Чет тили жана латын тили кафедрасы
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Замалетдинова Галия Сарасовна
Замалетдинова Галия Сарасовна
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Колбаева Медина Жайлообаевна
Колбаева Медина Жайлообаевна
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Тентимишева Бурул Давлетбековна
Тентимишева Бурул Давлетбековна
Кызматы:
Улук окутуучу
Молдокулова Лена Долоновна
Молдокулова Лена Долоновна
Кызматы:
Улук окутуучу
Байгазиева Нургуль Кубатбековна
Байгазиева Нургуль Кубатбековна
Кызматы:
Улук окутуучу
Дюшекеева Айзада Кубанычбековна
Дюшекеева Айзада Кубанычбековна
Кызматы:
Улук окутуучу
ЭлгондиеваТоктобүбүАбдыкеримовна
ЭлгондиеваТоктобүбүАбдыкеримовна
Кызматы:
Улук окутуучу
Сыдыкова Жыргал Жапышевна
Сыдыкова Жыргал Жапышевна
Кызматы:
Окутуучу
Качкинбаева Рахат Султанбековна
Качкинбаева Рахат Султанбековна
Кызматы:
Окутуучу
Тешебаева Динара Тургунбаевна
Тешебаева Динара Тургунбаевна
Кызматы:
Окутуучу
Мамытканова Елена Асыранкуловна
Мамытканова Елена Асыранкуловна
Кызматы:
Окутуучу
Байболова Асель Догдурбаевна
Байболова Асель Догдурбаевна
Кызматы:
Улук лаборант
Кыскача тарыхы

Чет тилдер жана латын тили кафедрасы КММАнын эӊ эски кафедраларынын бири болуп саналат, ал медициналык интситут негизделген 1939-жылдан бери иштеп келет. Кафедранын биринчи башчысы улук окутуучу В.В. Ганн-Мюльман (1939-1946 жж) болгон. Андан кийинки жылдарда Э.А. Пише, А.М. Савруцкая, А.И. Гладильщикова жетектеген.

Кафедранын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө 1977-жылдан 1998-жылга чейин кафедра башчысынын милдетин аткарган, чет тилдерди гана эмес, латын тилин да окутуу ыкмаларын өнүктүрүү жана жакшыртуу иштерине бараандуу салым кошкон белгилүү усулчу, кыргыз мектептери үчүн англис тили окуу китептеринин автору, п.и.к., проф. Турсуналиев Турдалы Турсуналиевич олуттуу роль ойногон. Ал эӊ мыкты педагогикалык жана уюштуруучулук жөндөмдөргө ээ болгон. Окуу процессин оптималдаштыруу жана усулдук иштерди жакшыртуу максатында үч секция негизделген: англис тили секциясы, немец тили секциясы, латын тили секциясы. Мында иштер бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, улук окутуучулар тарабынан жетекчиликке алынган Анын жетекчилигинде кафедранын окутуучулары «Чет тилдерди жана латын тилин окутуунун дидактикалык-лингвистикалык негиздери» аттуу темада илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.  

Фридман Ф.Я., Кауфман С.А., Строилов Л.Ф., Тарская Л.Ф., Кенжебаева У.К., Ченцова Л.А., Кулаченко И.И., Кожинова Т.В., Асаналиева Э.У., Мамбетова Р.А., Умарбаева С.А., Орозбакова А.О. студенттерге, мындан тышкары клиникалык ординаторлорго, аспиранттарга жана изденүүчүлөргө чет тилдерди жана латын тилин үйрөтүү ишине олуттуу салым кошкон кафедранын улук окутуучулары болушкан.

1998-жылы кафедраны ф.и.к., доцент Тулеева Ч.С. башкарса, 1999-жылдан 2002-жылга чейин  Замалетдинова Г.С. жетектеген.

2002-жылы кыргыз жана орус тилдер кафедрасы менен кошулгандыгына байланыштуу тилдер кафедрасы деп аталып, ф.и.к. Койчуманова Н.М. кафедра башчысы болгон. 2005-жылы кайрадан кыргыз, орус тилдер жана чет тилдер, латын тили кафедрасы болуп  бөлүнгөн.  2005-жылдан тартып, кафедраны Билим берүүнүн отличниги, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КММАнын Ардак грамоталары менен сыйланган, АКШ жана Англиянын алдыӊкы ЖОЖдорунда такшалма курстарынан өткөн доцент Замалетдинова Г.С. жетектейт. 2018-жылы педагогикалык ишмердүүлүк тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн Кыргызстан мугалимдер конгрессинин диплому жана алтын медалы менен сыйланган.  

Бүгүнкү күндө кафедрада 14 окутуучу эмгектенет: алардын ичинен 1 доцент, 4 улук окутуучу, 9 окутуучу жана 2 улук лаборант. Алардын 8сы чет тилдер секциясында, 6сы латын секциясында эмгектенет. Секцияларды улук окутуучулар Л.Д.Молдокулова жана Б.Д. Тентимишева жетектейт.

Дисциплиналар
  • англис тили
  • немис тили
  • латын тили
Илимий жетишкендиктер

Кафедра башчысы доцент Г.С. Замалетдинованын жетекчилигинде кафедранын кызматкерлери «Студент-медиктердин бөтөн тилдүү кесиптик комптенецияларын калыптандыруу» аттуу илим-изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Кафедранын окутуучулары тарабынан чет тилдерди окутуу ыкмаларынын заманбап талаптарына ылайык окуу колдонмолору жана усулдук колдонмолор даярдалып, окуу процессине киргизилген. Акыркы 3 жылдын аралыгында 30дай усулдук колдонмолор жана сунуштамалар жарык көргөн: «Медициналык кыскартуулардын сөздүгү» (Авторлору Замалетдинова Г.С., Молдокулова Л.Д.), «Медиктер үчүн англис тилин окуу китеби» (Автор Замалетдинова Г.С.), «Тиш дарыгерлери үчүн кыргызча-орусча сөздүк» (Авторлор:  Амираев У.А., Замалетдинова Г.С.); «КММАнын илим күндөрү-2018» 7 окутуучу катышып, баяндамалар тастыкмаларга ээ болгон. 

2015-2017-жылдары кафедра «Кесиптик багытта чет тилдерди окутуу» боюнча Темпус программасына катышкан. Аталган программанын алкагында морфорпуста Тилдерди үйрөтүү борбору ачылган. Темпус программасы Европа союзу тарабынан каржыланат жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Азербайжан өнөктөш-мамлекеттердеги жогорку билим берүүнү модернизациялоо процессин колдоого багытталган. Темпус аркылуу 14 компьютер, сервер, принтер, проектор жана камера-документ алынган. Мындан тышкары кафедра башчысы, доцент Замалетдинова Г.С., улук окутуучулар Молдокулова Л.Д., Элгондиева Т.А., окутуучу Тешебаева Д.Т. Темпус программасы боюнча Англиядагы, Эстониядагы, Азербайжандагы семинарларга катышып келишкен.   

                        

Кафедра кызматкерлери