Микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Адамбеков Доктурбек Адамбекович
Адамбеков Доктурбек Адамбекович
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Мырзакулова Адалят Жумашевна
Мырзакулова Адалят Жумашевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Завуч кафедры
Адамбекова Асель Доктурбековна
Адамбекова Асель Доктурбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор м.а.
Альджамбаева Ирина Шакиновна
Альджамбаева Ирина Шакиновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Абдыкеримова Тургана Абдыкеримовна
Абдыкеримова Тургана Абдыкеримовна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Ниязалиева Мира Суеркуловна
Ниязалиева Мира Суеркуловна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Умуралиева Алиман Мамадалиевна
Умуралиева Алиман Мамадалиевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Хамзаев Бахыткан Джанатканович
Хамзаев Бахыткан Джанатканович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кененбаева Роза Миязбековна
Кененбаева Роза Миязбековна
Кызматы:
Улук окутуучу
Абдыкеримова Назира Асылбековна
Абдыкеримова Назира Асылбековна
Кызматы:
Улук окутуучу
Джумаев Акбар Мырзаевич
Джумаев Акбар Мырзаевич
Кызматы:
Окутуучу
Мухамеджанова Асель Алгадаевна
Мухамеджанова Асель Алгадаевна
Кызматы:
Окутуучу
Бакирова Айнура Абытжановна
Бакирова Айнура Абытжановна
Кызматы:
Окутуучу
Акылбекова Гульзина Акылбековна
Акылбекова Гульзина Акылбековна
Кызматы:
Окутуучу
Сыдыкова Венера Анарбековна
Сыдыкова Венера Анарбековна
Кызматы:
Улук лаборант
Осмонова Аида Кенешбековна
Осмонова Аида Кенешбековна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

Кафедра 1940-жылы негизделген. Кафедранын уюштуруучусу жана биринчи башчысы СССР илимине эмгек сиңирген ишмер, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Б.Я.Эльберт болгон, ал Кыргыз ССР Элдик Комиссарлар Кеңешинин токтому менен 1939-жылдын 1-сентябрында ачылган Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун алгачкы директору да болгон. Анын жетекчилигинде кафедранын негизги илимий багыты – биология жана капсула пайда кылуучу бактериялардын систематикасы, микробиология жана склероманы лаборатордук жол менен аныктоо, туляремиянын иммунопрофилактикасы, инфекция жана иммунитеттин механизмдерин аныктоо болгон.

1945-жылдан 1960-жылга чейин кафедраны профессор С.И.Гельберг жетектеген. Анын жетекчилигинде кафедранын кызматкерлери мыкты дары-дармектерди, вакциналарды жана  эмдөө жолдорун камсыздоочу шарттарды иштеп чыгууга катышкан.

1960-жылдан 1982-жылга чейин кафедраны эмгек сиңирген дарыгер, профессор Ш.Ю.Альджамбаев башкарган. Ал жылдары кафедранын илимий багыты чөйрөнүн ар кандай факторлорунун таасириндеги кургак учукка каршы иммунитетти изилдөө жана кургак учукка каршы эмдөөнү жакшыртууга багытталган.

1983-жылдан 1989-жылга чейин кафедраны профессор В.Л.Морозов жетектеген. Илимий изилдөөлөр иммунитетти изилдөөгө – калыптануу механизмдерине, ар түрдүү патологиялык абалдардагы өзгөрүүлөргө, коррекциялоо ыкмаларына арналган.

1989-жылдан тартып кафедраны Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корресспонденти (1998), Россия, АКШ, Япония, Таиланд, Германия, Швейцария, Ирландия, Италия, Дания, Франция, Англия, Малайзия, Нидерландыдагы конференция жана симпозиумдарда мыкты илимий баяндамалары менен катышкан бүткүл дүйнөгө таанымал окумуштуу, профессор,  Д.А.Адамбеков жетектеп келет.

Кафедранын башчысы - Адамбеков Доктурбек Адамбекович, КР УИА мүчө-корреспонденти, профессор. Кафедранын завучу – Мырзакулова А.Ж., м.и.к., доцент. Профессордук-окутуучулук курамда 13 кызматкер, алардын экөө илимдин доктору, бешөөсү медицина илимдеринин кандидаты. Д.А.Адамбеков 285  ашуун илимий эмгектин автору, анын ичинде 5 эмгеги  дарыгерлер үчүн колдонмо катары колдонулат, 15 РФ ойлоп табуулар жана патенттер үчүн автордук күбөлөндүрүү болуп эсептелет. 1999-жылы «биотехнология» бөлүмүнүн чет элдик мүчөсү катары РАМИ курамына кабыл алынган. Медициналык-биологиялык илимдеринин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу үчүн 2005-жылы  «РАМИ Ардактуу доктору» наамы ыйгарылган. Авторитеттүү окумуштуу, эң мыкты адис, талантуу уюштуруучу, коомдук ишмер 2004-жылдын июнь айында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп шайланган жана бүгүнкү күнгө чейин аталган окуу жайда эмгектенип келет. 2008-жылдын ноябрь айында анын жетекчилигинде 3 докторлук жана 12 кандидаттык диссертация ийигиликтүү корголгон.

Кыскача тарыхы

Кафедра 1940-жылы негизделген. Кафедранын уюштуруучусу жана биринчи башчысы СССР илимине эмгек сиңирген ишмер, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Б.Я.Эльберт болгон, ал Кыргыз ССР Элдик Комиссарлар Кеңешинин токтому менен 1939-жылдын 1-сентябрында ачылган Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун алгачкы директору да болгон. Анын жетекчилигинде кафедранын негизги илимий багыты – биология жана капсула пайда кылуучу бактериялардын систематикасы, микробиология жана склероманы лаборатордук жол менен аныктоо, туляремиянын иммунопрофилактикасы, инфекция жана иммунитеттин механизмдерин аныктоо болгон.

 1945-жылдан 1960-жылга чейин кафедраны профессор С.И.Гельберг жетектеген. Анын жетекчилигинде кафедранын кызматкерлери мыкты дары-дармектерди, вакциналарды жана  эмдөө жолдорун камсыздоочу шарттарды иштеп чыгууга катышкан.

1960-жылдан 1982-жылга чейин кафедраны эмгек сиңирген дарыгер, профессор Ш.Ю.Альджамбаев башкарган. Ал жылдары кафедранын илимий багыты чөйрөнүн ар кандай факторлорунун таасириндеги кургак учукка каршы иммунитетти изилдөө жана кургак учукка каршы эмдөөнү жакшыртууга багытталган.

1983-жылдан 1989-жылга чейин кафедраны профессор В.Л.Морозов жетектеген. Илимий изилдөөлөр иммунитетти изилдөөгө – калыптануу механизмдерине, ар түрдүү патологиялык абалдардагы өзгөрүүлөргө, коррекциялоо ыкмаларына арналган.

1989-жылдан тартып кафедраны Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корресспонденти (1998), Россия, АКШ, Япония, Таиланд, Германия, Швейцария, Ирландия, Италия, Дания, Франция, Англия, Малайзия, Нидерландыдагы конференция жана симпозиумдарда мыкты илимий баяндамалары менен катышкан бүткүл дүйнөгө таанымал окумуштуу, профессор,  Д.А.Адамбеков жетектеп келет.

Кафедранын башчысы - Адамбеков Доктурбек Адамбекович, КР УИА мүчө-корреспонденти, профессор. Кафедранын завучу - Ниязалиева Мира Сүөркуловна, м.и.к., доцент. Профессордук-окутуучулук курамда 11 кызматкер, алардын бири илимдин доктору, бешөөсү медицина илимдеринин кандидаты. Д.А.Адамбеков 285  ашуун илимий эмгектин автору, анын ичинде 5 эмгеги  дарыгерлер үчүн колдонмо катары колдонулат, 15 РФ ойлоп табуулар жана патенттер үчүн автордук күбөлөндүрүү болуп эсептелет. 1999-жылы «биотехнология» бөлүмүнүн чет элдик мүчөсү катары РАМИ курамына кабыл алынган. Медициналык-биологиялык илимдеринин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу үчүн 2005-жылы  «РАМИ Ардактуу доктору» наамы ыйгарылган. Авторитеттүү окумуштуу, эң мыкты адис, талантуу уюштуруучу, коомдук ишмер 2004-жылдын июнь айында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп шайланган жана бүгүнкү күнгө чейин аталган окуу жайда эмгектенип келет. 2008-жылдын ноябрь айында анын жетекчилигинде 3 докторлук жана 12 кандидаттык диссертация ийигиликтүү корголгон.
Эл аралык кызматташуусу

Кафедра Сеченов атындагы Москва медициналык университети, Мечников атындагы Россия Илимдер Академиясынын Эмдөө жана кандын сары суусу борбордук илимий изилдөө институту, Россия Илимдер Академиясынын кургак учук боюнча борбордук илим изилдөө институту, С.Д.Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети жана башка усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча кадрларды даярдоо, жугуштуу оорууларды аныктоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган уюмдар менен кызматташат.

 

Илимий ишмердиги

Биология жана капсула пайда кылуучу бактериялардын  системасы,  микробиология жана склеромдордун лабораториялык диагностикасы,    инфекция жана иммунитет механизми.  

Профессор С.И.Гельберг   кафедраны 1945-1960-жылдары башкарган. 

1960-1982-жылдары кафедраны   профессор Ш.Ю. Альджамбаев башкарган. Кафедранын негизги багыты –кургак учукка каршы имунитетти  жана вакцинацияларды өздөштүрүү. 

1983-1989-жылдары кафедраны   профессор В.Л.Морозов башкарган. Илимий изилдөөлөр иммунитетти үйрөнүүгө багытталган.  

1989-жылы кафедраны  м.и.д., профессор, КР Улуттук Илимдер Академиясынын корресспондент-мүчөсү  - Д.А. Адамбеков башкарган. Ал 250 ашык илимий иштердин автору, ошону менен катар    7 дарыгердин жетекчиси болгон.