- [email protected]
- 0 (312) 65 73 24
- Бишкек ш., Москва к., 225 а

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.
- Кызматы:
- Кафедра башчысынын милдетин аткаруучу

- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.


- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- ассистент



- Кызматы:
- Ассистент
КММИ акушерлик жана гинекология кафедрасы 1941-жылы негизделген. Кафедранын ачылышы менен төрөткө байланыштуу айрым маселелер илимий негизде ишке ашырылууда. Акушерлик жана гинекология илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон алгачкы окумуштуулар жана алгачкы кафедра башчылары, профессор М.И.Выдрин (1941-1944-жылдары) жана Л.Е. Гуртовой (1944-1948-жылдары) болушкан. Алар тарабынан «Согуш мезгилиндеги шарттарда аялдарга кеңеш берүү иштерин уюштуруу тууралуу» (М.И.Выдрин) усулдук сунуштары иштелип чыккан. «Υйдөгү төрөт учурунда жана акушердик стационарларда санитардык режимди уюштуруу тууралуу» (Л.Е.Гуртовой) илимий эмгектер жарык көргөн.

1948-жылдан 1954-жылга чейин Кыргызстандагы акушерлик жана гинекология боюнча илимий ишмердикти профессор С.Л.Кейлин жетектеген. Анын жетекчилиги астында Н.Ш.Булатовой тарабынан «Кыргызстандын айрым райондорунда аялдардын жыныстык сферасын изилдөөнүн материалдары» деген темада илимий изилдөө жүргүзүлгөн. Н.Ш.Булатовойдун изилдөөсү кандидаттык диссертациясында жалпыланып, кыргыз аялдарынын арасында биринчи окумуштуу катары таанылды.
Республикада акушерлик жана гинекология боюнча бир топ интенсивдүү илимий-изилдөөлөр профессор ЛМ.Н.Лехтмандын КММИ кафедра башчысы катары иштөөсү менен башталган жана Фрунзе шаарында 350 орундуу №2 төрөт үйү, 150 орундуу №3 төрөт үйү иштетүүгө берилип, илимий техникалык базалар көбөйгөн.
№2 акушерлик жана гинекология кафедрасы 1964-жылы негизделген.
- 1964-жылдан 1982-жылга чейин кафедраны м.и.к., доцент Н.Ш.Булатова
- 1982-жылдан 1984- жылга чейин кафедраны м.и.д., проф. М.Г.Василевский башкарган.
- 1984-жылдан 1990- жылга чейин м.и.д., проф. С.М.Лехтман кафедра башчысы болгон.
- 1990- жылдан 2012- жылга чейин кафедраны м.и.д., проф. А.К.Шаршенов башкарган.
- 2012-жылдан 2018-жылга чейин кафедраны м.и.д., доцент А.А.Аскаров башкарган.
- 2018-жылдын май айынан бери кафедра башчысы милдетин м.и.д., проф. Ч.К.Калканбаева аткарууда.
Кафедрада 2 м.и.д., 6 м.и.к., 6 ассистент (анын ичинде 4 аспирант) жана 3 лаборант эмгектенип жатышат. Кафедранын окуу бөлүмүнүн башчысы, у.и.к. Ч.А.Стакеева болуп эсептелет.
Кафедранын негизги ишмердиги
окуу-усулдук, педагогикалык, дарылоо жана тарбия иштери менен байланыштуу. Кафедра кызматкерлери энелердин өлүмүн жашыруун изилдөө Улуттук комитетинин мүчөлөрү болуп эсептелет.
№2 КТΥ жана башка КР ДПМ базасында мезгил-мезгили менен дарыгер акушер-гинекологдор, акушерлер, клиникалык ординаторлор жана интерндер үчүн ЭПТ (Эффективдүү перинталдык тейлөө) жана КАЖ (Кечиктирилгис акушердик жардам) боюнча окутуу тренингдери өткөрүлүп турат. Мындай окуулардын негизинде КР төрөткө көмөктөшүү кызматынын сапаты көтөрүлүп жатат.
Кафедра түзүлгөндөн бери 2 медицина илимдеринин доктору, 14 медицина илимдеринин кандидаты чыгарылды. Кафедрада келечек муундун жаш окумуштуулары даярдалып, доцент Р. К. Осмоналиеванын жетекчилиги астында илимий ийримдер иштеп жатат. Студенттер жана аспиранттар эл аралык олимпиадаларда жана конференцияларга катышып, байгелүү орундарга жетишип турат.

Кафедра кызматкерлери тарабынан улуттук протоколдор чыгарылган:
- Индукция родов
- Затяжные и обструктивные роды
- Преэклампсия. Эклампсия.
Окутулган дисциплиналары
Кафедрада дарылоо факультетинин 3-4-5-6-курстары үчүн, стоматология факультетинин 3-курстары үчүн жана КММА чет элдик жарандар факультетинин 3-4-5-6-курстары үчүн лекциялар окулат жана практикалык сабактар өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө кафедрада төмөнкү модулдар окутулат:
- Дарылоо иши факультетинин 4-курстары үчүн “Акушерство”,
- 5-курстар үчүн “Гинекология”,
Стоматология факультетинин 3-курстары үчүн “Акушерство и гинекология”.
Υзгүлтүксүз көп деңгээлдүү билим берүү принцибин колдонуу менен окутуунун жаңы технологияларын жакшыртуу жана өркүндөтүү, окутууга инновацияларды үзгүлтүксүз киргизүү, студенттердин өз алдынча иштөөсүн иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, окутуунун бардык этаптарында көзөмөлдөө формаларын жакшыртуу жана окуу пландарындагы милдеттүү аудиториялык сабактарды азайтуу, окутуу ыкмалары жана окутуу ыкмаларынын маселелери боюнча профессионалдык форумдарга активдүү катышуу, ошондой эле билим берүүнүн мамлекеттик стандартын калыптандыруу, сабактарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн керектүү формаларын жана предметтин кабыл алынган мазмунуна туура келген формалдуу критерийлеринин негизинде кафедра тараптан окутуу сапатын көзөмөлдөө.


ПОК квалификациясын жогорулатуунун жаңы программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү, ПОК квалификациясын жогорулатуунун пландарын ишке ашыруу, кафедра штатына жаш окутуучуларды алуу үчүн тиешелүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Жаш окутуучулардын квалификациясын аспирантура, докторантура жана илимий кызматкерлер институту аркылуу активдүү жогорулатуу.
Илимий изилдөө чөйрөсү:
Хирургиянын актуалдуу маселелери боюнча илимий конференцияларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү уюштуруу, гранттарды алууга конкурстарга катышуу үчүн кафедра кызматкерлери сунуштаган илимий долбоорлорду колдоо жана үзгүлтүксүз уюштуруу. Республикалык жана эл аралык жаңы программаларга жана долбоорлорго активдүү катышуу, Республикалык жана чет өлкөлүк басылмаларда кафедранын илимий маселесине тиешелүү макалаларын жарыкка чыгаруу.
Студенттердин ИИИ (илимий изилдөө иштери)
Студенттердин хирургиялык илимий ийримдерин уюштуруу, студенттердин КММА илимий сессияларына, эл аралык жана ЖОЖ аралык конференцияларына катышуусун колдоо, энчилүү стипендия алууга конкурстарга активдүү катыштыруу, студенттик илимий иштер жыйнагына жана башка илимий басылмаларга студенттердин макаларын басып чыгарууга даярдоо.


Эл аралык кызматташтык: USAID, UNICEF, GIZ, UNFPA.