Профессор А. Д. Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы

Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Махмудова Жылдыз Ахматовна
Махмудова Жылдыз Ахматовна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Пищугин Федор Васильевич
Пищугин Федор Васильевич
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Эрназарова Бактыгул Кочкорбаевна
Эрназарова Бактыгул Кочкорбаевна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Маметова Алтынай Сулеймановна
Маметова Алтынай Сулеймановна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Турдубекова Айтбүбү Саипбакасовна
Турдубекова Айтбүбү Саипбакасовна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Дюшеева Бегимжан Мукамбетовна
Дюшеева Бегимжан Мукамбетовна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Аскалиева Нургуль Ракыевна
Аскалиева Нургуль Ракыевна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Бердалиева Жылдыз Имакеевна
Бердалиева Жылдыз Имакеевна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Бектурганова Асель Орумбековна
Бектурганова Асель Орумбековна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Таалайбекова Мээрим Таалайбековна
Таалайбекова Мээрим Таалайбековна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Аламанова Элмира Азисбековна
Аламанова Элмира Азисбековна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Окутуучу
Абдылдаева Нурзат Эсенбековна
Абдылдаева Нурзат Эсенбековна
Кызматы:
Улук Окутуучу
Баатырова Нурайымкан Жумабековна
Баатырова Нурайымкан Жумабековна
Кызматы:
Кафедранын окуу бөлүмүнүн башчысы, улук окутуучу
Ниязалиева Джамийла Карыбековна
Ниязалиева Джамийла Карыбековна
Кызматы:
Улук окутуучу
Исмаилов Фурхат Абазканович
Исмаилов Фурхат Абазканович
Кызматы:
Окутуучу
Акатова Майрам Бактыбековна
Акатова Майрам Бактыбековна
Кызматы:
Окутуучу
Асранкулова Гульбарчын Алишеровна
Асранкулова Гульбарчын Алишеровна
Кызматы:
Окутуучу
Майрамбекова Мимоза Майрамбековна
Майрамбекова Мимоза Майрамбековна
Кызматы:
Окутуучу
Сагынбекова Элиза Сагынбековна
Сагынбекова Элиза Сагынбековна
Кызматы:
Окутуучу
Сапыева Назгул Сапыевна
Сапыева Назгул Сапыевна
Кызматы:
Окутуучу
Амангазиева Мээрим Амангазиевна
Амангазиева Мээрим Амангазиевна
Кызматы:
Улук лаборант
Кулматова Гүлсана
Кулматова Гүлсана
Кызматы:
Лаборант
Адылбекова Перизат Адылбековна
Адылбекова Перизат Адылбековна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

Кыргыз мамлекеттик медициналык институту 1939-жылы ачылган, ал эми 1940-жылы биохимия кафедрасы түзүлгөн.

1940-1945-жылдары Москва мамлекеттик университетинин «биохимия» адистигинин бүтүрүүчүсү Илья Ильич Иванов КММИнин биохимия кафедрасынын алгачкы башчыларынын бири болгон.

Профессор И.И. Иванов КММИнин биохимия кафедрасынын калыптанышына жана кадрларды даярдоого чоң көңүл бурган. Ошондой эле профессор И.И. Ивановдун өздүк документтеринде академиктер В.А. Энгельгардттын жана Б.И. Збарскийдин илимий ишмердүүлүгү тууралуу оң пикирлер айтылган.

1941-жылы КММИнин биохимия кафедрасы Харьков медициналык институту менен кошулган.

Петербург технологиялык институтунун химия факультетинин бүтүрүүчүсү Александр Леонидович Бродский 1945-1948-жылдары биохимия кафедрасын башкарган, ошол эле учурда органикалык химиядан лекция окуган.

Ал эми 1948-1954-жылдары биохимия кафедрасын медицина илимдеринин доктору Борис Абрамович Рашкован жетектеген. Бул мезгилде кафедрада биохимия адистери жетиштүү болуп калган.

Иванов Илья Ильич Бродский Александр Леонидович Рашкован Борис Абрамович

1945-жылдын 1-февралынан тартып 1963-жылга чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, профессор, медицина илимдеринин доктору Кузьма Гаврилович Конопелько биохимия кафедрасын жетектеген. Андан кийин 1963-1986-жылдары кафедраны профессор, медицина илимдеринин доктору Борис Михайлович Копытин башкарган.

Б.М. Копытин 1944-жылы Москва медициналык институтун бүтүргөндөн кийин Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун Медициналык илимдер академиясынын Эксперименталдык биология институтунун «Патологиялык физиология» кафедрасында аспирантураны аяктаган.

Профессор Б.М. Копытин тарабынан 100дөн ашык илимий эмгек жарыяланып, 5 илимдин кандидаты даярдалган. Анын окуучулары кафедранын доценттери Э.М. Кучук жана

К.А. Бозумова болуп саналат.

Профессор Б.М. Копытин СССРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз ССРинин саламаттык сактоосунун отличниги наамдарына ээ болгон.

Чотоев Жакен Айтиевич Сыдыков Жумабай Сыдыкович Копытин Борис Михайлович

2002-жылы «Жалпы жана биоорганикалык химия», «Биологиялык химия» жана «Жогорку математика курсу менен медфизика» кафедралары бириктирилип, «Табигый-илимий дисциплиналар» кафедрасы болуп түзүлгөн. Бул кафедранын башчысы болуп УИАнын корреспондент-мүчөсү, химия илимдеринин доктору Ф.В. Пищугин дайындалган, ал эми  2004-жылдан тартып химия илимдеринин доктору, профессор Жумабай Аликеевич Аденов жетектеген.

Кафедраны 2005-жылдын сентябрь айынан тартып, 2009-жылга чейин доцент, биология илимдеринин кандидаты Куляй Асановна Бозумова жетектеген, ал эми кафедранын профессор-консультанты болуп УИАнын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор А.А. Алдашев дайындалган.

Бозумова Куляй Асановна кандидат биологических наук доцент

Алдашев Алмаз Адулхаевич биология  илимдеринин доктору, УИАнын академиги

2009-жылдын сентябрь айынан тартып кафедраны Улуттук илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор А.А. Алдашев жетектеген.

Алдашев Алмаз Абдулхаевич:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
  • УИАнын «Химия-технологиялык, медико-биологиялык жана айыл чарба илимдери» бөлүмүнүн төрагасы;
  • академик М. Миррахимов атындагы «Кардиология жана терапия улуттук борборунун» алдындагы молекулярдык биология жана медицина илимий-изилдөө борборунун негиздөөчүсү жана директору;
  • Улуттук илимдер академиясынын президиумунун мүчөсү болуп эмгектенген. 

Ал көптөгөн баяндамалардын жана эмгектердин автору:

  1. Blunted activation of Rho – kinase in yak pulmonary circulation.- Biomed Res INT.- 2015;720250
  2. Cerebral oxygenation in highlanders with and without high altitude pulmanoryhypertensi on.
  3. Pathophysiology andtreatment of high – altitude pulmanory vascular disease.- Circulation.- 2015.Feb 10;131(6): 582- 90. Review.
  4. The zinc transporter ZIP 12 regulates the bpulmonary vascular response to chronic hypoxia.- Naturew.- 2015.-Aug.10. doi:10.1038 nature 14620.(Epub ahead of print)
  5. Ассоциация полиморфного маркера G276Т гена адипонектина с абдоминальным ожирением в кыргызской популяции.- Проблемы эндокринологии.-2015.-Т.61.-№1.- С.46-50.
  6. Связь Т455С полиморфизма гена аполипопротеинаС- IIIс инсулинорезистентностью и компонентами метаболического синдрома.- Кардиология.-2015.-№6.

«Физикалык жана коллоиддик химия курсу менен жалпы химия» кафедрасы 1939-жылы түзүлгөн. Кафедра түзүлгөндөн берки жетекчилери:

  • Кравченко Сергей Семенович (1939-1963-жж.),
  • доцент Зуев Борис Николаевич (1964-1972-жж),
  • доцент Ташматов Калыс Ташматович (1972-1976-жж),
  • медицина илимдеринин доктору, профессор Артыкбай Джумалиевич Джумалиев (1976-1994-жж),
  • доцент, медицина илимдеринин кандидаты Жакин Айтиевич Чотоев (1994-1999- жж),
  • УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Федор Васильевич Пищугин (2002-2004-жж),
  • химия илимдеринин доктору, профессор Жумабай Аликеевич Аденов (1999-2012- жж).

Кафедранын түптөлүшүнө жана врачтарды даярдоого С.Е. Слатвицкий, А.Д. Джунусов,

Т. Б. Бегалиев, К.А. Абыкеев, И.А. Стваночук, А.Б. Ботонбекова, К.С. Султанова,

З.Б. Исманова чоң салым кошушкан.

Профессор Ж.А. Аденов жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо, республикада билим берүү жана илимге кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер наамына ээ болгон.

  

Ал эми профессор Ф.В. Пищугин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2012-жылы «Биологиялык химия» жана «Жалпы жана биоорганикалык химия» кафедралары бириктирилип, «Фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасы түзүлгөн. 2016-жылдын июль айынан кафедранын аталышы «Жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы» болуп, жетекчилигине биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.А. Махмудова дайындалган.

2016-жылдын 29-ноябрында Ж.А. Махмудова «Кардиоспецифические ферменты как маркеры особенностей течения кардионекроза в условиях высокогорья» аттуу темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактап, диссертациялык иши Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунда бекитилген. Учурда кафедрада 17 окутуучу эмгектенет, анын ичинде 2 илимдин доктору, 1 профессор, 3 доцент, 7 илимдин кандидаты, 4 ага окутуучу жана 6 окутуучу бар. Кафедранын кызматкерлеринин көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниктери болуп саналат (УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Ф.В. Пищугин, биология илимдеринин доктору, доцент Ж.А. Махмудова, биология илимдеринин кандидаты, доцент К.А. Бозумова ж.б.

2017-жылдан тартып кафедра медицина илимдеринин доктору, профессор, СССРдин саламаттык сактоосунун отличниги, Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо жаатындагы эмгек сиңирген кызматкери Артыкбай Джумалиевич Джумалиевтин ысымын алып жүрөт.

Профессор Джумалиев А. Дж.

А.Дж. Джумалиев биохимия, физиология жана бийик тоолуу шарттардагы зат алмашуунун патологиясы жаатындагы адис болгон. Анын докторлук диссертациясынын темасы: «Особенности патогенеза и проявлений аллоксанового диабета в условиях высокогорной адаптации и деадаптации организма». Артыкбай Джумалиевич Кыргызстандын тоолуу аймактарында радиациялык оорунун жана кант диабетинин патогенезинин өзгөчөлүктөрүн эксперименталдык түрдө изилдеген. Кафедранын түптөлүшүнө жана дарыгерлерди даярдоого зор салым кошкон.

Окутуунун ишмердүүлүгү

Кафедрада окутуу бардык факультеттерде орус, кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, фармацевтикалык орто билимдин базасында жогорку фармацевтикалык билим берүүчү кечки бөлүмдө да студенттер билим алышат.

Окутуу үч программанын негизинде жүргүзүлөт: биринчиси — дарылоо иши жана педиатрия, экинчиси — стоматология, ал эми үчүнчүсү — фармацевтика багыты боюнча. Бул программалардын алкагында атайын багытталган бөлүктөр камтылган, тактап айтканда: балдар организминдеги зат алмашуунун өзгөчөлүктөрү, ооз көңдөйүнүн биохимиясы жана ксенобиотиктердин алмашуусу.

Мындан сырткары, кафедранын окутуучулары «Дарылоо иши» факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн клиникалык биохимия боюнча сабак өтүшөт.

Кафедрада куратордук иштер бардык окутуучулар тарабынан бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт. Кафедранын окутуучулары №1 «Дарылоо иши» факультетинин студенттери менен иш алып барып, куратордук сааттар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Дарылоо факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн улук куратордун жана кураторлордун жетекчилиги астында таанышуу кечелери дайыма уюштурулат. Ошондой эле, кураторлор тарабынан студенттер менен биргеликте карылар жана балдар үйүнө баруу иш-чаралары уюштурулуп турат. 

Кафедра КГМАда өткөрүлүүчү «Нооруз», «Жеңиш күнү», «Студенттер катарына кабыл алуу» сыяктуу иш-чараларга активдүү катышат. Мындан тышкары, №7 жана №8 жатаканаларда нөөмөт иштерин жүргүзүү уюштурулган.

Химия илимдеринин кандадаты Н.Р. Аскалиева «Кребс циклинин субстраттары» темасында лабораториялык сабак жүргүзгөн учуру

Ага окутуучу Баатырова Н. Ж. жетекчилиги астында

 илимий-практикалык сабак өткөрүүлүдө

Илимий изилдөө иштери

Илимий-изилдөө иштерине байланыштуу учурда кафедрада «Жогорку тоолук шарттардан төмөн тоолук шартка реадаптация учурунда малдардагы катехоламиндик кардионекроздун жүрүшү жана анын фармакотерапиясынын эксперименталдык илимий негиздөөсү» темасы боюнча адабияттык изилдөө жүргүзүлүүдө.

Биология илимдеринин доктору Ж.А. Махмудованын жетекчилиги астында кафедра аспиранты М.Т. Таалайбекова төмөнкү темада биохимиялык жана морфологиялык изилдөө жүргүзүүдө: «Жогорку тоолук шартта катехоламиндик миокард некрозу менен жабыркаган малдардын миокард метаболизминин милдронат таасири жана төмөн тоолукка реадаптация шартындагы таасири».

Ошондой эле Ж.А. Махмудова КММАнын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасынын аспиранттары Ж.Т. Кеңешов («Төмөн тоолук шартында реадаптациядан кийин эксперименталдык кардионекроз учурунда жүрөктүн морфологиялык жана биохимиялык өзгөчөлүктөрү») жана Ч.К. Мукаева («Төмөн тоолук шартында реадаптациядан кийин эксперименталдык кардионекроз учурунда бөйрөктүн морфологиялык жана биохимиялык өзгөчөлүктөрү») темаларындагы илимий иштерин жетектейт.

Профессор Ф.В. Пищугин «Биологиялык активдүү жана дары-дармек препараттарын синтездөө» темасында илимий изилдөө жүргүзүүдө.

Окутуучу Н.Р. Аскалиева «Антранилов кислотасынын металл комплекстеринин синтези, түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрүн изилдөө» темасында кандидаттык диссертациясын коргогон.

Химия илимдеринин кандидаты Ж.И. Бердалиева төмөнкү темада изилдөө жүргүзүүдө: «Биваленттүү металдардын туздары менен N-N лиганддарды камтыган координациялык кошулмаларды синтездөө, түзүлүшү жана касиеттери».

Окутуучу Н.Э. Абдылдаева «Аллофанамиддерден жана өтүүчү металдар туздарынан түзүлгөн үчтүк системаларда кислоталарды амиддерди синтездөө» темасында илимий ишин жүргүзүүдө.

Окутуучу А.О. Бектурганова «Жогорку тоолук шартка адаптация жана деадаптация учурунда адам жана малдардын перифериялык кан лейкоциттериндеги морфофункционалдык өзгөрүүлөр» темасында илимий ишин коргоду.

Окутуучу Ж.К. Келгенбаева «Fe-, Sn- жана In-нано структуралык системаларды импульстук плазма методунун жардамы менен суюктуктарда синтездөө жана изилдөө» темасында илимий диссертациясын Японияда (2015-ж.) жактаган. Жаш илимпоздун дипломун Кыргыз Республикасынын ЖАК нострификациялап, 26.12.2018-ж. химия илимдеринин кандидаты даражасы ыйгарылган.

Кафедранын кызматкерлери илимий макалаларды Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн илимий журналдарында жарыялап турушат. Студенттер илимий коомдун мүчөлөрү болуп, биздин мамлекетте жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн илимий конференцияларда докладдар менен катышат. Студенттердин илимий коомун биология илимдеринин доктору Ж.А. Махмудова жетектейт.

А.О. Бектурганова илимий тажырыйбаларды жүргүзүү учурунда

Х.и.к., окутуучу Бердалиева Ж.И. КР УИАсынын химия институнда илимий- изилдоо иштерин жургузу учурунда

2018-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары

К.Г. Кожобеков авторлорго «Биохимия» окуу китебин ыйгарган.

«Кыргыз Республикасында 2015–2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы» алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Биохимия» окуу китеби 2018-жылдын май айында басылып чыккан. Авторлор: К.А. Бозумова, А.С.Турдубекова, Б.М. Дюшеева жана Н.Ж. Баатырова.

Дисциплиналар

Жалпы жана клиникалык биохимия, жалпы жана биоорганикалык химия. 

Кайрымдуулук акциялар

Ар окуу жылында кафедранын жамааты жана студенттери кайрымдуулук акцияларын өткөрүп келишет.

Беловодск балдар үйүнүн тарбиялануучуларына оюн-зоок программасы тартууланды. Иш-чаранын аягында балдарга таттуулар жана белектер тапшырылды.

Студенттердин илимий конференцияларга жана олимпиадаларга катышуусу

Кыргыз–Түрк «Манас» Университетинде II Эл аралык биологиялык конгресстин «Биомедицина» секциясында «Дарылоо иши» факультетинин 1-курсунун 3-тайпасындагы студенти А.В. Вахидов илимий доклад окуду.

КММАнын Илим күнүнө карата М.Т. Таалайбекова жаш илимпоздор менен биргеликте доклад окуду.

Профессор А.Дж. Джумалиевдин 90 жылдыгына арналган КММАнын студенттери арасында биохимия боюнча олимпиада өткөрүлдү.

Башкыр Мамлекеттик медициналык университетинде «Биохимик-21» секциясы боюнча

Бүткүл Россиялык интеллектуалдык олимпиаданын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды.

И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москвалык Мамлекеттик медициналык университетинде «Педиатриянын виртуозу» аттуу студенттердин жана жаш окумуштуулардын үчүнчү Бүткүл Россиялык педиатриялык форумунун «Билимдин калейдоскопу» секциясына Педиатрия факультетинин студенттери катышты.

Башкыр Мамлекеттик медициналык университетинде «Биохимик-22» секциясы боюнча Бүткүл Россиялык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды.

С.Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде «Биологиялык химия» секциясы боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды.

С.Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде «Биологиялык химия» секциясы боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү — англис тилинде окутулуучу Дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенти Mahendra Kumar Kashyap.

С.Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде «Биологиялык химия» секциясы боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү — Дарылоо иши факультетинин 3-курсунун студенти Э. Зикиров.

И.К. Ахунбаевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналган, фундаменталдык дисциплиналар боюнча медициналык ЖОЖдордун студенттеринин Эл аралык олимпиадасы. «Биологиялык химия» секциясы.