- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Кафедранын башчысы
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Кафедранын профессору
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Травматология №1 КБ СМП бөлүмүнүн башчысы
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Травматология №2 КБ СМП бөлүмүнүн башчысы
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Башкы дарыгер КБ СМП
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Травматология №4 КБ СМП бөлүмүнүн башчысы
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Омурткалар патологиялар болумунун башчысы КБ СМП
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Должность:
- Ассистент
- Кызматы:
- Бөлүмдүн илимий кызматкери
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Бөлүмдүн илимий кызматкери
- Должность:
- ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
Кафедра 1959 жылдын сентябрында түзүлгѳн . Биринчи кафедра башчысы медицина илимдеринин доктору, профессор Лабок Д.М. болгон(1959-1962 гг.). 1962 жылдын мартынан 1963 жылдын июнуна чейин кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп доцент Студенцова Наталья Константиновна иштеген.
1963 жылдын июнунда кафедра башчысы кызматына Лев Ефимович Рухман шайланган, ал Улуу ата-мекендик согуштун катышуучусу, Ленинграддагы блокада жылдарында алдыңкы катарда хирург болгон, доктордук диссертациясын чоң муундарды жаракаттанганда жана сезгенгенде артродез жасоо боюнча жактаган.
Л.Е. Рухман Кыргызстанда кадрларды даярдоого зор кѳңүл бурган. Анын жетекчилиги астында 15 врач кандидаттык диссертация жакташкан.
1969 жылдын июнунан 1972 жылдын декабрына чейин. кафедраны мед. илиминин доктору, профессор Ш.А. Алиев башкарган. Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация жакталган.
1971 жылы Кыргыз ССРинин травматолог – ортопеддеринин уставы жана коому түзүлгѳн. Ш.А. Алиев бул коомдун биринчи председатели болгон.
1973 - 1979 жылдары кафедраны мед. илиминин доктору, профессор Ли А.Д. башкарган. Кафедра башчысы мезгилинде А.Д. Ли врачтарды жана кафедра кызматкерлерин Илизаров аппараты менен компрессиондук - дистракциондук остеосинтез ыкмасын үйрѳтүүгѳ кѳп кѳңүл бѳлгѳн.
1979 жылдын августунан 1990 жылдын июлу аралыгында кафедраны мед. илиминин доктору, профессор, илимге эмгек сиңирген ишмер Рожинский Марк Михайлович жетектеген. Анын жетекчилиги астында 14 кандидаттык диссертация жакталган. Рожинский М.М. Республикалык травматолог – ортопеддер коомунун ишине зор кѳңүл бурган, анын жетекчилиги астында республиканын ар кайсы региондорунда « Травматолог күндѳрү» ѳткѳрүлүп турган.
1990 - 2001 жылдары кафедраны мед. илиминин доктору,профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, И.К. Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты Сатынды Кожокматович Кожокматов башкарган. Ал республиканын травматолог-ортопеддер ассоциациясынын президенти, КР саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы травматолог-ортопеди болгон. Анын калеминен 160 тан кѳп илимий эмгектер, 6 монография, студенттер жана врачтар үчүн 11 усулдук сунуштамалар жарык кѳргѳн. 15 ойлоп табуучулук автордук күбѳлүктѳрдүн жана патенттердин жана 18 рационализатордук сунуштардын ээси. Профессор Кожокматов С.К. Кыргызпатенттин грамотасы менен сыйланган, 10 медицина илимдеринин кандидатын жана 1 медицина илимдеринин докторун даярдаган.
2001 жылдан 2015 жылга чейин кафедраны Джумабеков Сабырбек Артисбекович жетектеген, ал –Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, 205 тен кѳп илимий эмгектердин, анын ичинен 30 ойлоп табуучулук жана патенттердин, 25 рационализатордук сунуштардын автору, 20 медицина илидеринин кандидатын даярдаган. 3 доктордук жана 22 кандидаттык диссертация жактоо алдында турат, 3 монографиянын автору.
2015 – 2017 жылдары кафедра башчысы милдетин медицина илимдеринин доктору, профессор, Сулайманов Жаныш Даирович аткарган.
2017 жылдын май айынан баштап кафедраны илимдеринин доктору, профессор Кожакматова Гулия Сатындыевна башкарат. Анын илим-изилдѳѳ иштеринин негизги багыттары болуп кол-буттун октон алган жаракаттарынын кесепеттерин алдын алуу жана дарылоо, кѳптүк жан айкалышкан жаракаттарды дарылоо саналат.
Кожакматова Г. С. 2001 жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык адистикти жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун базасында Кыргызстанда катастрофалар медицинасы кафедрасын түзүүнүн инициатору, мында врачтар гана эмес, аскер кызматкерлери да окушкан. Кафедра түзүлгѳн күндѳн 2017 жылга чейин анын башчысы болгон. 2003 жылы профессор Кожакматова Г. С. нын жетекчилиги астында КР ѳкмѳтүнүн коргонуу жана коопсуздук бѳлүмүнүн колдоосу менен “Ѳзгѳчѳ кырдаалда биринчи медициналык-санитардык жардам” кароо-конкурсу Кыргызстандык бардык күч түзүмдѳрүнүн катышуусунда ѳткѳн. Ал мындай иш-чаралар катастрофалардын кесепеттерин жоюуда, аскердик ведомстволордун даярдык деңгээлин кѳрсѳтѳѳрүн далилдеген. Анын жетекчилиги астында илимдин кандидаты даражасын алуу үчүн 2 диссертация даярдалганг жана жакталган. Азыркы мезгилде илимдин доктору даражасы үчүн бир, жана илимдин кандидаты даражасын алуу эки эмгектин жетекчиси болуп эсептелет., 101 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын, 2 окуу пособиесинин, 4 методикалык рекомендациялардын, 9 автордук күбѳлүктѳрдүн жана ойлоп табуучулук ээси.
Кожакматова Г.С. бир топ жылдар бою УАК тын эксперти, КР хирургиялык коомдор ассоциациясынын катчысы, Афган согушунун ветерандарынын Республикалык союзунун тѳрага орун басары болуп турган. Азыркы мезгилде КР Инженердик Академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын мүчѳ-корреспонденти, КММАнын Окумуштуулар кеңешинин мүчѳсү.
Кытайдын Циан шаарында Кытай травматолог-ортопедтеринин чакыруусу менен 15 чи Кытай травматолог- ортопедтеринин конгрессине ардактуу коногу болуп катышып келдим.
Конгресстин жүрүшүндө Кытай траматолог- ортопедтеринин ассоциясы менен Кыргыз травматолог- ортопедтеринин ассоциасынын ортосунда , илимий ачылыштарды , кадырларды даярдоо, жана тажырба алмашуу багыты боюнча келишимге кол койдук .
Конгресстин аягында сөөк ириндерин жаны технологиянын негизинде дарылоо боюнча резолюция кабыл алынды.
Түрк дүйнөсүнүн травматологдор жана ортопеддеринин 4-конгресси
5-июндан 7-июнга чейин Шератон отелинде Түрк дүйнөсүнүн травматологдор жана ортопеддеринин 4-конгресси өттү. Конгресске 200 ашуун түрк тилдүү делегаттар катышышты: Туркия, Азербайджан, Греция, Казахстан, Кипр, Узбекистан, Босния Герцоговина ж.б., жана Россия Федерациясынын көптөгөн мамлекеттеринен жана аймактарынан, Хакасиядан, Тывадан, Татарстандан ж.б. Конгресс 4 тилде өтүп, 150дөн ашык илимий изилдөөлөр даярдалып, баяндалды!!
Студенттерди,ординаторлорду жана аспиранттарды окутуу
- Чоң кишилердин жана балдардын таяныч-кыймылдаткыч системасынын тубаса жана пайда болгон деформацияларын текшерүү жана дарылоо ыкмаларын ѳздѳштүрүү;
2. Таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын жаракаттары болгон бейтаптарга согуш жана тынчтык мезгилинде, жана да катастрофа болгон учурда медициналык жардам жана адистештирилген дарылоо жардамын кѳрсѳтүүнү ѳздѳштүрүү.
Маселелер:
- Таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын жаракаттары болгон бейтаптарды текшерүүдѳ жана дарылоо ыкмаларын ѳздѳштүрүүнү жакшыртуу үчүн окуу методдорун ѳнүктүрүү.;
- Кафедраны заманбап, жаңы аппаратура менен жабдуу;
- Бейтаптарды текшерүү жана дарылоо үчүн жаңы технологияларды киргизүү..
Таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын кѳптүк жан айкалышкан жаракаттары ;
- Кыргызстандын тоолуу шарттарында травматологиялык жардам уюштуруу кѳйгѳйлѳрүн чечүү;
- Таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын тубаса оорулары
Клиникалык тез жардам ооруканасы
Дареги: Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 206.