Терапевтикалык стоматология кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кызматкерлер
Куттубаева Клара Бейшеновна
Куттубаева Клара Бейшеновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Усенова Нуржан Усеновна
Усенова Нуржан Усеновна
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Эргешов Салижан Мураталиевич
Эргешов Салижан Мураталиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Молдобаев Болот Сатарович
Молдобаев Болот Сатарович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Абасканова Перизат Дуйшеновна
Абасканова Перизат Дуйшеновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Сушко Наталья Юрьевна
Сушко Наталья Юрьевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Иманалиева Ализа Джекшеновна
Иманалиева Ализа Джекшеновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Садыйев Рысбек Качкынбаевич
Садыйев Рысбек Качкынбаевич
Кызматы:
Ассистент
Турсуналиев Откурбек Эсенбекович
Турсуналиев Откурбек Эсенбекович
Кызматы:
Ассистент
Торокулов Кубанычбек Оморович
Торокулов Кубанычбек Оморович
Кызматы:
Ассистент
Жолдошев Чынгыз Кадыржанович
Жолдошев Чынгыз Кадыржанович
Кызматы:
Ассистент
Отунчиева Чолпон Айтбаевна
Отунчиева Чолпон Айтбаевна
Кызматы:
Ассистент
Кенжеева Асель Алымбековна
Кенжеева Асель Алымбековна
Кызматы:
Ассистент
Костоломова Наталья Александровна
Костоломова Наталья Александровна
Кызматы:
Ассистент
Шаяхметова Канышай Дженишбековна
Шаяхметова Канышай Дженишбековна
Кызматы:
Ассистент
Эсенбаев Эльдар Мурадович
Эсенбаев Эльдар Мурадович
Кызматы:
Ассистент
Акынбекова Самара Бактыбековна
Акынбекова Самара Бактыбековна
Кызматы:
Ассистент
Макешов Алмаз Макешович
Макешов Алмаз Макешович
Кызматы:
Ассистент
Шабданбекова Айтолкун Шабданбековна
Шабданбекова Айтолкун Шабданбековна
Кызматы:
Ассистент
Атабаева Назгуль Джыйналышевна
Атабаева Назгуль Джыйналышевна
Кызматы:
Улук лаборант
Мусульманова Нургуль Эскетбаевна
Мусульманова Нургуль Эскетбаевна
Кызматы:
Медициналык айым
Шумкарбекова Ибарат Акбердиевна
Шумкарбекова Ибарат Акбердиевна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

         Терапевтикалык стоматология кафедрасы 1967-жылы уюштурулган. Кафедра уюштурулгандан баштап 2005-жылга чейин медицина илиминин доктору, профессор Сабурова Лариса Борисовна жетектеп келген. Профессор Сабурова Лариса Борисовна өзүнүн иш аракетин 1961-жылы баштаган. Ал 1965-жылы кандидаттык эмгегин жана 1981-жылы “Бийик тоолуу жерлердин шартында пародонт оорууларынын клиникалык-функционалдык өзгөчөлүктөрү” деген темада докторлук эмгегин жактаган. Ошондой эле ага таандык 100 ашык илимий иштер басылып чыккан.

          Азыркы учурда 2005-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин стоматологиянын дарылоо кафедрасынын жетекчиси болуп медицина илиминин доктору, профессор Куттубаева К.Б. эмгектенип келет. Куттубаева К.Б. 1978-жылы стоматологиялык факультетин аяктаган. 1988-жылы Москва шаарында кандидаттыгын жактап, 2002-жылы “Өнөкөт жалпы пародонтитин комплекстүү дарылоодо жаратылыштан алынган биологиялык активдүү заттардынколдонулушун оптимизациялоо” деген темада доктордук эмгегин жактаган. Бир монографиясы, 124 ашык илимий эмгектери бар.

          1974- жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин кафедрада доцент Эргешов С.М. эмгектенип келет. 1969-жылы стоматологиялык факультетти аяктаган.  1969-жылдан баштап 1974-жылга чейин Москва шаарында Стоматологиянын борбордук  илим изилдөө институтунда клиникалык ординатураны жана аспирантураны окуган. 1974-жылы “Пульпитти мышьяк камтыбаган пасталар менен дарылоо” деген темада кандидаттык эмгегин жактаган. Анын 70 ашык илимий эмгектери басылып чыккан.

          Кафедранын түзүлүшүнө доценттер Снежко Я.М., Мажара Н.М., Магид Е.А., Литвиненко А.Н., Цепелева А.С., профессор. Султанбаева С.У., медицина илиминин кандидаты Кичикова П.Д., медицина илиминин доктору, профессор Чолокова Г.С., ассистентер: Кучукова У.И., Качкынбаева А.С., Кубрушко Т.В., Токтосунова З.К. чоң салымдарын кошушкан. Бүгүнкү күндө кафедрада медицина илиминин кандидаттары, доценттер Молдобаев Б.С.,  Сушко Н.Ю., Абасканова П.Д., медицина илиминин кандидаты, ассистент Иманалиева А.Дж. жана ассистентер: Кочкомбаева Р.А., Костоломова Н.А., Турсуналиев О.Э., Торокулов К.О., Эргешова А.С., Садыйев Р.К., Жолдошев Ч.К., Отунчиева Ч.А., Усенова Н.У., Акынбекова С.Б., Шаяхметова К.Дж., Макешов А.М., Кенжеева А.А., Шабданбекова А.Ш. эмгектенип келишет, булардын баардыгы стоматологиялык факультеттин бүтүрүүчүлөрү. Кафедранын жамааты окуу методикалык, идеологиялык тарбия берүү, илимий изилдөөлөрдү, ошондой ле дарылоожана коомдук иштерди жүргүзүп келишет.

Кафедранын ишмердиги

“Өнөкөт жалпы пародонтитти комплекстүү дарылоодо жаратылыштан алынган биологиялык активдүү заттарды колдонулушун оптимизациялоо”. Кафедранын илимий иш жыйынтыктары макалаларда, тезистерде, окуу усулдарында жарыяланып жана практикалык стоматологияда киргизилет. Жалпысынан 16 ойлоп табылганга патент алынган жана      52 рационалдуу сунуштар киргизилген. Кафедра уюштурулгандан баштап 462 макала, 58 окуу усулдары басылып чыкты. Стоматологиянын дарылоо сабагынстуденттер реферат жана илимий доклад даярдоо менен терең өздөштүргөнгө жетишишет. Көптөгөн илимий ийримдерге активдүү катышуучулары ар жыл сайын өтүүчү КММА жаш окумуштууларынын арасындагы конференцияларында  ар кандай темада доклад окушат. Ооруунун диагнозун табуу жана дарылоо методун бейтаптарды кабыл алуу менен ишке ашырышат.

Илимий ишмердиги

Кафедра стоматологиялык ооруулардын профилактикасын жана дарылануусун изилдөөдө илимий иштерди жүргүзөт. Кафедра кызматчыларынын илимий изилдөө жыйынтыгы кандидаттык жана доктордук эмгектерде көргөзүлгөн.

  1. Н.М.Мажаранын -кандидаттык эмгеги: “Түндүк Кыргызстандын айрым райондорундагы пародонтоз менен ооруган ооруулуулар сиалдык кислота, белоктун фракциялары, С-реактивдик белок, лизоцимдин изилдөөсү, анын жайылуусу жана клиникалык агымынын өзгөчөлүктөрү”. Фрунзе, 1967- ж.
  2. С.М.Эргешовдун -кандидаттык эмгеги: “Пульпитти мышьяк камтыбаган пасталар менен дарылоо”. Москва, 1974 ж.
  3. А.С.Цепелеванын -кандидаттык эмгеги: “Өнөкөт кайталанма афтоздук стоматитти лизоцим менен айыктыруу”. Москва, 1976-ж.
  4. С.У.Султанбаеванын -кандидаттык эмгеги: “Памир менен Тянь-Шаньдын ар кайсы климаттарында жайгашкан тиштин кариесинин эпидемиологиялык жактары жана калктын тиш дарылоо жардамына керектөөсү”. Фрунзе, 1976 - ж.
  5. Т.Д.Кичикованын -кандидаттык эмгеги: “Поликлиника шарттарында стоматологиялык бейтаптарды дарылоо учурунда фортрандын колдонулушу”. Москва, 1977 - ж.
  6. Л.Б.Сабурованын -доктордук эмгеги: “Бийик тоолуу шартында пародонт оорууларынын клиникалык жана функционалдык өзгөчөлүктөрү”. Москва, 1981- ж.
  7. К.Б.Куттубаеванын -кандидаттык эмгеги: “Пародонт ооруусунун оор абалында клиникалык жана функционалдык көрсөткүчтөрдүн динамикасы жана тууралоо мүмкүнчүлүгү”. Москва, 1989- ж.
  8. Б.С.Молдобаевдын -кандидаттык эмгеги: “Жаш спортсмендеринин пародонтунун абалы”. Санкт-Петербург, 1991-ж.
  9. К.Б.Куттубаеванын -доктордук эмгеги: “Өнөкөт жалпы пародонтитти комплекстүү дарылоодо жаратылыштан алынган биологиялык активдүү заттарды колдонулушун оптимизациялоо”. Бишкек, 2002 -ж.
  10. Н.Ю.Сушконун -кандидаттык эмгеги: “Биологиялык активдүү заттарынын колдонулушунун патогенетикалык негизи жана периодонтит ооруусун комплексттик дарылоону жаңыртуу”. Бишкек, 2002.
  11. В.А.Кожокееванын -кандидаттык эмгеги: “Кондитер өндүрүшүндөгү жумушчулардын стоматологиялык оорууларын жаңы профилактикалык дарылоо каражаттарын колдонуунун клиникалык, фармакологиялык негизи”. Бишкек, 2002 -ж.
  12. Т.В.Кубрушконун -кандидаттык эмгеги: “Кыргызстандагы өспүрүмдөрдө кездешүүчү стоматологиялык ооруулардын профилактикасы жана дарылоосу”. Курск, 2003.
  13. Г.У.Супатаеванын -кандидаттык эмгеги: “Аллергиялык ооруу менен оорууган жаш балдардын ооз көңдөйүнүн былжыр челинин патологиясын дарылоо үчүн табигый антиоксиданттын колдонушунун клиникалык фармакологиялык түшүндүрмөсү”. Бишкек, 2008 -ж.
  14. П.Д. Абасканованын -кандидаттык эмгеги: “Өнөкөт жалпы пародонтитти комплексттик дарылоодо ультрафонфорездин колдонуусунун клиникалык эксперименталдык негизи”. Бишкек, 2013-ж.
  15. А.Дж. Иманалиеванын -кандидаттык эмгеги: “Өнөкөт пародонтитти рационалдуу дарылоонун жолдору жана фармакоэпидемиологиялык, фармакоэкономикалык баасы”. Бишкек, 2015 -ж.
Кафедранын дарылоо жумушу

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган ар жыл сайын өткөрүлүүчү “Таза тиш” акциясы “Карыялар күнүнө” жана “Майыптар күнүнө” карата пенсионерлерди жана Октябрь районунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарын акысыз профилактикалык жана тиш дарылоо жумуштарын 5-курстун студенттери жана клиникалык ординаторлордун катышуусу менен жүргүзүлөт. Өсүмдүктөн алынган төмөнкү дары-дармектер кафедрада түзүлүп, практикада колдонгонго киргизилген: “Кирславин”, “Афламент”, “Рецизин”, “Антоксид”, “Галавит”, “Перугенол”. Кафедранын эң негизги максаты саламаттыкты сактоо үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Коомдук иши

          Кафедра жамааты көптөгөн коомдук иштерди алып барышат:

  1. Медицина илиминин доктору, профессор Куттубаева К.Б. -КР Саламаттык сактоо министерлигининжана КММАкызматкеринин аттестациялык комиссиясынын мүчөсү, “Стоматология” боюнча диссертациялык кеңешинин төрагасынын орун басары.
  2. Медицина илиминин кандидаты, доцент Эргешов С.М.-“Стоматология” факултьтети боюнча УМПК мүчөсү, кафедранын методикалык ишине жоопкер.
  3. Медицина илиминин кандидаты, доцент Абасканов П.Д.-окуу бөлүмүнүн башчысы, КРСА катчысы.
  4. Медицина илиминин кандидаты, доцент Сушко Н.Ю.-кафедранын илимий изилдөө иштери боюнча жооптуу кызматкер.
  5. Медицина илиминин кандидаты, доцент Молдобаев Б.С.-студенттердин окуу сапатын башкаруу бөлүмүнүн жооптуу кызматкери жана кафедранын улук куратору.
  6. Медицина илиминин кандидаты, ассистент Иманалиева А.Дж.-студенттердин өндүрүш практикасы жана кафедранын клиникалык ординаторлор боюнча жооптуу кызматкери.
  7. Ассистент Кочкомбаева Р.А. -факультеттин клиникалык ординаторлор боюнча жооптуу кызматкер жана факультеттин улук куратору.
  8. Ассистент Садыйев Р.К. -№6 жатакананын улук куратору.
  9. Ассистент Турсуналиев О.Э. -кафедранын проф.уюштуруучусу.
  10. Ассистент Костоломова Н.А. -кафедрада консультативдик жана дарылоо боюнча жооптуу кызматкер.
  11. Ассистент Усенова Н.У.-кафедра катчысы.