
- Кызматы:
- Борбордун директору

- Кызматы:
- Директордун окуу жана тарбия иштер боюнча орун басары

- Кызматы:
- Химия сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Орус тили сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Математика сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Кыргыз тили сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Химия сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Орус тили сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Математика сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Англис тили сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Англис тили сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Биология сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Биология сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Тарых сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Тарых сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Физика сабагынын мугалими

- Кызматы:
- Дене тарбия сабагынын мугалими
И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицей – бул:
- 12 жыл ичиндеги ийгиликтүү ишмердик, санаалаш-талапташтардын бирдиктүү командасы;
- тышкы эксперттер тарабынан тастыкталган окутуунун жогорку натыйжалары;
- ЖРТга жана мамлекеттик окуу планда каралган экзамендерге (сынактарга) даярдоо;
- Окутуу тилин тандоо (кыргыз же орус тили); - биология жана химия предметтерин тереӊдетип окутуу;
- И.Ахунбаев атындагы КММАга жана өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү башка ЖОЖдорго тапшырууга укук берүүчү аттестат;
- жетишкендиктерге жана жеӊиштерге каныктырган, жоопкерчиликти тарбиялоо менен ийкем айкалыштырган лицей турмушундагы уникалдуу маанай;
- лицейдин Алтын Фонду – ОРТнын Алтын Сертификат ээлери жана окуунун эӊ мыктылары.
Окуучулардын фундаменталдуу кесиптик даярдыкка чейинки жогорку деӊгээлдерге жетишүүсү максатында 2005-жылдын сентябрында КММА алдындагы лицей түзүлгөн. Лицейдин негизги максаты жана милдеттери болуп КММАга жана башка химия-биологиялык багыттагы ЖОЖдорго тапшыруу үчүн максаттуу түрдө даярдоо, мектептеги жалпы билим берүү программаларынын милдеттүү талаптарынын деӊгээлин жогорулатуу үчүн эӊ оптималдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү эсептелет. Окуу-тарбиялык процесстин мазмуну лицеисттерде медициналык багытталууга ээ базистик пландын алкагынан тышкаркЖы туруктуу билимдерди, жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган. Профилдик предметтер (химия, биология) боюнча адистештирилген сабактар, класстан тышкаркы иштер жүргүзүлөт.
Лицейдин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырып, КММАнын, ошондой эле өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү башка ЖОЖдордун бюджеттик жана контраттык бөлүмдөрүнүн студенттери болууда. Лицеисттер КММАнын электрондук китепканасынан, китепканадан, жыйындар жана спорттук залдардан, медициналык кабинеттен пайдалана алат.
Лицейде 24 окутуучу эмгектенет. Булар – өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрүн жана психологиясын мыкты билген, окутуу методикасын жакшы билген жогорку квалификациялуу адистер. Окутуучулардын басымдуу бөлүгү жогорку категорияга ээ, «КР билим берүүнүн отличниги», илимдин кандидаттары.
Лицейге окуучуларды кабыл алуу конкурстук негизде (кирүүчү тесттин жыйынтыгы боюнча) ишке ашырылат. Конкурстук тандоо профилдик предметтер (химия, биология) боюнча тестирлөө формасында жүргүзүлөт.
Конкурстук тандоодон өткөн окуучулар төмөнкүдөй документтерди алып келүүгө тийиш:
- ЖОЖДБ директорунун ысымына жазылган арыз;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- окуучунун жеке иши;
- толук эмес орто билими тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- эмдөөлөр тууралуу медициналык карта;
- 6 сүрөт (3х4 өлчөмүндө);
- окуучу окуп жаткан мектептен маалымдама.
Ата-энелер (же аларды алмаштыруучу адамдар) окутуу үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө шартында мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык лицейдин жетекчилиги менен келишим түзөт.
ЖОЖго чейинки даярдоо Борбору Лицей тууралуу Жобо.
ЖОЖДБнун директорунун кызматтык нускамасы.
Окуу-тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарынын кызматтык корсотмосу.
Класстан тышкары жана мектептен тышкары уюштуруучунун кызматтык нускамасы.
Мугалимдер учун кызматтык нускама.
Лицей окуучулары биология сабагында. Окутуучу: Эралиева Н.М.




Лицей окуучулары химия сабагында. Окутуучу: Жумабаева Г.А.






Сабакта инновациялык технологияларды колдонуу


И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык пункту


КММАнын муляждык борбору







КММАнын конференц-холлу





10-11-класттар арасындагы волейбол боюнча таймаш



