- [email protected]
- 0 (312) 56 55 52
- Тыныстанов, көчөсү 1

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Кафедра башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Должность:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Улук лаборант
50 жыл аралыгында Кыргызстандагы тери жана венерология кызматы
Совет бийлигинин биринчи жылдарында саламаттык сактоо мекемелеринин эң негизги маселеси - бул көп таралган жугуштуу оорууларынын жайылып кетишине каршы иш-чара көрүү болчу. 1922-жылдан баштап республиканын аймактарына жана шаарларына айкалышкан жугуштуу ооруулар жайылып кетишине каршы көчүрүлмө топтор жиберилген.
ОСФСР Саламаттык сактоо Элдик Комиссариаты жана Россиялык Кызыл Крест коому менен Кыргызстанга 1922-жылдан 1926-жылга чейин сегиз венерологиялык топ жиберилген (1922-жылы - бир,1924-жылы - эки,1926-жылы – беш). Бул топтор КР калк арасында дарылоо, алдын алуу жумуштарын өткөргөн.
Венерикалык жана жугуштуу тери оорууларына чалдыккандарды дарылоо жана алдын алуу мекемеси 1923-жылы А.А.Северов менен Пишпек шаарында ачылган Россиялык Кызыл Крест коомунун венерологиялык амбулаториясы болгон. Кийин Токмок, Кочкор, Пржевальск, Нарын, Ош шаарларында венерологиялык пункттар ачылды. Шаарлардын калкын дарылоодо, алдын алууда амбулаториялар жаңыдан өсүп келе жаткан жардам бере албай, кийин 1936-жылы бул амбулатория шаардык, андан кийин 1937-жылы республикалык тери венерология диспансерине айланды. Аны Сажин башкарды.
Диспансер усулдук-уюштуруу жана дарылоо иштери боюнча республиканын аймактарына дарыгерлерди жиберген. Алар чоң кыйынчылыктарга карабастан жер-жерлерде венерологиялык пункттарды ачуу чарасын көруп, атайын персонал, жабдуулар жана дары дармектер менен камсыздаган. Андан тышкары диспансер дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатуу үчүн тери венерология бонча иш-чараларды өткөргөн.
1922-жылдан 1957-жылга чейин Кыргызстанда 249 топ уюшулуп, анын ичинде 279 дарыгер иштеген. Топтор жер-жерлердеги пункттарды жалаң текшерүү жана дарылоо иштерин гана эмес, санитардык түшүндүрүү боюнча чоң жумуш өткөрүшкөн.
Экспедициялар проф. П.В. Кожевников сунушу боюнча бардык жер- жерлердеги бейтаптарды кыдырып дарылоонун натыйжасында бейтаптарды амбулатордук шартта дарылоого мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Ошондой эле өлкөдө тери венерологиялык кызматынын өнүгүшүнө, тери венерологиясы боюнча маселелер дарыгерлерди жана орто медперсоналды даярдоодо чоң практикалык жардам берди.
1937-жылы Фрунзе венерологиялык диспансеринде биринчи серологиялык лаботатория ачылган. 1938-жылы Ош венерологиялык диспансеринде ачылган.
1941-жылы КММИ МТВД базасында профессор Ябленик баштаган тери венерологиялык кафедрасы ачылган. Кийинки жылдары төмөнкү дарыгерлер кафедра башчысы кызматын өтөгөн: доцент Северов А.А., доцент Теплиц В.В., профессор Сосонкин, доцент Сизов И.Е., доценттер Осмоналиев М.К., Тулаинова И.К., профессор Балтабаев М.К., м.и.д. Койбагарова А.А.
2002 –жылы РТВД Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан Республикалык клиникалык жугуштуу ооруулар бейтапканасынын короосуна көчүрүлгөн.
Бүгүнкү күндө ЖЖИ жана тери ооруусу менен ооругандардын көпчүлүгү алгач үй- бүлөлүк дарыгерлерге кайрылат.Тери венерология дарыгерлери консультативдик жардам көрсөтүп, дерматоздордун оор формаларын жана ЖЖИ кабылдоолорун көзөмөлдөшөт.
2003-жылдын 6-июнунда КММА Тери венерологиялык кафедрасы жана РТВД менен “теривенеролог жана косметологдор ассоциациясы” АУ уюштурулган.
2007-жылдын 31-декабрынан баштап РТВД директорунун кызматын
м.и.к. Юсупова Д.М. аркалап келет.
“Манас таалими” Саламаттык сактоо реформасы боюнча Улуттук программасы аркылуу ишке ашыруу КР ССМ 14.10.2009-жылы №712 буйругу менен Республикалык тери жана венерология диспансери КР ССМ республикалык тери венерологиялык борборуна өзгөрүлдү. “КР тери венеролог жана косметологдор ассоциациясынын” АУ натыйжасында республиканын бүткүл областтарынын тери венерологдоруна, урологодоруна, гинекологдоруна жана үй-бүлөлүк дарыгерлерине тери венерология жана косметологиянын актуалдуу маселелери боюнча “Тери венерологиялык окуулары” боюнча лекциялар уюштурулуп өткөрүлгөн.
КР Саламаттык сактоонун бүткүл тармагына сифилистин, гонореянын, хламидиоздун диагностикасы, дарылоосу клиникалык колдонмосун киргизүү боюнча окуу семинарлар өткөрүлгөн.
Клиникалык колдонмо жана протоколдорду иштеп чыгуу эксперттик кеңеши иш планына байланыштуу тери жана венерологиялык оорууларды дарылоо жөнүндө клиникалык протоколдорун иштеп чыгарууда.
Ассоциация компьютерлик тестирлөөгө жана аттестацияга өз базасында теривенерологдорду, лаборанттарды, медайымдарды даярдап келет. РТВБ бейтаптар үчүн атайы базасында “Псориаз мектеби” жана “ Атопикалык дерматит мектеби” уюштурулуп иштеп келет. Жыл сайын илим менен иш алып барат.КММАнын тери жана венерология кафедрасы 1941-жылы уюштурулган.
Кафедранын биринчи башчысы эмгек сиңирген ишкер профессор Б.С. Ябленик (1941-1952-ж) болгон. Бул жылдары сифилисти жана гонореяны дарылоо, псориаздын этиология жана патогенези аны дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча илимий изилдөөлөр өткөрүлгөн. 4 илим кандидаты даярдалган.
1952-жылы кафедраны эмгек сиңирген дарыгер, доцент А.А. Северов башкарган. Ал Республикалык тери венерологиялык кызматын башкаруучу жана биринчи уюштуруучу болгон. 1 медициналык илимий кандидат даярдалган.
1956-жылдан баштап кафедраны м.и.к. доцент В.В.Теплиц башкарган. Бул жылдары сифилисти аныктоо жана дарылоо маселелери, ошондой эле дерматомикозду дарылоо жана алдын алуунун кээ бир аспекттери изилденген. 2 м.и.к. даярдалган. Аны И.Е. Сосонкин башкарган.
1978-1979-окуу жылында м.и.к., доцент Болжиев А.Б. кафедра башчылыгынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын башкаруусунда педагогикалык процесс жетилген.
1979-жылдан 1993-жылга чейин кафедраны м.и.к. доцент Ч.С.Серов башкарган. Анын илимий ишмердигинин багыты: венерологиялык оорулардын жайылуусунун социалдык-биологиялык аспекттерин, псориаздын патогенезинин патологиялык иммунологиялык звеносун, гонореялык эмес уретриттерди дарылоону, котурдун эпидемиологиясы, өнөкөт дерматоздордун түрдүү тоолуу жерлерде өтүүсүн, кесиптик дерматоздорду дарылоону изилдөө жана анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык диссертация даярдалган.
1993-жылдан 2001-жылга чейин кафедраны м.и.к. доцент М.К. Осмоналиев башкарган. Ал 90 ашуун илимий иштердин, “8 методикалык сунуштамалардын, 6 актуалдуу жайылтуу колдонмосунун автору. Анын башкармалыгы астында кафедра венерологиячөйрөсүндө реформаларды өткөргөн сифилис менен ооругандарды амбулатордук дарылоого өткөрүү, мамлекеттик кызматтарга параллелдүү альтернативдик кызматтарды уюштуруу. Биринчи Эл аралык тери венерологдорунун илимий-практикалык конференциясы өткөрүлгөн.
2002-жылдан 2004-жылга чейин кафедраны м.и.к. доцент Тулаинова И.К. башкарган. Бул убакыттын ичинде 1 м.и.к. даярдалып, 2 илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, 3 методикалык колдонмо чыгарылды.
2004-жылы кафедраны кыскартууга байланыштуу жугуштуу ооруулар кафедрасынын курамына кирген тери жана венерология курсу уюштурулган.
2005-жылдан 2015-жылга чейин кафедраны м.и.д., профессор Балтабаев М.К. башкарган. Анын жетекчилиги атында 7 кандидаттык диссертация жана 2 доктордук иш корголгон.
2015-жылдан баштап м.и.д., профессор Койбагарова А.А кафедра башчысы болуп келет. Ал 6 ашуун илимий иштерди, 7 окуу методикалык куралдын, 1 монографиянын жана 3 патентти ойлоп табуунун автору. 2012-жылдан ЭМС Координациялык Кеңешинин мүчөсү. А.А Койбагарованын башкаруусунда 4 аспирант окуудан өтүшөт(алардын бири Сауд Аравиянын жарааны).
Бир нече сыйлыктардын ээси: КР ССМ Ардак грамотасы (2011-жыл), Бишкек шаардык кеңишинин Ардак грамотасы (2014-ж), КР ССМ “Саламаттык сактоо отличниги” күбөлүгү жана төш белгиси (2014-ж), “КР патриоту” сериясынын күбөлүгү жана белгиси, Бишкек шаардык кеңеши (2016-ж).
А.А. Койбагарованын жетекчилиги атында тери косметология активдүү өнүгө баштады. 2017-жылы КММА астында тери косметологиясы боюнча кайра даярдоо курсу ачылды жана тери косметологиясы боюнча дарылоо, Педиатрия жана Медик-профилактикалык иштер факультеттеринин студенттерине элективдер киргизилген.
Тери венерологиясы боюнча клиникалык ординатура жана аспирантура бар.
2011-жылдан м.и.д., Койбагарова А.А. жана профессор Балтабаев М.К., кийинчээрек м.и.д Усубалиев М.Б.ЭМС Координациялык Кеңешине мүчө болуп киришти.
Жыл сайын “Теривенерологдор жана косметологдор ассоциациясы” жана РТВБ менен биргиликте “Теривенерология окуулары” жүргүзүлүп келет, ал эми 2006-жылдан тартып, Ош шаарына ,Чуй жана башка облустарда да өткөрүлүп турат.Китептери жана монографияары;
- Осмоналиев М.К. “Жыныстык жугуштуу инфекциялар жана АиВ/СПИД”
- М.К. Балтабаев “Жалпы теривенерология” КОСУ басма үйү, 2013-ж. 482 барак.
- М.К. Балтабаев, Д.Н. Сыдыкова. “Атопикалык дерматит” (патогенетикалык аспекттери жана дарылоону жакшыртуу), Hambert academic publishing (Германия). 2013-ж. 125 барак.
- Усубалиев М.Б. “Кыргыз Республикасындагы мите козу карын ооруларынын эпидемиологиясынын аспекттери жана аны дарылоону жакшыртуу” Бишкек, 2013-ж. 268 барак.
- Койбагарова А.А. “Жашыруун инфекциялар, радиация,” Кыргыз Республикасы, “Алтын тамга” басма үйү 2014-ж. 124 б.
- Койбагарова А.А. жана авторлоштор “Амбулатордук практикада микробдорго каршы каражаттарды рационалдуу колдонуунун тактикасы жана стратегиясы”. Евразиялык клиникалык сунуштама. ММО “Альянс” 2016-ж. 224 б.
- Кожанов А.С. Усубалиев М.Б. “Кыргыз Республикасында псориаздын клинико-эпидеиологиялык аспекттери”, “Коомдук саламаттык сактоо боюнча Борбор Азиялык илимий-практикалык” журналы, Алмата, 2015-ж. №1 21-29 б.
- Кожанов А.С., Усубалиев М.Б., Койбагарова А.А. “Жөнөкөй псориаздын жергиликтүү дарылоонун түрдүү методдорунун натыйжалуулугу илим жана билимдин акыркы көйгөйлөрү”, Москва 2016-ж №6 168-175-б.
- Балтабаев М.К., Балтабаев А.М. “Диффуздук чач түшүү энтеропатикалык акродермиттин бир көрүнүшү”, “Трихология” журналы, “Косметика жана медицина” басма үйү. Москва ш. Орус Федерациясы, “2016-ж. №3 44 ;7-б.
- Балтабаев М.К., Шакирва А.Т., Балтабаев А.М. “Rosaceaны дарылоонун жаңы жолдору”, КОСУ жарчысы 2016-ж. 16-том, №11 8-12б.
- Балтабаев М.К., Ткачев В.П., Балтабаев А.М. “Уялуу тасты дифференциалдык дарт аныктоо алгоритми”, “Тери жана венерология оорулары” журналы (Россия). Москва 2016-ж. 19(6) 359-364-б.
- Балтабаев А.М., Ниязов Б.С.,Балтааев М.К.,Токталиев Дж.Дж.. “Уялуу тастын жүрүшүнүн азыркы мезгилдеги клиникалык аспектилери. Сonsilium medicum (Тери жана венерология). Москва. 2016. №4.10-14 б.
- Балтабаев М.К., Шакирова А.Т.,Балтабаев М.К.. “Розацеанын дарылоосунда L-аргинин жана урсодезоксихол кычкылынын клиникалык натыйжасы”, “Тери жана венерология” жарчысы. Москва- 2016- ж., №6, 34-42 б.
- Усубалиев М.Б., Исламова Г.Р. “Кыргыз Республикасында 27 жыл аралыгында котур менен оору динамикасы”, (1990-2016- жж.), “Медициналык микология маселелери”- Санкт-Петербург, 20 том №2 – 121 б.
- Усубалиев М.Б., Кожанов А.С., Ибраимова А.Дж. “Кадимки псориаз менен ооругандардын социалдык-гигиеналык мүнөздөмөсү”, “Илим жана билимдин акыркы убакыттагы көйгөйлөрү”
- Шакирова А.Т. “Орто жана оор абалдагы кадимки безетки менен ооруган жаш курактуу бейтаптардын комплаесин дарылоо натыйжасына жана жашоосунун сапат көрсөткүчтөрүнө болгон таасири”. “Колдонмо жана фундаменталдык изилдөөлөөр”- Эл аралык журнал. Москва – 2017-ж. №2 (1 бөлүм), 2017-ж. – 33-36 -б.
- Усубалиев М.Б., Койбагарова А.А., Ибраимова А.Дж., Кадырова А.И., Нурматова Б.Н.. “Баштын түктүү жагынын ширелме-ириң трихофитиясы менен ооругандардын иммундук статусуна байланыштуу комплекстик дарылоо” КММА жарчысы – 2018, №1 49-53 б.
- Койбагарова А.А., Балтаев М.К., Усубалиев М.Б., Эрнисова М.Э.. “Өнөкөт жайылмалуу (бүртүктүү) кандидоз: узак каралган клиникалык окуя”. И.К.Ахунбаев атындагы КММА жарчысы. Академик К.Р. Рыскулованын 100 жылдыгына арналган КММА-2018-жылдагы илим күнүнө карата материалдар жыйнагы. Бишкек 2018-ж. 98-103 б.
Окуу-методикалык колдонмолор.
- Балтабаев М.К., Койбагарова А.А., Усубалиев М.Б., Токталиев Дж. Дж., Калыбекова Г.М., Кожанов А.С., Шакирова А.Т., Ахмедов М.Т., Ибраимова А.Д.. “Пиодермиялар (методикалык сунуштар)”. Бишкек, КММА басма борбору. 2016-ж. 24-б.
- Усубалиев М.Б., Кожанов А.С.”Псориаз” (этиологиясы,патогенези,эпидемиологиясы,дарылоо). И.К. Ахунбаев атындагы КММА басма борбору. 2016- ж. 46 б.
- Шакирова А.Т. “Skin-structure,functions,pathogistology,elements of rash. Diagnostic methods on dermatovenerology”. И.К. Ахунбаев атындагы КММА басма борбору. 2017 -ж. 25 -б.
Патенттер жана рационалдуу сунуштар.
- Койбагарова А.А.”Кызыл жалпак чакалайдан дарылоо ыкмасы”. Официалдуу бюллетень. “Ителекктуалдык менчик”. Патент №1268. – Бишкек, 2010-ж., №7, 29-б.
- Койбагарова А.А.”Герпесвирус жугуштуу илдеттин дарылоо ыкмасы” (ойлоп табууга патент). “Интеллектуалдык менчик”. – Патент №1403. – 2011. - №11. – 17 с.
- Балтабаев М.К., Балтабаев А.М. “Чыныгы акантолитикалык ыйлаакчанын лаборатордук дарт аныктоо ыкмасы”. Ойлоп табууга патент №383.30.01.2015- ж. “Интеллектуалдык менчик”. Официалдуу бюллетень, Бишкек, 2015, №1.
- Балтабаев М.К., Шакирова А.Т.”Кызгылт безеткилерди дарылоо ыкмалары”. Ойлоп табууга патент №1759 31. 07.2015- ж.. “Интеллектуалдык менчик”, Официалдуу бюллетень, Бишкек,№7
- Усубалиев М.Б., Кожанов А.С., Койбагарова А.А., Юсупова Д.М., Мырзамамытова А.М. “Псориаздын алдын алуунун медико-социалдык модели”, (рационалдуу сунуш, 2016).
- Кожанов А.С.,Усубалиев М.Б., Койбагарова А.А. “Кадимки псориазды дарылоо ыкмасы”, (рационалдуу сунуш,2016-ж.)
- Балтабаев М.К., Балтабаев А.М. “Тасты дарылоо ыкмасы”. Ойлоп табууга евразиялык патент №025550. Евразиялык Патенттик Уюм, Евразиялык Патенттик Мекеме. Москва ш. Патент берилген күнү 2017 -жылдын 30-январы.