
- Окумуштуу наамы:
- профессор

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- экономика илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- ассистент

- Кызматы:
- ассистент

- Кызматы:
- улук лаборант

- Кызматы:
- лаборант
Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы 1942-жылы негизделген. Ал ачылгандан тарта ар кайсы жылы ар кандай аталышта аты өзгөрүп келген. 2009-жылдан тарта Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы болуп келе жатат.
Кафедраны негиздөөчү болуп, медицина илимдеринин кандидаты Степан Зиновьевич Ткаченко саналат, ал жетектеген жылдары кафедранын калыптануусу, түптөлүүсү эң оор жылдарга туш келет.
1944-1945-жылдары медицина илимдеринин кандидаты, доцент Иван Васильевич Алфимов жетектеген. Ал согуштан кийинки жылдары ооруларды аныктоо жана көз оорулары менен жабыркагандарга жардам берүүнү уюштурууда алгылыктуу чоң иштерди жасаган.
1953-жылдан 1987-жылга чейин кафедраны эмгек сиңирген врач, медицина илимдеринин доктору, профессор Акматбек Айдаралиевич Айдаралиев жетектеген. А.А. Айдаралиев Ташкент медициналык институн аяктаган. 1952-жылы “Кыргыз жана Казак ССРнин айрым райондорундагы дунган элинин көз оорулары” деген темада кандидаттык диссертациясын, 1960-жылы “Кыргыз ССРинин саламаттык сактоосунун өнүгүүсүнүн негизги этаптары” деген темада докторлук диссертациясын жактаган.
А.А. Айдаралиев 2 илим докторун жана 24 илим кандидатын чыгарган.
1954-жылы анын жетекчилиги астында илимий тарыхий-медициналык коом түзүлгөн.

Профессор Акматбек Айдаралиевич Айдаралиев
1987-жылдан 1997-жылга чейин кафедраны саламаттык сактоонун эмгек сиңирген ишмери, доцент Кашаф Джумаевич Абдуллин жетектеген. Ал профессор А.А. Айдаралиевдин жетекчилиги астында “Кыргызстандын бийик тоолуу шартындагы жүрөк-кан тамыр патологиясы” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.
К.Д. Абдуллин кафедраны жетектеген мезгилде кафедра сергек жашоо мүнөзүнүн маселелери, Кыргызстандагы медициналык-демографикалык процесстер боюнча иштерди алып барган. К.Д. Абдуллин 137 илимий эмгектин, 3 окуу пособиесинин автору жана 3 илимдин кандидатына жетекчи болгон. Анын чоң жетишкендиктеринин бири – КММАда медицинанын тарыхынын оргиналдуу музейин түзгөндүгү.

Доцент Абдуллин К.Д. Фото 1986 г.
1997-жылдан 2007-жылга чейин кафедараны медицина илиминин доктору, көрүнүктүү окумуштуу, саламаттык сактоону уюштуруучу, профессор Акынбеков Куттубек Усенбаевич жетектеген. Ал 2001-2004-жылдары Башкаруу жана коомдук саламаттык сактоо институтун да жетектеп турган.

Профессор Акынбеков К.У.
2007-2011-жылдары кафедра башчысынын милдетин доцент В.С. Тойгомбаева, профессорлор Д.Д. Рисалиев жана М.М. Каратаев аткарышкан.
2011-2016-жылдары кафедраны кайрадан м.и.д. Акынбеков К. У. жетектеген. Ал 140 илимий эмгектин автору, 3 ойлоп табуунун жана 8 рационалдык сунуштаманын ээси. Андан сырткары 25 моноргафия, окуу пособиелери, көрсөтмө жана сунуштамалары бар. К.У. Акынбеков өнөр жай үлгүсүндөгү 2 республикалык стандартты жана 6 техникалык баяндоону киргизген. Анын жетекчилиги астында 4 илим доктору жана 7 илим кандидаты чыккан. Анын жетекчилиги астында “Ден соолук статистикасы жана саламаттык сактоо”, “Биостатистика”, “Медицинанын тарыхы”, “Саламаттык сактоодогу маркетинг” ж.б. окуу курстары боюнча жаңы окуу программалар толугу кайрадан каралып, иштелип чыккан. Кыргыз жана орус тилинде 25 окуу пособиеси жарык көргөн.
2016-жылдан тартып кафедра башчысынын милдетин аткаруучу жана 2018-жылдан баштап кафедра башчысы медицина илиминин доктору, профессор Айдаров Зиябидин Абдирайимович жетектеп келет.

Профессор Айдаров З. А.
З.А. Айдаров 1996-жылы кандидаттык диссертациясын, 2001-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Ал 2004-жылы “профессор” окумуштуулук наамын ыйгарылагн жана Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министерлигинин Ардак грамотасы менен сыйлаган. 80ден ашык илимий эмгектин, 3 монорграфиянын жана 6 методикалык сунуштаманын автору. Анын жетекчилиги астында 4 илимдин кандидаты, 1 илимдин доктору даярдалып жатат.
Кафедрада жаш кадрларды даярдаган көптөгөн кызматкерлер иштеген, кафедрада мурунку иштеп кеткендер: медицина илиминин доктору, профессорлор Н.Е. Чернова, К.У. Акынбеков, Б.А.Абилов, медицина илимдеринин кандидаты, доценттер К.Д. Абдуллин, Б.К. Ходжамбердиев, Н.С. Саалиев, С.К. Койкелов, С.О. Орозалиев, И.А.Абдылдаева, А.И. Золетило, А.С. Сыдыков, медицина илимдеринин кандидаты, ассистенттер: М. С. Юсупова, А.Ж. Жаанбаев, А.А. Сапарбаев, О.А. Болбачан; ассистенттер: С.М. Урманбетова; А.Р. Сатыбалдиева, Н.Ж. Жаныбаев, Э.К. Шатманова, Р.К. Молдоканова ж.б. кызмат өтөшкөн.
Кафедранын ветерандары жана кызматкерлери. 1999-ж.

Кафедранын ветерандары жана кызматкерлери. 2009-ж.
- Медицинанын тарыхы;
- Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо;
- Медициналык статистика;
- Саламаттык сактоо экономикасы;
- Саламаттык сактоодогу маркетинг;
- Адам, коом жана ден соолук;
- Медициналык георграфия;
- Социалдык геронтология;
- Биоэтика;
- Медико-социалдык экспертиза;
- ИДУЗ.
