Ректордун кайрылуусу

Урматтуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын сайтынын коноктору жана интернет колдонуучулар!  Кымбаттуу достор!

Сиздерди көрүнүктүү хирург, профессор, академик жана коомдук ишмер Иса Коноевич Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңыланган расмий сайтынан тосуп алууга кубанычтамын!

Жарым кылымдан ашык тарыхыбызда биздин окуу жайыбыз калыптануунун даңктуу жолун басып өттү жана Кыргызстанда да, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү иштеген жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоонун бай тарыхына ээ. Биз сиздер менен Медакадемиянын жаңыланган расмий сайтынын баракчасында турабыз. Биздин сайт, ошондой эле биздин жогорку окуу жайыбыз дагы бир орунда турбайт, дайыма жаңыланып, өнүгүп өсүп жатат, биз аны сиздер үчүн көптөгөн  маалыматтар менен кызыктуу,  кылгыбыз келет.

Бул порталды иштеп чыгууда биз аны колдонуучулар үчүн максималдуу ыңгайлуу кылууга аракет кылдык. Биздин сайтта абитуриенттер жана алардын ата-энелери, студенттер, аспиранттар, кошумча билим алган адистер, кызматкерлер жана КММАнын жашоосунан кабардар болууну каалагандар үчүн эң актуалдуу маалыматтар: иш-чаралардын календары, студенттик жашоо, Медакадемиянын акыркы жаңылыктары жана анонстору, факультеттердин, кафедралардын жана бөлүмдөрдүн расмий баракчалары, китеп фонду жана китепкананын электрондук ресурсу. Ошондой эле, сиз биздин сайттан "Алма-матердин" 85 жылдык даңктуу тарыхый жолу менен түзүлүшү жана калыптанышы, ошондой эле анын билим берүү жана илим жаатындагы бүгүнкү жетишкендиктери, келечектеги дарыгерлерди даярдоо жана тарбиялоо жөнүндө толук маалымат таба аласыз.

Сайттагы негизги материалдар үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылат. Мен өз кезегинде ачык баарлашууга даярмын. Жатакананы оңдоодон баштап, университеттин эмгек акы принциптерине чейин, сиз жана башка темалар боюнча да кызыктуу суроолорду бере аласыз.

Конструктивдүү диалог биздин алдыбызга койгон татаал маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем. Сиздин демилгеңиз, принципиалдуулугуңуз жана кызыгууңуз – биздин жалпы ийгилигибиздин зарыл компоненттери!