Ички оорулар пропедевтикасы менен эндокринология жана профпатология курстары кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Полупанов Андрей Геннадьеевич
Полупанов Андрей Геннадьеевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Молдобаева Марина Сатаровна
Молдобаева Марина Сатаровна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Чонбашева Чолпон Кенешовна
Чонбашева Чолпон Кенешовна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Толомбаева Нуржамал Толомбаевна
Толомбаева Нуржамал Толомбаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент

Абжалбекова Нуржамал Токтобековна
Абжалбекова Нуржамал Токтобековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Аттокурова Рахат Мамаджановна
Аттокурова Рахат Мамаджановна
Кызматы:
Улук окутуучу
Шаршеналиева Гульзат Кубанычбековна
Шаршеналиева Гульзат Кубанычбековна
Кызматы:
Жетекчи орун басары
Жалилова Бактыгул Сулаймановна
Жалилова Бактыгул Сулаймановна
Кызматы:
Ассистент
Наркулова Гулнара Оросбековна
Наркулова Гулнара Оросбековна
Кызматы:
Ассистент
Кайыпова Айсулуу Аманбаевна
Кайыпова Айсулуу Аманбаевна
Кызматы:
Ассистент
Омурзакова Уулкан Каныбековна
Омурзакова Уулкан Каныбековна
Кызматы:
Ассистент
Эльдиярова Алтынкыз Эльдияровна
Эльдиярова Алтынкыз Эльдияровна
Кызматы:
Ассистент
Мукамбетова Сезим Мукамбетовна
Мукамбетова Сезим Мукамбетовна
Кызматы:
Ассистент
Садыкжан кызы Элиза
Садыкжан кызы Элиза
Кызматы:
Ассистент
Арстанбекова Мадис Арстанбековна
Арстанбекова Мадис Арстанбековна
Кызматы:
Ассистент
Абдиллакимова Айзирек Азимовна
Абдиллакимова Айзирек Азимовна
Кызматы:
Ассистент
Абдиманапова Гулбурак Абдиманаповна
Абдиманапова Гулбурак Абдиманаповна
Кызматы:
Ассистент
Турусбекова Алия Турусбековна
Турусбекова Алия Турусбековна
Кызматы:
Ассистент
Исабаев Алишер Икрамжанович
Исабаев Алишер Икрамжанович
Кызматы:
Ассистент
Кыскача тарыхы

Ички оорулар пропедевтикасы кафедрасы 1941-жылы профессор М.Е. Вольскийдин жардамы менен №56 буйрук боюнча түзүлгөн. Бул 2024-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ички оорулар пропедевтикасы кафедрасынын (азыркы ички оорулар пропедевтикасы кафедрасы, эндокринология жана профпатология курстары менен) негизделгенине  83 жыл болот.

Андан бери ар кайсы мезгилде кафедраны көрүнүктүү дарыгерлер жана илимдин ишмерлери жетектеп келишкен, университеттин өз алдынча бөлүмү катары  кафедранын калыптанышында жана кадрларды даярдоого зор салым кошуп келишкен.

1942-жылдан баштап профессор М. Е. Вольскийди факультеттик терапия кафедрасына которгондон кийин, кафедра башчысы болуп профессор В.А. Элберт дайындалган.

1944-жылдын августунан 1953-жылдын майына чейин анын ордун профессор И.И. Машковский ээлеген, ошол кезде кафедранын доценти: З.И. Блохман, Б. В. Бабахонов, Шимраевский, ассистентери :Казарновская, Д. З. Аблаев, С. Е. Зайдель, С. С. Каримова жана З. И. Азыкова болгон. Кафедранын ошол кездеги негизги илимий темасы: силикоз, бул оорунун тоо-кен жумушчулары арасында таралышы жана Кыргызстандын түштүгүндөгү кендерде алдын алуу иш-чараларын иштеп чыгуу маселелери болгон.

1953-1958-жылдары кафедраны доцент А.Ф. Яковлев жетектеп, жогоруда айтылган окумуштуулардан тышкары Е. М. Шевелева, П. М. Фукс, Янушкевич, Днепровский да кызматташып келишкен. Бул жылдары кызматкерлердин илимий-изилдөө иштери негизинен паразитология жана гельминтология маселелерин изилдөөгө багытталган.

1958-1962-жылдары кафедраны М.М. Миррахимов жетектеген. Профессор М. М. Миррахимов жетектеген мезгилдеги кафедранын кызматкерлеринин кеңири илимий-изилдөө ишмердүүлүгү Кыргызстандын тоолуу климатынын шарттарында адамдын физиологиясын жана патологиясын комплекстүү изилдөө, бийик тоолуу шарттарда адамдын кыска жана узак убакыт болуусунан жүрөк-кан тамыр жана башка организм системаларына тийгизген таасири боюнча маселелер камтылган.

1962-1996-жылдары кафедраны доцент, ал эми 1971 - жылдан профессор И.Т. Калюжный жетектеген. Бул мезгилде доценттер С.С. Байзакова, Л.Е. Бугрова, Т.Д.  Давлетбаков, ассистенттер Л.А. Ефимова, З.Г. Чупахина, Р. Б. Белекова, Р. З. Саалиева, Д.С. Кожевникова, В. Н. Сафронова, В. Д. Рыжикова, М.С. Молдобаева, Р. Б. Султаналиева, Н. Т. Толомбаева, Д. А. Акматкулова, Б. Е. Турусбеков, Т. Ш. Акаев тыгыз байланышта иштешкен. Кызматкерлердин илимий-изилдөө иштери клиникалык эндокринология жана гастроэнтерология, ошондой эле өпкө-жүрөк патологиясы боюнча актуалдуу маселелерге арналган. Ошол эле мезгилде кафедрада доктордук диссертацияларды И.Т. Калюжный жана М.С. Молдобаева, кандидаттык диссертацияларды Л.Е. Бугрова, Т.Д. Давлетбаков, М.А. Кузнецова, Н. А. Комаровер, З.Л. Гурницкая, Р. Б. Белеков, А. И. Исраилов, Н. Н. Соломенцова, Д.С. Рафибеков, Ж.А. Аралбаева жана башка учурда кеңири белгилүү окумуштуулар жасашкан.

Тармактары

Кафедра Швейцария Бюрлсу менен Кыргызстандын кызматташтыктагы (КРнын медициналык  билимин реформалоо) проектиси алкагындагы программага катышып келүүдө.

Кафедрада төмөнкү сабактар окутулат:

  1. "Ички медицинадагы клиникалык изилдөөлөрдүн негиздери". «Дарылоо иши» факультетинин 2-курсунун студенттери жана «Дарылоо иши англис тилинде окуган» факультетинин студенттери үчүн.
  2. Модуль «Эндокриндик система» «Дарылоо иши» факультетинин 3-курсунун студенттери жана «Дарылоо иши англис тилинде окуган» факультетинин студенттери үчүн.
  3. Модуль" Тамак ээритуу системасы" : "Дарылоо иши" факультетинин 3- курсу жана " Дарылоо иши англис тилинде окуган" факультетинин 2-курсу учун.
  4. " Терапия" клиникалык курсу боюнча : "Эндокриндик системасынын оорулары" "Дарылоо иши" жана " Дарылоо иши англис тилинде окуган" факультетинин 4- курсу учун
  5. "Терапия" клиникалык курсу боюнча " Ичеги карын оорулары" " Дарылоо иши" жана " Дарылоо иши англис тилинде окуган" факультетинин 4-5-курсунун студенттери үчүн.
  6. "Педиатрия" факультетинин 3 курсуна:" Ички оорулардын пропедевтикасы".
  7. "Фармация" факультетинин 3-курсуна:"Клиникалык медицина".
  8. Орто фармацевтикалык билимдеги "Фармация" факультетинин 2-курсуна "Клиникалык медицина".
  9. Элективдик курс "Чон адамдардын 1-типтеги кант диабети" "Педиатрия" факультетинин 3 курстары үчүн.
  10. Элективдик курс"Гипофиздин дисфункция синдрому" 3- курсунун"Дарылоо иши жана Дарылоо иши чет тилинде окуган" факультетинин студенттери үчүн
  11. 4-курс «Дарылоо иши» жана «Чет элдик студенттер» үчүн «Калкан без жана кош бойлуулук» электив курсу.
  12. 4-курс «Медициналык алдын алуу иши» факультетинин студенттери үчүн «Кант диабети жана йод жетишпөөсүнөн келип чыккан оорулар” электив курсу.
  13. Элективдик курс «ич катуу,койгойлор,ич катуунун салыштырмалуу терапиясы» 6-курстун «Дарылоо иши» жана «Дарылоо иши англис тилинде окуган» факультеттердин студенттери үчүн
  14. Элективдик курс «COVID-19 боюнча фармацевтер үчүнбашкармалык» «Фармация» факультетинин студенттери үчүн.
Илимий ишмер

Негизги багыттары -тоолуу аймактардагы биомедициналык көйгөйлөр жана КРнын фармациясы: Кыргызстандын шартындагы кант диабети, Кыргызстандагы кант диабетиндеги журөк-кан тамыр оорулары коркунучу, жана ошондой эле калкан бези оорулары, Кыргызстандагы хеликобактер-пилори, алкоголсуз майлуу боор оорусу, ичеги-карын оорулары.

Илимий жетишкендиктер

Кафедра жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү: Max-Planck-Institut (Германия), «Кадырлуу карылык» долбоору менен кызматташып келүүдө, Кардиология жана терапия улуттук борборунун молекулярдык биология жана медицина илимий изилдөө борбору, Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министрлиги менен кант диабетинин каттоо барагын түзүү боюнча өкүл катарында иш алып барууда.

Кыргызстанда кант диабетинин 2-тиби жана ашказан жарасы менен ооруган бейтаптарды  ооруканага жаткыруу санынын төмөндөшүнө, жашоо сапатын жакшыртууга, дары-дармек каражаттарын жана инсулиндерди, ошондой эле медициналык кызматтын ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жардам берүү үчүн “Саламаттыкты сактоонун биринчи звеносундагы кант диабетинин 2-тибин аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмо", "Саламаттыкты сактоонун биринчи звеносундагы  ашказан жарасынын активдүү фазасын аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмо” жана  клиникалык протоколдор түзүлүп жана практикалык саламаттык сактоого киргизилген.

International Agency for Research on Cancer  WHO программасынын алкагында Institute of Clinical and Preventive Medicine Latvijas Universitate, АКШнын улуттук рак институту менен  кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлган.

Семей ш. Медицина Университети, Латвия Университети, С.Д. Асфендияров атындагы Казак Улуттук Медициналык Университети, Казак Улуттук Үзгүлтүксүз Билим берүү Университеттери менен биргеликте студенттерди жана ординаторлорду даярдоодо академиялык мобилдүүлүк жүргүзүлүүдө.

Семей шаарынын Медициналык Университети, Латвия Университети, С.Д. Асфендияров атындагы Казак Улуттук Медициналык  Университетинин "Коомдук Саламаттыкты Сактоо Жогорку Мектебиндеги" докторантуранын программалары  боюнча илимий-практикалык стажировка жана  илимий жетектөө  алкагында Казакстандын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен кызматташуу.

Профессор Молдобаева М.С.

3 аспиранттын жетекчиси. Кыргыз Республикасынын Ички оорулар медицинасы боюнча врачтардын ассоцациясы  (ИОМВА), PKO, ESC башкармалыгынын мүчөсү, КР ички оруулар боюнча диссертациялык кеңештердин мүчөсү, "Жугуштуу эмес оорулар боюнча адистердин ыргыз ассоциациясынын" Юрдикалык жактардын бирикмесинин президенти, Кыргыз Республикасынын  эндокринологдорунун жана диабетологдорунун коомдук бирикмесинин төрагасы,  "КММАнын колдонмосу" жана "Juvenis Scientia" илимий-практикалык журналдардын редакциялык кеңешмесинин мүчөсү, 450 илимий эмгектердин автору, анын ичинде: чет элдик журналдарда англис тилинде - 10, Scopusто - 2, РМИБ (РИНЦ) - 39 (36 - цитаталар, 3 - индекс Хирша), редакциялык макалалар академиялык журналдарда катталган, Publons веб-сайтында байкалган жана эксперттик корутунду алган.

Кафедра кызматкерлери IDF, EASD программаларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификатынын ээлери.

Клиникалык базалар

   

  • Мамлеткеттик клиникалык базалар (Бишкек шаары):КР ССМ УГ( гастроэнтерология, эндокринология, кардиология ИОВ, жалпы терапия ИОВ болумдору), УГ КДБ, ЭжБКУБ, УФБ, УОБ, РГОО, ШКО N 6 ЭМБ, ТЖО, ПжОИБ КО, УДТ №7и №9
  • Жеке клиникалык базалар (Бишкек шаары): КММАнын медициналык борбору «On-clinic», «Memorial clinic», « Vedanta»,»ЛИК», Бишкек медициналвк клиникасы
  • Чуй облусу:Москва райондук АО, Ысык Ата райондук АО, Сокулук райондук УДТ, Чуй райондук УДТ, Ысык Ата райондук УДТ, Чуй ООБ.
  • Нарын облусу: Ат Башы АО, Нарын ООБ, Нарын ОУДТ.
  • Ысык Кол облусу: Ысык Кол ООБ, Ысык Кол ОУДТ.
  • Талас облусу: Талас ООБ.
  • Жалал Абад облусу: УДТ,ЖООБ, Сузак АО, Базар Коргон АО ж.а УДТ, Ноокен АО ж.а УДТ, Кочкор Ата Шаарынын АО ж.а УДТ.
  • Ош облусу:Алай АО, Ноокат АО, Кара Кулжа АО ж.а УДТ, Облустар аралык бириккен ооруканасы.