И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Терроризмге каршы иш жана жарандык коргонуу боюнча бөлүмү
Байланыш маалымат
Керасько Виктор Владимирович
Керасько Виктор Владимирович
Кызматы:
Терроризмге каршы күрөшүү жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы
  • И.К. Ахунбаев, 92, каб 241
Жалпы маалымат

Студенттер арасында терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү үчүн И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректорунун 2016-жылдын 21-декабрындагы №254  буйругу менен ЖОЖдун иштеп жаткан Жарандык коргонуу штабынын, анын ичинде аскердик-каттоо столунун жана биринчи сектордун кызматкерлеринин базасында террорго каршы иштер жана жарандык коргонуу боюнча бөлүм түзүлгөн.

Ал КММАнын объекттеринин коопсуз күнүмдүк иштерге, анын ичинде терроризм коркунучу жана башка өзгөчө кырдаалдар пайда болгон шарттарда туруктуу даярдыгын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзөт.

Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан КММАнын тарбиялык иштеринин маанилүү элементтеринин бири катары студенттерде диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча активдүү турмуштук позицияны калыптандырууга, аларды мекенчилдикке, мекенге берилгендик рухунда тарбиялоого багытталган уюштуруу-тарбиялык иш-чаралардын комплексин өткөрүүгө олуттуу көңүл бурулат.

Бөлүмдүн негизги максаты – экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат.

Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр:

  1. экстремизмдин көрүнүштөрүнүн жана башка улуттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрүнө карата терс мамиленин алдын алуу;
  2. студенттерде көп улуттуу коомдун баалуулуктарына, маданий өзгөчөлүктөргө, адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо принциптерине негизделген башка улуттардын жана диний ишенимдердин өкүлдөрүнө толеранттуу мамиле жасоого ички муктаждыкты калыптандыруу;
  3. жаштар арасында толеранттуулукту жана улуттар аралык маданиятты калыптандыруу, агрессивдүү жүрүм-турумдан баш тартуу;
  4. терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча студенттик коомчулукту маалымдоо;
  5. укук коргоо органдарына ушул категориядагы укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоодо, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюуда көмөк көрсөтүү;
  6. Башка улуттардын жана диний ишенимдердин өкүлдөрүнө карата толеранттуу жүрүм-турумду жайылтуу;
  7. студенттер арасында экстремисттик мүнөздөгү аракеттерди жасоого көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган тарбия иштерин уюштуруу саналат.