Эл аралык байланыштар бөлүмү

Кызматкерлер
Кызматкерлер
Юсупова Турниса Бахирдиновна
Юсупова Турниса Бахирдиновна
Кызматы:
Бѳлүм башчысы
Акылбек кызы Салтанат
Акылбек кызы Салтанат
Кызматы:
Жетектөөчү адис
Калбаева Айша
Калбаева Айша
Кызматы:
Адис
Акжолова Мээрим
Акжолова Мээрим
Кызматы:
Адис
Тагаев Туголбай Жумабекович
Тагаев Туголбай Жумабекович
Кызматы:
Адис
Калилова Гульчехра Борубаевна
Калилова Гульчехра Борубаевна
Кызматы:
Чет элдик жарандардын паспорттук-визасы боюнча иштердин испектору
Орозобекова Эльмира Алыевна
Орозобекова Эльмира Алыевна
Кызматы:
Чет элдик жарандардын паспорттук-визасы боюнча иштердин испектору
Кыскача тарыхы

Эл аралык бѳлүм 1998-жылы КММАнын эл аралык жана инвистициялар боюнча проректору А. А. Айдаралиев  тарабынан түзүлгѳн.  Өнѳктѳштүк байланыштарды түзүүдѳ биринчи кадам 1998-жылы Америкалык Эл Аралык Саламаттыкты Сактоо Биримдиги менен келишим түзүү жасалган.  Невада штатындагы университеттин катышуусу менен 5 багыт аныкталган:

  • Эл аралык саламаттыкты сактоону өнүктүрүү
  • Үй-бүлѳлүк медицинаны өнүктүрүү
  • Медайымдык ишти өнүктүрүү
  • Академиянын илимий-изилдѳѳ потенциалын өнүктүрүү
  • КММАнын ресурстук борборун  өнүктүрүү.

Айдаралиев Арсен Асылбекович – проректор по международным связям и инвестициям, к.ю.н. с 1 сентября 1998 – 29 октября 2004 года.Айдаралиев Арсен Асылбекович –1998-жылдын 1-сетнябрнан баштап,  2004-жылдын 29-октябрна чейин ю.и.к., эл аралык байланыштар жана инвистициялар боюнча проректору болуп иштеген

Башында эл аралык бѳлүмдүн иши эл аралык фонддор, уюмдар менен кызматташууга, ѳнѳктѳш ЖОЖдор менен жаңы технологияларды окуу жана илимий изилдѳѳлѳрдү киргизүү максатында, финансылык каражаттарды тартуу үчүн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырган.

Үч жылдык жумуштун жана эл аралык кызматташуунун  тажрыйбасы бѳлүмдү ѳз алдынча үч түзүм менен иштөөгө алып келген, ар бири  ѳз алдынча КММАнын эл аралык байланыштарын ѳнүктүрүү  багытында иштеп башташкан.

Ошондой эле КММАнын Эл аралык Кызматташуу борбору түзүлгѳн, башкы милдеттери болуп билим берүү кызматынын ишин эл аралык деңгээлге чыгаруу жана чет элдик студенттерди тартуу эсептелген. КММАнын эл аралык бѳлүмү чет элдик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар жана фонддор менен кызматташкан.

Бѳлүм аркылуу, кѳптѳгѳн эл аралык долбоорлор боюнча окуу ыкмаларын, илимий-изилдѳѳлѳрдү жакшыртуу максатында, ЖОЖдорду башкарууну оптималдаштуруу ишке ашырылган.

Үчүнчү түзүмдүк бөлүм-Маалыматтык технологиялар борбору болуп эсептелген. Бул бѳлүмдүн милдети эл аралык маалымат мейкиндигине чыгуу, КММАнын кызматкерлерин заманбап медициналык маалымат менен камыз кылууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Аткарылып жаткан иштер КММАнын эл аралык мамилелерин ѳнүктүрүүдө натыйжалуугун жана КММАнын эл аралык медициналык билим берүү системасына катышуу мүмкүнчүлүгүн  кѳрсөттү.

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн алгачкы кызматкерлери

2008-жылы эл аралык кызматташтык борбору жоюлуп, Эл аралык байланыштарды башкаруу болуп түзүлгөн. 2009-жылы Эл аралык байланыштарды башкаруу Эл аралык байланыштар бөлүмү болуп кайрадан түзүлгөн. И.К. Ахунбаев  атындагы Кыргыз медициналык академиясы 2009-жылдын 22-январындагы №17 буйругуна ылайык Эл аралык байланыштар бөлүмү - И.К. Ахунбаев  атындагы Кыргыз медициналык академиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Жалпы маалымат

Эл аралык мамилелер бөлүмү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн университеттери жана билим берүү мекемелери менен кызматташтык ишин жүргүзөт.

Академия Белоруссия, Испания, Казахстан, Кытай, Россия, Таджикистан, Турция, Өзбекстан, Украина, Түштүк Корея жана башка университеттери менен түздөн-түз келишимдерди жана макулдашууларды түзүү менен кызматташат.

Россия, Казахстан, Турция жана Кытай өлкөлөрүнүн университеттеринин студенттери менен академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча жыл сайын илимий-практикалык конференцияларга, олимпиадаларга катышуу жана өндүрүштүк практикаларды өткөрүү үчүн  активдүү байланыш жүргүзөт.

Алгачкы жолу ЭББ бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракети менен Дарылоо иши факультетинин студенттери  хирургия цикли боюнча Дагестан мамлекеттик медициналык университетинде 2 жумалык мөөнөт менен өндүрүштүк практикадан өтүп келишкен. Мындан сырткары ДИ факултетинин  4-5-курсунун студенттери  Турциянын Эрзинджан шаарындагы Эрзинджан университетинин клиникасында 1 айлык практикадан өтүшкөн. Ал эми окуу жайлардын  окуу программалары алдын ала макулдашылган.

2018-жылы КММА  2019-жылдын аягына  чейин ишке ашырыла турган Испаниянын Жирона университети менен дарт аныктоо иштерин практикалык жол менен көрсөтүү үчүн биргелешкен Эразмус Мундус магистрдик программасы  боюнча Эразмус+КА107 академиялык мобилдүүлүк  программасынын чегинде грант алган.

Женева университетинин медициналык факультети менен кызматташуу аркылуу И.К. Ахунбаев атындагы КММА дипломго чейинки жана дипломдон кийинки окутуу боюнча мамлекеттик билим берүү стандартына жаңы окутууну киргизди.

Дүйнөлүк банктын (WB) колдоосу менен Швейцария бюросу менен кызматташуу боюнча, ошолндой эле Швейцария Элчилиги менен бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Атап айтканда КММАда клиникалык көндүмдөр боюнча окуу борбору жана клиникалык көндүмдөр жана билимди баалоо боюнча борбор ачылган.

КММА Германиянын Академиялык Алмашуу Кызматы (DAAD, Эразмус+, Ачык Медициналык Институт (ЭББ), Эл Аралык Кызыл Крест Коому (ICRC) сыяктуу эл аралык уюмдар жана программалар менен тыгыз байланышта. КММАнын студенттери, ординаторлору жана кызматкерлери үчүн ар түрдүү билим берүү жана илим маселелери боюнча биргелешкен семинарларды өткөрүп турат.

КММА үчүн Эразмус+ “Кыргызстандын саламаттыгын сактоодо биомедициналык инженерия жана аны башкаруу чөйрөсүндө жогорку билим берүүнү өнүктүрүү» долбоору өзгөчө орунду ээлейт. Бул долбоордун негизги максаты – кызыкдар болгон жактардын жабдыктарды башкарууда, колдонууда жана аны сатып алууда көмөктөшүү. ЖОЖдордун ѳнѳктѳштүгүнүн катышуусунда гана биомедициналык инжинеринг  жана медициналык информатика боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу максаты  ишке ашат.

2017-жылы белгиленген долбоордун алкагында КММАда телемедицинага мүмкүнчүлүктөр  жана аралыктан окутуу борбору ачылган. 2018-жылы ушу эле долбоор боюнча биомедициналык инжинерия лабороториясы ачылган.  Академия 2017-жылдан баштап Түштүк Кореянын Кенхи университетинин “ Бишкек шаарындагы конуштардын мектепке чейинки жаш балдарынын ден-соолугун жакшыртуу” долбоорунун алкагында Корея агенттигинин алдындагы KOICA эл аралык кызматташтыгы боюнча тыгыз иштешип келет. Азыркы мааалга чейин долбоорлорду каржылоонун натыйжасындпа кѳптѳгѳн иш-чаралар ѳтүп турат: №12 ҮМБдун медициналык кызматкерлеринин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн жалпы жана Клиникалык эпидемиология жана Педиатрия факультети кафедраларынын окутуучулары тарабынан семинарларын, ал эми Медайымдык иш кафедрасынын окутуучулары жогорку Медайымдык билим берүү факультетинин чон курстары үчүн окутуу курстарын иштеп чыгышкан. Мындан башка белгилеген кафедралар жана Балдар ооруларынын пропедевтикасы кафедрасы мектепке чейинки курактагы балдардын ар кандай кѳйгѳйлѳрү тууралуу үч илимий-изилдѳѳ долбоорлорун ишке ашырып жатышат. Медайымдык иш кафедрасынын бир канча окутуучулары оюнду талдоо боюнча тренингтерге катышып турушат, ал жакта балдардын оюн маалында физикалык жана эмоционалдык абалынын кѳндүмдѳрүнѳ баа берүү окутулат.

Академия медициналык жардам жана билим берүү тармагындагы долбоор боюнча Великобританиянын Лондон шаарындагы GreenShoots Foundations Limited фонду менен биргеликте ѳзүнүн кызматташтыгын баштаган. 2017-жылы «Royal Free Hospital» ооруканасында  2 окутуучу эки жумалык АИЖ-инфекциясын окуу жѳнүндѳ такшалуудан ѳтүшкѳн. КММА Испаниянын Овьедо университетинин Эразмус Мундус прграммасы боюнча “табигый кырсыктарда коомдук саламаттыкты сактоо “ багытында кызматташып келишет. ЖОЖдор ортосунда “Каалоо жөнүндөгү катына” кол коюлган, Анын натыйжасында КММА биригишкен борборлордун тизмесиине киргизилген. КММАнын окутуучулары окута алат жана бүтүрүүчүлѳр бул магистрдик программага тапшыра алат жана биргеликте магистрдик диссертацияны коргой алышат.

Бөлүмдүн ишмердүүлүгү

Эл аралык байланыштар бөлүмү өз ишин төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзөт:
– чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары жана эл аралык уюмдар менен көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү;
– студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү;
– чет өлкөлүк эксперттерди тартуу аркылуу кафедралардын потенциалын жогорулатуу;
– эл аралык катышуусу бар долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу;
– эл аралык иш-чараларга катышуу жана уюмдарга мүчөлүк аркылуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы им. И.К. Ахунбаеванын аброюн жогорулатуу;
– студенттерге жана окутуучуларга маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүү;
– чет өлкөлүк студенттерди жана окутуучуларды виза жана каттоо маселелери боюнча коштоо.

2016-жылдын аягынан тартып академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында студенттердин алмашуусу активдүү жүргүзүлүп, алар илимий-практикалык конференцияларга, олимпиадаларга, кыска мөөнөттүү окууларга катышып, өндүрүштүк практикаларды өтүшүүдө.

2016-жылдын сентябрында Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан Нидерланддар элчилигинын колдоосу менен жогорку окуу жайлардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча долбоор ишке ашырылып, анын алкагында студенттердин университет башкаруусуна катышуусу күчөтүлгөн. Натыйжада бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча коомдук угуу өткөрүлүп, ачыктык принциптери бекемделген.

Бөлүмдүн демилгеси менен “Дарылоо иши” факультетинин студенттери Дагестан мамлекеттик медициналык университетинде эки жумалык практикадан өтүшкөн. Ошондой эле студенттер Эрзинджан университетинин клиникаларында бир айлык практиканы ийгиликтүү аякташкан.

Академия Erasmus+ программасынын КА107 багыты боюнча Жирона университети менен биргеликте грант утуп, медициналык визуалдык диагностика багытында адистердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзгөн.

Женева университети менен кызматташуунун алкагында билим берүүнүн жаңы стандарттары киргизилген. Дүйнөлүк банк, SDC жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен клиникалык көндүмдөр борборлору ачылган.

Академия DAAD, ICRC, UNICEF, JICA, KOICA, GIZ сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташат.

“KyrMedu” долбоорунун алкагында биомедициналык инженерия жана медициналык информатика багыттары боюнча жаңы окуу программалары иштелип чыгып, 2017-жылы дистанциялык окутуу жана телемедицина борбору, 2018-жылы биомедициналык лаборатория ачылган.

Кёнг Хи университети (Түштүк Корея) менен биргеликте мектепке чейинки курактагы балдардын ден соолугун жакшыртуу долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында медициналык кызматкерлер үчүн окутуулар жана студенттер үчүн жаңы окуу курстары иштелип чыккан.

Ошондой эле GreenShoots Foundations Limited (Улуу Британия) менен кызматташуунун алкагында окутуучулар Royal Free Hospital базасында стажировкадан өтүшкөн.

Академия Овьедо университети менен кызматташып, “Коомдук саламаттык сактоо өзгөчө кырдаалдарда” багыты боюнча магистрдик программага катышууда.

2019-жылы JICA менен фармацевттер үчүн улуттук сертификациялык экзаменди иштеп чыгуу боюнча долбоор башталган.

Ошондой эле Чыгыш Финляндия университети жана Польшадагы колледждер менен кызматташтык кеңейип, эпидемиология жана медайымдык билим берүү багыттарында келишимдер түзүлгөн.

Акыркы жылдары академиялык мобилдүүлүк кеңейип, чет өлкөлүк профессорлор “визитинг профессор” программасы аркылуу келип, лекциялар жана мастер-класстар өткөрүшүүдө. Мындан тышкары, чет өлкөлүк студенттер да билим алуу жана тажрыйба алмашуу максатында Академияга келип жатышат.

Жакынкы чет өлкөлөр, айрыкча Казакстан жана Россия менен кызматташтык активдүү өнүгүп, жыл сайын окутуучулар менен студенттердин өз ара академиялык мобилдүүлүгү ишке ашырылууда.

Фотогалерея

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы им. И.К. Ахунбаеванын ректору, проф. Кудайбергенова И.О. менен Женева университетинин медициналык факультетинин эксперттеринин жолугушуусу, октябрь 2016-жыл.

Азия-Тынч океан рак маселелери журналынын башкы редактору, эл аралык рак көзөмөлү боюнча Азиялык аймактык кеңсенин жетекчиси Малкольм Мур тарабынан изденүүчүлөргө, аспиранттарга жана докторанттарга лекция, сентябрь 2016-жыл.

Студенттерди «Эл аралык волонтёрлор күнү» карата сертификаттар менен сыйлоо, декабрь 2016-жыл.

Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунун профессору Даегу Сан тарабынан акушерлик жана гинекология боюнча лекция (жогорку курстун студенттери, ординаторлор, аспиранттар жана окутуучулар үчүн), сентябрь 2016-жыл.

Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Жумалиева Г.А. менен Корея медицина ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу, ноябрь 2016-жыл.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы им. И.К. Ахунбаеванын ректору, проф. Кудайбергенова И.О. менен А.И. Коломийченко атындагы отоларингология институтунун илимий кызматкери Бобров А.Л. ортосундагы жолугушуу, декабрь 2016-жыл.

Түндүк мамлекеттик медициналык университетинин профессору Вальков М.Ю. тарабынан «Ракты каттоо жана алдын алуу» темасындагы лекция, декабрь 2016-жыл.

Семнан медициналык илимдер университетинин өкүлдөрүнүн жана Иран Ислам Республикасынын элчилигинин кеңешчисинин визити, декабрь 2016-жыл.

Инфекциялык оорулар кафедрасынын башчысы Жумагулова А.Ш. Royal Free Hospital кызматкерлери менен биргеликте ВИЧ-инфекциясы боюнча окутуу долбоорунун алкагында, GreenShoots Foundations Limited (Лондон, Улуу Британия), 2017-жыл.

Челябинск облусунан келген делегациянын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы им. И.К. Ахунбаевага визити, июль 2017-жыл.

Хэбэй медициналык университетинин партиялык комитетинин катчысы, проф. Джай Хайхум менен КГМАнын ректору, проф. Кудайбергенова И.О. жолугушуусу, август 2018-жыл.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы им. И.К. Ахунбаеванын ректору, проф. Индира Кудайбергенова менен Түштүк Кореядан келген мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эксперттердин, анын ичинде Дэвид Ким мырзанын жолугушуусу, октябрь 2018-жыл.

Клуж-Напока техникалык университети (Румыния) профессорлорунун Erasmus+ «KyrMedu» долбоорунун алкагында КГМАга визити, март 2019-жыл.

Сибирь федералдык илимий-клиникалык борбору (Россия, Красноярск) делегациясынын визити: кардиолог Шматова Е.Н. жана инновациялык ишмердүүлүк жана гранттык колдоо борборунун директору Гардер К.А., апрель 2019-жыл.

«Дарылоо иши» факультетинин (англис тилинде окутуу) индиялык студенттеринин Care Group Hospitals өкүлү Суниль Верма менен жолугушуусу, май 2019-жыл.

Палестина мамлекетинин элчилигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мохаммад Таршаханинин визити, сентябрь 2019-жыл.

Кёнг Хи университетине «КГМАда медайымдык билим берүүнүн потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында иш сапары, ноябрь 2019-жыл.

Ушул эле долбоордун алкагында Кёнг Хи университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору менен жолугушуу, ноябрь 2019-жыл.

Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Жумалиева Г.А. менен Хиросима университетинин өкүлү, стоматология мектебинин деканы Коичи Като мырзанын жолугушуусу, октябрь 2019-жыл.

Академиялык мобилдүүлүк: «Жогорку медайымдык билим берүү» факультетинин студенттери Казак-Россия медициналык университетинде өндүрүштүк практика өтүшүүдө, июль 2019-жыл.

КГМА менен Казак улуттук медициналык университети (Алматы) ортосунда кызматташтык келишимине кол коюу. Сүрөттө: КГМАнын ректору проф. Кудайбергенова И.О. жана КНМУнун ректору проф. Нургожин Т.С., ноябрь 2019-жыл.

Үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын профессору Н.Н. Бримкулов Марат Оспанов атындагы Батыш Казакстан медициналык университетине (Актобе) барып, резиденттер үчүн лекциялар жана практикалык сабактарды өткөрдү, ноябрь 2019-жыл.

Эл аралык бѳлүмдүн башкы милдеттери
  • И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын эл аралык кызматташуусун ѳнүктүрүүгѳ кѳмѳктѳшүү;        
  • Бѳлүмгө тиешелүү маселелер боюнча ар түрдүү ЖОЖдор жана уюмдар менен кат алышууну жүргүзүү;
  • Расмий чет элдик жолугушууларды уюштуруу жана сүйлѳшүүлѳрдү ѳткѳрүү;
  • Эл аралык кызматташтык жѳнүндѳгү келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүү  жана ага көмөк көрсөтүү;
  • КММАнын башка бѳлүмдѳрү менен биргеликте эл аралык иш чараларды (конференция, симпозиум, конкурс, кѳргѳзмѳ жана фестивалдарды ж.б.) уюштуруу жана ага катышуу;
  • Чет элдик ѳнѳктѳштѳр менен студенттерди алмашаштырууну уюштурууда көмөктөшүү, КММАнын студенттери жана кызматкерлери үчүн илимий-изилдѳѳлѳрдү, окутуу жолдорун, такшалуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн издѳѳ жана натыйжаларына баа берүү;  
  • Окуу программалары боюнча жана эл аралык илимий-изилдѳѳ иштерине  катышуу үчүн гранттарга  билдирмелерди сунуштоо жана иштеп чыгуу, долбоорлорго даярданууда  КММАнын башка бѳлүмдѳрүнѳ жардам берүү;
  • Билим берүү сапатын жакшыртуу чөйрөсүндө  КММАнын ѳнгүү стратегиясын  жана башкаруу сапатынын принциптерин жайылтууга көмөктөшүү;
  • Чет элдик медициналык билим берүү  системасы жѳнүндѳ КММАнын билим берүү тартибине дүйнѳлүк тажрыйбаны жана аны андан ары билим берүү технологиясына киргизүү үчүн маалыматты чогултуу жана КММАда билим берүү үчүн жакынкы жана алыскы чет ѳлкѳлүк жараандарды тартуу  
  • КММАда жакынкы жана алыскы чет ѳлкѳлүк жараандарды окутуу  максатында КММАнын окуу процессине окутуунун жаңы технологияларын мындан-ары да киргизүү  жана дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүү үчүн чет өлкөлөрдүн медициналык билим берүү системасы жөнүндөгү малыматтарын жыйноо
  • Чет элдик абитуриенттерге Кыргыз Республикасыны мыйзамдарындагы  талаптар жөнүндө, медицина тармагындагы билим берүү программасы жөнүндѳ кеңеш берүүнү сунуштоо  (саламаттыкты сактоо тармагындагы жогорку профессианалдуу жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы боюнча  жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо).