Китепкана
Ибраимова Гулзат Джусупбековна
Ибраимова Гулзат Джусупбековна
Кызматы:
Китепкана башчысы
Акылбекова Алтынай Нажмутдиновна
Акылбекова Алтынай Нажмутдиновна
Кызматы:
Электрондук китепкананын башчысы
Китепкана кызматкерлери
Кулукеева Бермет Жарашевна
Кулукеева Бермет Жарашевна
Кызматы:
Башкы китепканачы
Алдеева Бегайым Курманалевна
Алдеева Бегайым Курманалевна
Кызматы:
Башкы китепканачы
Джусумалиева Наргиза Садырбековна
Джусумалиева Наргиза Садырбековна
Кызматы:
Башкы китепканачы
Осмоналиева Миргул Кутубаевна
Осмоналиева Миргул Кутубаевна
Кызматы:
Башкы китепканачы
Мамбетисаева Гулчехра Валиевна
Мамбетисаева Гулчехра Валиевна
Кызматы:
Башкы библиограф
Рысалиева Нургуль Султангазиевна
Рысалиева Нургуль Султангазиевна
Кызматы:
Улук китепканачы
Рабаева Гулжамал Асековна
Рабаева Гулжамал Асековна
Кызматы:
Улук китепканачы
Укаева Айнара Кымбатбековна
Укаева Айнара Кымбатбековна
Кызматы:
Улук китепканачы
Избасарова Гульнара Тохтасиновна
Избасарова Гульнара Тохтасиновна
Кызматы:
Улук китепканачы
Шопокова Айгуль Жумакадыровна
Шопокова Айгуль Жумакадыровна
Кызматы:
Улук китепканачы
Болокбаева Айзат Замирбековна
Болокбаева Айзат Замирбековна
Кызматы:
Улук китепканачы
Юлдышева Динара Викторовна
Юлдышева Динара Викторовна
Кызматы:
Улук китепканачы
Казиева Динара Казиевна
Казиева Динара Казиевна
Кызматы:
Улук китепканачы
Эрса Роза Харкиевна
Эрса Роза Харкиевна
Кызматы:
Улук китепканачы
Тукеева Гулайым Сандыбаевна
Тукеева Гулайым Сандыбаевна
Кызматы:
Китепканачы
Ташмамбетова Зина Торуевна
Ташмамбетова Зина Торуевна
Кызматы:
Китепканачы
Туралиева Даирбубу Торуевна
Туралиева Даирбубу Торуевна
Кызматы:
Китепканачы
Кудайбергенова Гуляй
Кудайбергенова Гуляй
Кызматы:
Китепканачы
Осмонова Мария Эсенжоновна
Осмонова Мария Эсенжоновна
Кызматы:
Китепканачы
Чондубаева Айнагул Абасбековна
Чондубаева Айнагул Абасбековна
Кызматы:
Китепканачы
Отомбаева Нургуль Кенешевна
Отомбаева Нургуль Кенешевна
Кызматы:
оператор

Кыскача тарыхы

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын китепканасы 1939-жылы түзүлгөн.

Баштапкы түзүчүүлөрдөн болуп Л.М. Лапа-Данилевская, Н.А. Рутковская, В.Р. Гончарова, С.М. Бокинг эсептелет.30жыл бою китепкананын башында Мустаева Зоя Кадыровна болуп,китепкананын өнүгүүсүнө чон салым кошкон.

1989-жылдан баштап китепкана башчысы болуп Гончарова В. Р. дайындалган.

2002-жылдан баштап китепкана башында Мырзабекова С.Д. турган.

2005-жылы медакадемияда электрондук китепкана ачылган.

2007-жылдан баштап китепкана ишинин тажрыйбалуу адиси, китепканада 45 жылдык иш тажрыйбасы бар Сулайманкулова Б.Н. жетектеп келген. Сулайманкулова Б.Н. «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» наамы менен сыйланган. Окурмандарды тейлөөнү жакшыртуу максатында, Сулайманкулова Б.Н. демилгеси менен 2009-жылы КММАнын комиссиясынын чечими боюнча электрондук китепкана,  китепкананын карамагына өткөрүлгөн.

2009-жылдан баштап китепкананы Иманкулова Р.Дж. жетектеген.

2010-жылы Н.Т. Карашеванын жетекчилиги астында Маалыматтык-китепканалык комплекс (МКК) түзүлгөн. Анын курамына китепкана, электрондук китепкана, системалык  жана техникалык камсыздоо бөлүмү кирген.

2015-жылы окурмандарды тейлөөнү жакшыртуу максатында китепкананын өзүнүн расмий сайты ачылган ( library.kgma.kg.) Сайтта китепкана тууралу толук маалымат жана китепканага түшкөн жаңы китептер жөнүндөгү маалымат жайгаштырылган,ошондой эле окурман сайттан керектүү адабиятты толук текстүү базадан тапканга мүмкүнчүлүк берилген.

2016-жылдан баштап кайра түзүүнүн негизинде МКК жоюлуп китепкана өз алдынча бөлүм болгон.

2017-жылдан баштап китепкана башчысынын ордун Ибраимова Г. ээлеген.

2017-жылы морфокорпуста жаңы окуу залы ачылган.

2018-жылы Таш-Төбө айылында И.К.Акылбеков атындагы окуу кампусунда чет элдик студенттер үчүн абонемент жана окуу залы ачылган.

2019-жылы морфокорпуста жаңы электрондук китепкана ачылган.

2021-жылы морфокорпуста жаңы окуу залы ачылган.

2024-жылы КММАнын китепканасы Россия-Кыргыз илимий-китепканалык форумун өткөрдү.

2025-жылы КММАнын китепканасына ИРБИС64+ китепканаларды автоматташтыруу тутуму (КАТ), СК-Электрондук китепкана жана СК-Wallet сатып алынды.

Жалпы маалымат

     Учурда китепкана фондун 620 миңден ашуун түрлүү документтер түзөт,анын көп бөлүгү медициналык окуу китептеринен турат.

Чет элдик студенттерди тейлөө абонементинин фонду 16000 ашуун адабияттан турат.

Мезгилдүү басылмалар фондун 78 аталыштагы илиимий-медициналык журналдар түзөт. Ар жылы окурмандар үчүн мезгилдүү басылмаларга катталуу жүрүп турат.

Электрондук китепкананын фонду 7000 ашуун окуу китебинен, видеоматериалдардан турат жана электрондук китептер да фондду толуктайт.

Бенефициар студенттерге Брайль системасындагы окуу китеби жана китептерди аудиоматериалдарга которуучу “Балаболка” программасы бар.

Китепканада окурмандарды тейлөө 7 абонементте, 6 окуу залында 278 орундуу, 3 электрондук ресурстар залында жүргүзүлөт. Алар башкы корпуста,морфокорпуста, №4 окуу корпусунда, И.К.Акылбеков атындагы студенттик кампуста жайгашышкан. Китепкана кызматчылары ар жылы 215 миңден ашуун окурмандарды тейлеп аларга 360 миңден ашуун адабият беришет.

Электрондук ресурстар сектору бардык китепкана фондусундагы документтерди электрондук форматка өткөрүп, медицина жана саламаттыкты сактоо боюнча материалдарды электрондук форматта топтойт. Окурмандар электрондук ресурстарды аудитордук окуу режиминде колдоно алышат. Электрондук китепканада окурмандын Интернет тармагы аркылуу медициналык маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Электрондук ресурстар секторунда төмөнкү ресурстар бар:

  • Электрондук форматтагы китептер
  • Окуу-усулдук колдонмолор
  • Лекциялар
  • Медициналык видеоматериалдар
  • Аудиокитептер
  • “КММАнын жарчысы” журналынын толук текстүү базасы                                                        

Окурмандардын толугураак колдонуусу үчүн китепкана өзүнүн расмий сайтын ачкан library.kgmа.kg

Сайтта китепкана жана жаңы түшкөн китептер тууралуу маалыматтар коюлган.

Окурмандын сайттан толук текстүү окуу китептеринин, окуу-усулдук колдонмолордун базасына он-лайн режимде колдонууга мүмкүнчүлүгү бар.

Кирүү логини жана паролу:

Логин   - Окурмандын фамилиясы

Пароль - Окурмандык билеттин номуру

"КММАнын ЖАРЧЫСЫ" сайты түзүлгөн vestnik.kgma.kg 

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын китепканасы «ГЭОТАР-Медиа» басма үйүнүн «КОНСУЛЬТАНТ СТУДЕНТА» электрондук-китепкана системасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын китепканасы «ИВИС» мезгилдүү басылмалар базасына жазылды

Китепкананын структурасы

Китепкана

  • Каталогдорду чогултуу жана уюштуруу
  • Жогорку курстагы студенттерди,аспираннттарды,ординаторлорду жана кызматкерлерди тейлөө абонементи 
  • Чет элдик студенттерди тейлөө абонементи
  • Чет элдик студенттерди тейлөө абонементи
  • Морфокорпустагы окурмандарды тейлөө абонементи
  • Тиш даарылоо факультетинин студенттерин тейлөө абонементи
  • Фармация факультетинин студенттерин тейлөө абонементи
  • Лицей жана даярдоо курсунун окуучуларын тейлөө абонементи
  • Башкы корпустагы окуу залы
  • Илимий-медициналык маалымат залы  
  • Башкы корпустагы чет элдик студенттердин окуу залы
  • И.К.Акылбеков атындагы студенттик кампустагы чет элдик студенттердин окуу залы
  • Морфологиялык корпустагы окуу залы
  • №4 окуу корпусундагы окуу залы

Электрондук китепкана

  • Башкы корпустагы электрондук китепкана  
  • Морфокорпустагы электрондук китепкана