С. Б. Данияров атындагы фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Кононец Ирина Евгеньевна
Кононец Ирина Евгеньевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
кафедра башчысы
Тюреканова Нургуль Эсенкуловна
Тюреканова Нургуль Эсенкуловна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Эсенбекова Зулайка Эсенбековна
Эсенбекова Зулайка Эсенбековна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Сайдылдаева Аида Бейшеналиевна
Сайдылдаева Аида Бейшеналиевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Нартаева Аида Канатбековна
Нартаева Аида Канатбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кыдырова Мадина Армеевна
Кыдырова Мадина Армеевна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Райимбекова  Гулзат Кубанычбековна
Райимбекова Гулзат Кубанычбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
окутуучу
Болжирова Эмилия Шакеновна
Болжирова Эмилия Шакеновна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Кызматы:
окутуучу
Цопова Ирина Александровна
Цопова Ирина Александровна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Кызматы:
окутуучу
Джаманкулова Нуржамал Тологоновна
Джаманкулова Нуржамал Тологоновна
Кызматы:
окутуучу
Уралиева Чолпон Касымалиева
Уралиева Чолпон Касымалиева
Кызматы:
окутуучу
Адаева Асель Мелисовна
Адаева Асель Мелисовна
Кызматы:
окутуучу
Сейдахметова Анала Турсункуловна
Сейдахметова Анала Турсункуловна
Кызматы:
окутуучу
Маннап уулу Нурлан
Маннап уулу Нурлан
Кызматы:
окутуучу
Жамалбеков Самат Бактыбаевич
Жамалбеков Самат Бактыбаевич
Кызматы:
Окутуучу
Алмазбекова Нуржамал Алмазбековна
Алмазбекова Нуржамал Алмазбековна
Кызматы:
Окутуучу
Кафедранын кыскача тарыхы

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын нормалдуу физиология кафедрасы 1940-жылы уюушулган. Бул учурларда  институтта Советтер Союзунун  Москва, Ленинград, Харьков сыяктуу чоӊ-чоӊ  шаарларынан согуштан эвакуацияланып Фрунзеге көчүп келген белгилүү профессорлор  окумуштуулар иштеп турушкан.

       Нормалдуу физиология кафедрасын алгач (дүйнөгө экология багытында кеӊири таанымал болгон) физиолог Абрам Донович Слоним жетектеген. Бул окумуштуу  ошондой эле 1940-1944-жылдары Советтер Союзунун Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы бөлүмүндө Биологиялык институтуна караштуу болгон жаныбарлардын физиологиясы лабораториясын ачууну уюштурган.

      А.Д.Слонимдин жана анын чоӊ коллективинин жыйырма жылдык иш-аракетинин натыйжасында 1961-1962-жылдары  «Сүт эмүүчүлөрдүн жалпы экологиялык физиологиясынын негиздери» жана «Сүт эмүүчүлөрдүн жеке экологиялык физиологиясынын негиздери»  деген эки монографиялык эмгек жарыкка чыккан. А.Д.Слонимдин чыгармачылык эмгек жолунда 280 эмгек, анын ичинде 12 монография жана 2 окуу китеби басылып чыккан, ошондой эле 104 диссертациялык иш, анын арасында 29 докторлук диссертация  жакталган. 

      1944-1950-жылдары нормалдуу физиология кафедраны И.П.Павлов атындагы физиология Институтунун окутуучусу профессор Георгий Павлович Конради жетектеген. Бул окумуштуу да Кыргызстандын физиология илиминин өнүгүүсүнө өз салымын  калтырып кеткен. Ал илимий иштерин  кан айлануу тармагында жүргүзгөн жана тажрыйбаларында гемодинамиканын негизги жөнгө салуу механизмдерин, анын ичинде регионардык кан агуунун жана жумушчу гиперемиянын механизмдерин тереӊ изилдөөгө жетише алган.

      Г.П.Конради Ленинград шаарына көчүп кеткенден кийин  нормалдуу физиология кафедраны 1950-1953-жылдары Семен Максимилианович Дионесов деген профессор башкарып турган. Бул окумуштуунун илимий иштери оорууну, анын түрлөрүн жана механизмдерин изилдөө багытында жүргүзгөн.

      1953-1973-жылдары нормалдуу физиология кафедраны медицина илимдеринин доктору, профессор Евгений Иванович Бакин жетектеген. Е.И.Бакин өзүнүн илимий иштерин радиобиология боюнча алып барган жана ал радиациянын таасирин организмдин ар кайсы системалары боюнча изилдеген. Е.И.Бакиндин жетекчилиги астында 11 кандидаттык жана 4 доктордук диссертациялар жакталган.

1973–2007-жылдары кафедраны Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги, Мамлекеттик сыйлыгынын лауреты, медицина илимдеринин доктору, профессор Санжарбек Бакирович Данияров башкарган. Анын илимий устаттары А.Д.Слоним жана Г.П.Конради болгон.

 

 С.Б.Данияровдун  илимий иштери эки багытта жүргүзүлгөн

  • Оранизмдин бийик тоо шартына ыӊгайлашуусу (адаптациясы) боюнча
  • Бийик тоо шартында радиациянын организмге тийгизген таасири боюнча

С.Б.Данияровдун илимий иштеринин  жогорку деӊгээлде ишке ашырылганын анын жетекчилиги астында 30 ашык  илимий кандидаттардын жана докторлордун даярдалышы, 260 илимий эмгектердин, анын ичинде 7 монографиянын жана студенттер үчүн ондогон усулдук колдонмолордун жазылышы, ошондой эле 1 автордук күбөлүктүн жана 4 рационалдык сунуштары далилдейт.

2008-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин кафедраны С.Б.Данияровдун окуучусу  жана пикирдеши,  м.и.д., профессор Ирина Евгеньевна Кононец жетектеп келет. Анын илимий иштери Кыргызстандын тоолуу климатынын шартында мектеп окуучуларынын жана студенттердин ден соолугунун вегетативдик жөнгө салуу механизмдерине арналган. И.Е.Кононецтин 190 ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография жана 31 окуу усулдук колдонмолор жарык көргөн. И.Е.Кононецтин жетекчили астында 3 кандидаттык жана 1 доктордук диссертациялар жакталган.

Дисциплиналарды окутуу
  1. Нормалдуу физиология төмөнкү дисциплиналарды окутат:
  • «Дарылоо иши» факультетинин 1-3-курстары үчүн.
  • «Педиатрия» факультетинин 2-курстары үчүн..
  • «Фармация» факультетинин 1-курстары үчүн..
  • Фармация» факультетинин орто фармациялык билим алуу бөлүмүнүн (кечки окуу) 1-курсунун студенттери.
  • «Жогорку мээрмандык билим алуу» факультетинин 1-курсунун студенттери.
  • «Медициналык алдын алуу иши» факультетинин 1-2-курстардын студенттери.
Нормалдуу физиология жана бет-жаак аймагынын физиологиясы. Бул дисциплинаны «Стоматология» факультетинин 1-курсунун студенттери окушат.
Окуу-усулдук иштери

Кафедранын окуу-усулдук иштери  бардык факультетттер боюнча:

  • Негизги окуу программаларды,
  • Элективдик курстар боюнча программаларды,
  • Окуу-методикалык комплекстерди түзүүгө багытталган.

      Аталган программаларды түзүүгө кафедра башчысы, профессор Кононец И.Е., доценттер Тюреканова Н.Э., Эсенбекова З.Э. жана башка окутуучулар активдуу катышышат. Программалардын бүт баары теӊ орус, кыргыз жана англис тилдеринде  түзүлөт.

      Кафедрада мындан сырткары «Дарылоо иши» факультетинин

1 -2- группаларынын студенттери сабактарды мемлекеттик тилде да өтүшөт. Бул багытта доцент Эсенбекова З.Э. тарабынан жазылган «Адам физиологиясынын негиздери» деген окуу китеби бардык факультетердин студенттерине  физиологияны эне тилинде түшүнүүгө салмактуу жардам берип турат.

     Чет элдик студенттер англис тилинде окушат. Бул багыттагы окутуу иштерине доценттер А.К.Нартаева, .Б.Сайдылдаева жана Э.Ш.Болжирова активдүү эмгектенишет.

     Кафедрада студенттердин билим алуусуна жеӊилдик көрсөтүү максатында бир топ окуу куралдары жазылып жарыкка чыккан.