КММАнын студенттери «Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде
Университеттин жашоосу 8 Ноябрь 2024

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасынын кураторлору фармация факультетинин 2-курсунун студенттери менен «Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексине барышты.

         Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнѳ карата фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасынын кураторлору фармация факультетинин 2-курсунун студенттери менен «Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексине барышты.

Ата-Бейит - саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган жер. Жарым кылымга жакын туугандары, балдары дайын-дарегин, кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келген 137 кишинин аты дайын болуп, 1991-жылы август айында элдин катышуусу менен жерге берилген. Алардын катарында Кыргызстандын 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери - Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков, кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов ж. б. болгон. 

Бул сапарда студеннтер тарыхтын барактарына кайрылып, абдан кызыктуу маалыматтар менен таанышышты. Тарыхы болбой эл бойбойт, тамыры болбой жер болбойт, демекчи, бул сапардын эң негизги максаты жаңы муунду тарыхын билип жүрүү, ата бабаларын таанып билүү жана эскерүү толугу менен ишке ашты.