
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Кафедра башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Кызматы:
- Кафедранын окуу иштери боюнча башчысы

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент
Мирон Ефимович Вольский факультеттик терапия кафедрасынын биринчи башчысы, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз ССР инин эмгек сиңирген илимий ишмери.

М.Е. Вольский, 1915 – жылы мурдагы Петроградский – психоневрологиялык институтуна тапшырып, 1920 – жылы жогорку медициналык билимин Саратов Университетинин медицина факультетинен аяктаган. М.Е. Вольский, жумушун 1921 – жылдан Куйбышевский университетинин госпиталдык клиникасында баштаган, ал жерде баардык амалкөйлүк мектебин ирээти менен өткөн – клиникалык ординатордон тартып, кафедра башчысына чейин.
М.Е. Вольский, 1939 жылдан 1940 – жылга чейин Куйбышевский атындагы Аскердик-Медицина Академиясынын терапия кафедрасын башкарган. М.Е. Вольский, Кыргыз Медициналык Институтунун, факультеттик терапия кафедрасын башкарууга 1941 жылы киришкен. Бул кызматта М.Е. Вольский өмүрүнүн аягына чейин калган.
М.E. Вольскийдин илимдеги кызыкчылыктары көп жактуу болгон. Куйбышевский медициналык инстутунда боор жана өт жолдорунун, малярия, бальнеология, ревматизм жана жүрөк кан тамырлар системасынын патологияларынын изилдөөгө кызыктаарлыгын көрсөткөн. Кийинчерээк, М.Е. Волскийдин изилдөө кызыкчылыктарынын диапозону Кыргыз медициналык институтунда чоңойду. Боор жана өт жолдорунун патологияларын изилдөө менен чогу, Кыргызстандын бийик тоолу аймактарында кыска жана көп убакытта болуунун организмге тийгизген тиаасирин, Кыргыз ССР инин курорттук факторлорун изилдөөгө өзгөчө көңүл бурган, ошондой эле терапиянын айрым жалпы суроолорун караган.
М.Е. Вольский, негизги ишине кошумча, артынан чоң илимий мурас калтырган, кыймыл аппаратынын ооруларын кум ваннасы менен дарылоого арналган тема доктордук диссертациясы болгон, жогорудагы маселелер боюнча иш алып барган темада 60тан ашуун илимий эмгектер басылып чыккан. Ал өзүнү таланттуу изилдөөчү – керектүү ишкер, кенен жалпы биологиялык көз караштуу интернист, байкоочу жана көп билимдүү дарыгер, илимий ишинде өз ишин аябай жакшы билген аалым катары көрсөткөн.
Өкмөт М.Е. Вольскийдин эмгенгин жогору баалап, аны Эмгек Кызыл Туу ордени, «Ардак Белгиси» ордени, 2 медаль жана Кыргыз ССРинин Жогорку жыйынын ардак громаталары менен сыйлаган. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети жана Кыргыз ССРинин Министрлер жыйыны, профессор М.Е. Вольскийдин медициналык илимдерин өнүктүрүү жана Кыргыз ССРинин саламаттыкты сактоо иштеринин алдындагы чоң жетишкендиктерин, анын ар түрдүү адистиктеги дарыгерлер – терапевттер, физиотерапевттер, курортологдор, педиатрлар үчүн кызыкчылык туудурган эмгектерин эске алуу менен анын элесин түбөлүккө калтырууну чечти.
1959 – 1962 жж Факультеттик терапия кафедасын доцент Роза Исхаковна Ибрагимова башкарган. Ал, профессор М.Е. Вольский маалында демилгеленген Жети-Өгүз курортунун минералдык суусунун ашказандын жана өт бөлүп чыгаруу аппаратына тийгизген таасирин изилдей баштаган.
1962 – жылдан 1997 – жылга чейин факультеттик терапия кафедрасын ССРдин Эмгек Баатыры, ССР МИАнын Академиги, Кыргызстан ИАнын Академиги, СССРдин жана Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Миррахимов М.М. башкарган.

М.М. Миррахимов 1948 – жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтун артыкчылык менен бүтүргөн. Андан ары КММИнин факультеттик терапия кафедрасында клиникалык ординатурасында окуган. Клиникалык ординатурасын бүткөндөн кийин, 1952 – жылы медицина илимдеринин талапкерлик диссертациясын жактаган. Андан кийин ал аталган кафедрада жумушун баштаган, ассистенттен тартып кафедра башчысына чейин.
1963-жылдан баштап 1978-жылга чейин КММИнин илим боюнча ректордун орун басары болгон.1966 жылы М.М. Миррахимов мелицина илимдеринин доктору даражасы менен сыйланып жана ошол эле жылы профессор болгон. 1969-жылы, профессор M.M. Миррахимов СССР Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган, 1974-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти болгон. 1988-жылы - СССР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти болгон.
Миррахимов М.М. илимдеги «бийик тоолуу медицина» жаңы багыттын негиздөөчүсү болуп саналат. Анын изилдөөлөрүндө тоолук жергиликтүү тургундардын жана келгин калктын физиологиясынын, иммунологиялык жана генетикалык абалынын бийик тоолуу шартка көнүү критерийлерин жана көнүүдөгү өтүшүүлөрүн изилдөө, тоо ооруларын божомолдоо маселелери олуттуу орун ээлейт.
1997-ж.тартып азыркы убакка чейин факультеттик терапия кафедрасын Кыргыз Республикасынын ардактуу доктору, Кыргызстан жаштар союзунун сыйлыгынын лауреаты, Мамлекеттик илим жана технология боюнча сыйлыгынын ээси, м.и.д., профессор Миррахимов Э.М. жетектейт. Ал Кыргызстан кардиологдор коомунун президенти, КМШ жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн кардиологдор коомунун мүчөсү. Ал тарабынан 200 ашуун илимий иштер жазылып, Кыргызстанда гана эмес, Россия, Европа жана АКШда рецензияланган журналдарда басылып чыккан. Анын жетекчилиги астында 2 докторлук жана 12 кандидаттык диссертациялар жакталган.
1998-ж. М.Е.Вольский атындагы факультеттик терапия кафедрасынын базасында М.М.Миррахимов атындагы КММА 6-курстун студенттерине ылайык “Ички органдар ооруулары” кафедрасы уюшулган. 2009-ж. кафедра үй-бүлөлүк медицина курсу менен жалпы дарылоо деп аталып өзгөрүлгөн. Жетекчиси м.и.д., профессор, КММАнын Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, КР ССМ башкы нефрологу Калиев Р.Р. болгон. Кафедрада эмгек кылган доценттер: м.и.т. Ибрагимов А.А., м.и.т. Саткыналиева З.Т., м.и.т. Ибрагимова Т.М., м.и.т. Джайлобаева К.А., м.и.т. Юсупова Г.С., м.и.т. Мирбакиева Д.М. Ассистенттер: м.и.т. Куренкеева А.К., м.и.т. Урумбаев Р.К., м.и.т. Жолдошов К.Ы., Усенбаева С.К., Ибрагимова А.А., Леонтьева Н.С., Калиев К.Р., Муркамилов И.Т. ст. лаборанттар: Ибрагимова А.А., Эржигитова А.Р.
Жалпы дарылоо үй-бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасында 3-6 курстун студенттери билим алган, клиникалык ординаторлор, аспираннтар жана интерн-дарыгерлер төмөндөгүдөй адистик боюнча даярдалган: врач-терапевт, врач-нефролог, врач-кардиолог, врач-гастроэнтеролог. 150дөн ашуун ординаторлор жана 10дон ашуун аспиранттар бүтүргөн. Кафедрада төмөндөгүдөй илимий иштер (диссертациялар) жана изилдөөлөр жүргүзүлгөн: «Полиморфизм гена ангиотензин - превращающего фермента (АПФ) у больных с эссенциальной и неосложненной нефропатией с оценкой применения эналаприла» (2004); Влияние полиморфизма гена АПФ на прогноз хронического гломерулонефрита (2002); Влияния терапии эритропоэтином и комбинации эритропоэтина с гипоксической барокамерной тренировкой на течение анемии при хроническомгломерулонефрите (2016).
2016-ж. КММА 6-курстун студенттерине ылайык, Мирсаид Миррахимов атындагы “Ички органдар ооруулары” кафедрасы менен М.Е. Вольский атындагы «факультеттик терапия» кафедрасы бириктирилип, М.М.Миррахимов – М.Е.Вольский атындагы факультеттик терапия жаңы кафедрасы уюшулган.
Азыркы кезде кафедрада 3, 4, 5 – курстардын студенттери үчүн, «Сийдик бөлүп чыгаруу системасынын», «Жүрөк кан-тамыр системасынын», терапия бөлүмүнүн модулдары «Ичеги-карын оорулары», «Жыныс мүчөлөрүнүн системасынын оорулары», «Дем алуу органдарынын оорулары», «Ревматология» модулдары окутулат, «Дарылоо иши» факультетинин 6 – курсунун студенттери, «Педиатрия» факультетинин студенттери жана англис тилинде окуучу студенттер үчүн, «Ички оорулар» сабагы окутулат.
Кафедра мыкты педагогдор менен илимий-кызматкерлерди бириктирип, педагогикалык, илимий-изилдөө жана дарылоо иштерин активдүү алып барат.
Дайыма окутуу ыкмаларын жакшыртуу, методикалык сунуштарды жаңыртуу боюнча иштер алып барылат (лекциялар, практикалык сабактар, анализдер, ЭКГ, тематикалык маселелер).
Азыркы убакта ички оорулардын ар кайсыл бөлүмдөрүнөн 20 дан ашуун усулдук колдонмолор орус тилинде басылып чыгарылган: алардын ичинен 2сү англис тилинде.
Кафедранын кызматкерлери, медициналык билимди рефармалоо системасында комиссиянын жана жумушчу топтун башкы мүчөлөрү.