№2 дарылоо иш факультети
Айдаров Зиябидин Абдирайимович
Айдаров Зиябидин Абдирайимович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Декан
Кызматкерлер
Байсалов Мирбек Казиевич
Байсалов Мирбек Казиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
4-5-6-курстар боюнча декандын орун басары
Атакулов Нурбек Асылбекович
Атакулов Нурбек Асылбекович
Кызматы:
1-2-3 курстар боюнча декандын орун басары
Осконбекова Марифат Осконбековна
Осконбекова Марифат Осконбековна
Кызматы:
катчы

Кыскача тарыхы

1939-жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССРнин элдик комиссарлар Кеңеши медициналык институтту ачуу боюнча токтом кабыл алган. Бул маанилүү документтин биринчи пунктунда «1939-жылдын 1-сентябрынан 1-курска 200 студентти кабыл алуу менен Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институту ачылсын» деп көрсөтүлгөн.

Ошол мезгилден тарта КММИде бирден бир жетектөөчү, алдыңкы факультеттердин бири дарылоо иши факультети өз ишин баштаган. Факультетти кыргыз элине белгилүү профессорлор жетектеп келишкен. Алсак, Тилис Ю.А., Лямцев В.Т., Зурдинов А.З., Мамытов М.М., Мамбеталиев Б.С., Насыров В.А., Кенжаев М.Г. ж.б.

2012-жылы сентябрь айында ректордун буйругу менен дарылоо иши факультети №1 жана  №2 болуп экиге бөлүнгөн. №1 дарылоо иши факультетин м.и.д. Бейшенбиева Г.Ж., №2 дарылоо иши факультетин  м.и.д., профессор Куттубаев О.Т., ал эми 2016-жылдан тарта №2 дарылоо иши факультетин м.и.д., профессор Ч.К.Калканбаева жетектеп келген.

Калканбаева Ч.К. узакка созулган оорудан кийин 62 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өттү.

Калканбаева Ч.К. 1958-жылы 24-февралда Нарын областына караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо иши факультетин аяктаган. Ошол эле жылы Токмок шаарындагы төрөт үйүнө врач-интерн болуп кабыл алынган.

1982-1984-жылдары Бурулдай аймактык ооруканасында, 1984-1987-жылдары Фрунзе шаарындагы клиникалык төрөт үйүндө акушер-гинеколог болуп иштеген. 1985-1987-жылдары Фрунзе шаарындагы №4 төрөт үйүнө акушер-гинеколог орунга которулган.

1987-жылы Калканбаева Ч.К. КММИнин №1 акушердик  жана гинекология кафедрасынын ассистенти болгон.

1992-жылы кандидаттык, 2004-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1996-жылы Жогорку аттестациялык комиссиянын чечимине ылайык медицина илимдеринин доценти илимий даражасына ээ болгон. 2009-жылы И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын №2 акушердик жана гинекология кафедрасына  профессордун милдетин аткаруучу орунга бекиген. 2013-жылы профессордук наам ыйгарылган.

Азыркы учурда №2 дарылоо иши факультетин м.и.д., профессор Айдаров Зиябидин Абдирайимович жетектөөдө.

Жалпы маалымат

Дарылоо факультети – терапевттерди, хирургдарды, невропатологдорду, акушер-гинекологдорду, травматологдорду, отоларингологдорду, окулисттерди, онкологдорду, дерматологдорду, инфекционисттерди, үй- бүлөлүк дарыгерлерди, фтизиатрларды, психиатрларды, нейрохирургдарды, урологдорду ж.б. адистеги дарыгерлерди даярдоодо КММИ флагманы болуп эсептелет.

Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда, КМШ өлкөлөрүндө, АКШ, Израилде, Германияда, Турцияда, Белгияда, Голландияда, Австралияда, Кытайда, Англияда, Иракта, Пакистанда, Индияда, Непалда, Сирияда, Кореяда, Афганистанда, Иорданияда, Грецияда, Мароккодо, Суданда ж.б. өлкөлөрдө иштеп жатышат. Дарылоо факультетинин студенттери – көптөгөн илимий эл аралык конгресстердин, ар түрдүү конкурстардын (КВН, «Весна Ала» ж.б.) катышуучулары жана дүйнөлүк спорт чеберлери.

     Дарылоо факультетинин  дээрлик бардык кафедралары компьютерлер жана аймакка жогорку дергээлдеги дарылоо жардамын көрсөтүү үчүн диагностикалык жана дарылоо комплекстери менен жабдылган. Факултеттин окутуу программалары алдыңкы дүйнөлүк программалардын деңгээлинде ишке ашырылат.

Жетишкендиктери тууралуу маалымат

Дарылоо факультетинин  клиникалык базасы болуп төмөнкүлөр эсептелет: КР ССМ Улуттук госпиталы, Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борбору, Улуттук терапия жана кардиология борбору, Бишкек ортопедия жана травматология илимий-изилдөө борбору, Бишкек шаардык №1 ооруканасы, Шаардык перинталдык борбор, №2 клиникалык  төрөт үйү, Улуттук хирургиялык борбор, Шаардык медициналык тез жардам  балдар клиникалык ооруканасы, Улуттук онкология жана радиология борбору, №6, №7, №18 үй-бүлөлүк медицина борбору.

КММА дарылоо факультетин ар кайсы мезгилдерде бүтүргөн  КР ИА академиктери: И.К.Ахунбаев, К.Р.Рыскулова, А.А.Алтымышев, М.М.Мамакеев, М.М. Миррахимов, Д.И.Кудаяровдор болгон. Корреспондент мүчөлөрү: КР ИА А.М.Ибраимов, А.Р.Раимжанов, М.Т.Тыналиев, Д.А.Адамбеков, С.А.Джумабеков, А.З.Зурдинов, Р.А.Оморов ж.б.

Биздин факультеттин бүтүрүүчүлөрү – эмгек сиңирген дарыгерлер жана КР илимине эмгек сиңирген ишмер – профессорлор: Б.С.Мамбеталиев, ДюА.Алымкулов, В.А.Насыров, А.И.Саенко, Н.И.Ахунбаева, Ж.Н.Нурмамбетов, И.Т.Калюжный, Т.И.Покровская, Г.А.Фейгин, А.И.Ильин ж.б.

Студенттик жашоо

Педиатрлар оюну

Жаңы жыл

Илим күнү – 2017

Ректордун кубогу

Курсанттык бал