Ырысов Кенешбек Бакирбаевич
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- КР УИА корреспондент-мүчөсү
- Кызматы:
- Окуу иштери боюнча проректор
- [email protected]
- 0 (312) 54 58 82
- И.К. Ахунбаева атындагы КММА, Ахунбаева көчөсү- 92
Билими
- 2015-2016-жж. «Жаш лидерлер» программасы. «Саламаттыкты сактоодогу башкаруу» багыты боюнча тажрыйбалык такшалма. Темасы: «Хирургическая тактика и техника операций при множественных аневризмах сосудов головного мозга». Япониядагы Нагоя университетинин Илимдин магистри диплому.
- 2005-ж. КР Саламаттыкты сактоонун улуттук хирургиялык борборунда нейрохирургия боюнча «Диагностика и нейрохирургическое лечение вестибулярных шванном (неврином VIII нерва)» деген темада докторлук диссертация. Медицина илимдеринин доктору диплому.
- 2001-2003-жж. «XXI кылымдын кадрлары» программасынын алкагында ГФР Ганновер шаарынын университетинде нейрохирургиялык клиникадагы илимий изилдөөлөрү жана тажрыйбалык такшалмадан өткөндүгү тууралуу диплому.
- 2000-ж. КР Саламаттыкты сактоонун улуттук хирургиялык борборунда нейрохирургия боюнча «Особенности нейрохирургического лечения осложненных форм грыж поясничных межпозвонковых дисков» деген темада кандидаттык диссертациясы. Медицина илимдеринин кандидаты диплому.
- 1992-1993-жж. Жалал-Абад шаарында КММАнын жалпы хирургиясы боюнча адистик интернатурадан өткөндүгү тууралуу диплому.
Ишмердүүлүгү
- 2017-ж. – бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы И.К.Ахунбаев атындагы КММА мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.
- 2008г. – бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы И.К.Ахунбаев атындагы КММА дипломго чейинки жана дипломдон кийинки нейрохирургиялык билим берүү кафедрасынын профессору.
- 2008–2011-жж. И. К. Ахунбаев атындагы КММА илимий иштер жана клиникалык окутуу боюнча проректору.
- 2003–2008-жж. И. К. Ахунбаев атындагы КММА дипломго чейинки жана дипломдон кийинки нейрохирургиялык окутуу кафедрасынын доценти.
- 2001–2003-жж. «XXI кылымдын кадрлары» программасы. ГФР, Ганновер шаарынын университетинин нейрохирургиялык клиникасында такшалган врач-нейрохирург.
- 1994–2001-жж. Бишкек шаардык улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө врач-нейрохирург.
- 1993–1994-жж. Жалал-Абад шаарындагы Жалал-абад областтык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө врач-нейрохирург.
Сыйлыктары
- 1999-2000-жж. Баткен областындагы уюшулган чет элдик кастыктарды жок кылуу жана ага чек коюу боюнча согуштук кыймылдарга катышкандыгы тууралуу № 01161 “Республикалык Баткен согушунун ардагери” күбөлүгү.
- 2001-2003-жж. «XXI кылымдын кадрлары» программасынын президенттик стипендианты, ГФР Ганновер университетинин медициналык жогорку мектебинин нейрохирургиялык клиникасында илимий иштерди жүргүзгөндүгү жана тажрыйбалык такшалуудан өткөндүгү тууралуу диплому.
- 2006-ж. Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин профсоюзунун БК Ардак грамотасы.
- 2007-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси.
- 2010-ж.. «2010-жылдын мыкты хирургу». «Press KG» гезитинин версиясы боюнча.
- 2011-ж. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак райондук Көк-Арт айыл округунун «Ардактуу инсаны».
- 2011-ж. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты боюнча министрликтин Ардак грамотасы .
- 2012-ж. «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги» төш белгиси.
- 2012-ж. «2012-жылдын мыкты хирургу». «Press KG» гезитинин версиясы боюнча.
- 2013-ж. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Сузак районунун «Ардактуу инсаны».
- 2014-ж. Бишкек шаарындагы ГФР Элчилигинин «Ыраазычылык грамотасы» (Dankesurkunde).
- 2015-ж. 1999-2000-жж. Баткен окуясына катышкандыгы үчүн «Кайраттуулук жана эрдиги үчүн» медалы..
- 2016-ж. «2016-жылдын мыкты дарыгери» наамы, «Жетиген» журналынын версиясы боюнча.
Публикциялары
323 илимий иштери, анын ичинде 5 монографиясы, 3 ойлоп табуусу, 50 рационализатордук сунуштары жана 10 окуу-методикалык куралдары бар. Илимий жетекчи катары диплом алган 8 медицина илимдеринин кандидатын даярдаган.