Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
Орозалиева Арзыкан Абдираимовна
Орозалиева Арзыкан Абдираимовна
Кызматы:
Сектордун башчысы
Байгесекова Иноват Абдимажитовна
Байгесекова Иноват Абдимажитовна
Кызматы:
Лингвист-эксперт
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” №958 токтомуна ылайык И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору И.О. Кудайбергенованын буйругу менен 2009-жылдын 3-мартында  И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору ачылган.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун укуктук негизин: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана Өкмөттүн токтомдору, КММА  ректорунун буйруктары түзөт жана алардын аткарылышы Мамлекеттик тил боюнча проректордун  жетекчилиги астында көзөмөлгө алынат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору КММАда  мамлекеттик тилди өнүктүрүү, аны жайылтуу жана ага байланыштуу башка иштерди уюштуруу максатында түзүлгөн. Сектор КММАнын бардык кафедраларынын жана бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилде жүргүзгөн иштерин жана иш кагаздарын жетекчиликке алат жана аны Мамлекеттик тил боюнча проректордун жетекчилиги астында көзөмөлдөйт.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунда төмөнкү штаттык бирдиктер каралган:

- сектор башчысы;

- лингвист-эксперт  (КРнын Өкмөтүнүн №581 токтомунун негизинде КММАнын  2018-жылдын 3-мартындагы №116 буйругу менен алмаштырылган).

КММА  ректорунун 2009-жылдын 3-мартындагы буйругунун негизинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун  башчысы болуп Мамытов Аркарбек Жолборсбекович  дайындалган (2009-2018-жылдар). 2018-жылдын 1-мартынан 2023-жылга чейин сектор башчысы кызматында  Наралиева Сапаргүл Курсановна, 2024-жылдан баштап, ушул күнгө чейин Орозалиева Арзыкан Абдираимовна иштеп келе жатат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун лингвист-эксперти кызматында (2017-2018-жылдар)  Турар кызы Жанара, 2018-2019-жылдары Асанова Эльвира эмгектенген. 2020-жылдан  Абдраев Алмаз Бешкемпирович, 2024-жылдын сентябрь айынан  ушул күнгө чейин Байгесекова  Иноват Абдимажитовна  иштеп келе жатат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү стратегиясы

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү стратегиясы медициналык академияда тил саясатын системалуу жана этап-этабы менен ишке ашырууга багытталган. Стратегиянын негизги максаты  - мамлекеттик  тилдин макамын бекемдөө, анын расмий иш кагаздарында, билим берүү, илимий жана административдик чөйрөдө толук кандуу колдонулушун камсыз кылуу.

И. К. Ахунбаев атындагы медициналык академияда  мамлекеттик тилди өнүктүрүү бир канча багыттарда жүргүзүлөт.

  • l Мониторинг. Жыл сайын И. К. Ахунбаев атындагы КММАда ПОК, кафедралар жана деканаттардагы мамлекеттик тилдин абалына мониторинг жүргүзүлөт.

Мониторингдин максаты – мамлекеттик тилдин колдонулушу, сабактардагы жана окуу процессиндеги активдүүлүгү, окутуучулар жана кызматкерлер тарабынан тилге болгон мамиле жана методикалык материалдардын жеткиликтүүлүгүн баалоо.

Ал алынган маалыматтар негизинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунуштар даярдалат, иш-чаралар пландалат жана академияда тилдик саясатты мындан ары жакшыртуу үчүн конкреттүү кадамдар жасалат. Мындан тышкары, мониторинг мамлекеттик тилди колдонуу боюнча прогрессти көзөмөлдөөгө жана жетишкендиктерди белгилөөгө жардам берет.

 

  • l Тестирлөө. 2026-жылдын 17–21-февралында И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашыруу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү планынын алкагында Кыргызтест тарабынан тестирлөө өткөрүлдү.

Академиянын ректору Кудайбергенова Индира Орозобаевнанын колдоосу менен тестирлөө чыгымдары КММАнын эсебинен каржыланып, 811 кызматкер мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин акысыз текшерүүдөн өттү.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, кызматкерлердин тилдик компетенциясын баалоого жана мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

  

  • l Терминдер менен иштөө.

И. К. Ахунбаев атындагы КММАда медициналык терминдер боюнча бир нече сөздүктөр жарык көргөн. Ошого карабастан, терминдерди туура которуу жана медицина тармагында бир нукта колдонуу маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калууда.

Илимдин жана медицинанын тез өнүгүшүнө байланыштуу жаңы түшүнүктөр, аталыштар улам пайда болууда. Ушуга байланыштуу учурда заманбап талаптарга жооп берген, терминологияны бирдиктүү системага салган жаңы медициналык терминдер сөздүгү иштелип чыгууда. Бул сөздүк мамлекеттик тилде медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана практикалык ишмердүүлүктө терминдерди так колдонууга өбөлгө түзөт.

   

Маданий-массалык иш-чаралар

Маданий-массалык иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан уюштурулуп, тилдин коомдук кадыр-баркын жогорулатууга жана анын практикалык колдонулушун кеңейтүүгө багытталат.

Бул иш-чаралар аркылуу кызматкерлердин мамлекеттик тилде туура жана эркин сүйлөө, жазуу көндүмдөрү бекемделет, тил маданияты жогорулайт жана тилге болгон жоопкерчилик күчөйт.

Диктант, семинар, тегерек стол, дебат жана сынактар сыяктуу иш-чаралар мамлекеттик тилдин иш чөйрөсүндө активдүү колдонулушуна түздөн-түз өбөлгө түзөт.

  • 1) Мамлекеттик тилде мыкты окуткан окутуучу-2025 сынагы.

 И. К. Ахунбаев атындагы КММАда мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан медициналык академияда мамлекеттик тилди окутуунун тили катары колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, өркүндөтүү максатында  “Мамлекеттик тилде окуткан мыкты окутуучу – 2025 ” сынагы уюштурулган. 2025-жылы 3-март та Мамлекеттик туу күнүнө карата бул иш-чара жыйынтыкталды. Сынактын жобосу боюнча сынак 3 баскычтан туруп, 63 кафедранын ичинен 9 кафедрадан 11 окутуучу катышты. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик тилде жазылган жумушчу программа, окуу-усулдук комплекстерин даярдашып, мамлекеттик тилде сабак өтүп, бай тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 3-баскычта ар бир катышуучу “Медицинада мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүүнүн жолдору” деген темада баяндама жасашты. Мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүү максатында уюштурулган сынакты ректор И. О. Кудайбергенова чын дилден колдоп,баалуу сыйлыктарды коюп берди.Сынактын жыйынтыгында I орунду фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасынын окутуучусу Абдырасулова Фарида Болотбековна ээлеп, ноутбук, ал эми II орунга физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасынын доценти Абдыбалиева Канышай көрсөтүлүп, планшет, ошондой эле жалпы гигиена кафедрасынын окутуучусу Жангазиева Элиза Сыргатовна III орунду ээлеп, уюлдук телефон менен сыйланышты. Мындан тышкары бардык катышуучуларга И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, м.и.д., профессор И.О.Кудайбергенованын баалуу сыйлыктары, грамоталар, ыраазычылык кат, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Алкыштары ыйгарылды.

Жыйынтыгында, “Мамлекеттик тилде окуткан мыкты окутуучу – 2025” сынагы мамлекеттик тилдин медицина тармагындагы статусун бекемдеп, аны илимий жана окуу процессинде активдүү колдонууга реалдуу шарт түздү.

Бул сынак мамлекеттик тилдин медицина тармагында колдонулушун кеңейтүүгө чоң салым кошту. Окутуучулар сабактарды, жумушчу программаларды жана окуу-усулдук материалдарды мамлекеттик тилде даярдап, билим берүүнүн сапатын жогорулатышты.Ошондой эле сынак методикалык базаны байытып, тажрыйба алмашууга шарт түздү жана медициналык терминологияны туура колдонууга көмөк берип, окутуучулардын мамлекеттик тилде иш алып барууга болгон мотивациясын арттырды.

  • 1) Тил фестивалы

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жылдык иш планына киргизилген маанилүү иш-чаралардын бири - тил фестивалы. Бул фестиваль ай сайын КММАнын кафедраларынын ортосунда өткөрүлүп турду.

Фестивалдын жүрүшүнө баа берүү үчүн калыстар тобу түзүлүп, алар катышуучуларды мамлекеттик тилди колдонуу деңгээлине, мазмунунун сапатына, темага шайкештигине, чыгармачылыгына, сахналаштыруу деңгээлине, улуттук маданияттын чагылдырылышына жана катышуучулардын активдүүлүгүнө жараша баалашты.

Кафедралар командалык курамда иш-чарага жигердүү катышып, мамлекеттик тилди жайылтууга жана тил маданиятын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушту.

Тил фестивалы

https://www.instagram.com/reel/DUm-Q7siL8B/?igsh=ZXJxeHU4N3U4cWsz

https://www.instagram.com/p/DQhXbxZCFR0/?igsh=ZXdqMms0MWxtejR0

1) “Медицина  - эне тилде!” видеоролик конкурсу

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттердин арасында кыргыз тилин медициналык билим берүү жана медициналык коммуникация чөйрөсүндө кеңири колдонууга шарт түзүү максатында “Медицина — эне тилде!” видеоролик конкурсу уюштурулду.

Конкурс студенттерди медициналык маалыматты кыргыз тилинде так, түшүнүктүү жана кызыктуу формада жеткирүүгө, тил маданиятын жана кесиптик чеберчиликти өркүндөтүүгө үндөйт.

https://www.instagram.com/reel/DVYMHXADuvY/?igsh=anR3czFpbXU1YmVw

https://www.instagram.com/reel/DVOD9u3Fcnv/?igsh=Nnh2cnRmeGc3dG11

Мамлекеттик тилди үйрөтүү курсу

И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын Кыргыз тили кафедрасында кыргыз тилин үйрөтүү курстары (башталгыч, улантуучу деңгээлдер жана иш кагаздары боюнча) КММАнын окутуучулары жана кызматкерлери үчүн системалуу негизде өткөрүлүп келет. Окутуучулар жана кызматкерлер курстан ийгиликтүү өтүп, мамлекеттик тил боюнча деңгээлдерин жогорулатышып, тиешелүү сертификаттар менен сыйланышат. Бул курс окутуучуларга жана кызматкерлерге мамлекеттик тилди академиялык жана практикалык чөйрөдө натыйжалуу колдонуу боюнча терең билим жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кошумча санариптик ресурстар