн ачкычы” деген темада Кыргыз Республикасынын эл аралык долбооруна катышышты.

Медициналык орто окуу жайынын студенттери таланттуу. Алар окуудан тышкары искусство менен алектенишет: ырдайт, гитарада, комузда ойношот.

КММАдагы медициналык орто окуу жайынын студенттери спорт менен да алектенишет. Чуркоо эл аралык марафонуна катышкан студенттер (Экиден) Шаршеналиев Ж.-2012-ж. (10 км) жана 1-курстун студенти Б. Мирзамамытов 21 км аралыкта жарышта байгелүү болушту. КММАнын МУ студенти Мусабаева Ж. Ден соолугунун

мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын арасында шахмат боюнча чемпионатына катышып, үчүнчү орунду ээледи.

Электрондук китепкана аудио китептер, Брайл арибиндеги китептер менен толук камсыздалган, студенттер үн жазгычтар, таякчалар менен камсыздалган.

Жалпы жонунан, 2019-2020 окуу жылына карата КММАда 19 студент окуйт.

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору Кудайбергенова И.О. КРнын ЖКнин депутаты Бекешов Д.Д. менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д. Бекешевдин КММАнын жетекчилиги менен жолугушуусу: окуу бөлүмүнүн проректору Алымбаев Э.Ш. жана И.К.Ахунбаев атындагы медициналык орто окуу жайынын студенттери менен таанышуусу.

КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору К.Б. Ырысов И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы  медициналык орто окуу жайынын  уюштуруу иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн студенттерге грамоталарды тапшыруу аземинде.

“Run the Silk Road” эл аралык марафонуна катышкан студенттер.

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын эл аралык байланыштар бөлүм башчысы менен JICA жапон агнтсвосунун волонтерлорунун координаторлору менен болгон жолугушуусу.

JICA жапон агентствосунун волонтерлорунун координаторлору КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын студенттери менен жолугушуусу.

КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын бутуруучусу Жоробекова Ширин Токио шаарындагы илимий жетекчиси Hiroshi Kondo. Ph.D. менен.

Жетишкендиктери

«Силоам” азиздер борборунун колдоосу менен бир жолку стипендия алган мыкты жетишкендиктери бар студенттер. Корея Республикасы.

И.К. Ахунбаев атындагы медициналык орто окуу жайынын 2-курсунун студенти Шаршебаев С., инструктор-тарбиячы  Н. Тойтиева "Силоам" корей уюмунун стипендиясын тапшыруу аземинде.

И.К. Ахунбаева атындагы медициналык орто окуу жайынын директору  Асанбекова Н.М. тарабынан ыраазычылык каттын тапшыруу

Медициналык орто окуу жайынын студенти Мусабаева Ж.- майыптар арасындагы шахмат боюнча чемпионаттын катышуучусу, үчүнчү орунга ээ болгон.

"Ден соолугуң өз колуңда" деп аталган Бишкек шаарынын 20-спартакиадасында А.Жапаровдун армрестлинг боюнча студенттик медалы.