- [email protected]
- 0 (312) 51-08-11
- Тыныстанов көчөсү 1.

- Кызматы:
- Кафедра башчысы
- [email protected]
- 0 (312) 51-08-11
- Тыныстанов көчөсү, 1.

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор м.а.
- Кызматы:
- Доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- улук лаборант
Биринчи жолу үй-бүлөлүк медицина кафедрасы 1999-жылы СССР ИА жана КР УИАнын академиги, м.и.д., профессор М.М. Миррахимов баш болгон №1 ички оорулар кафедрасынын поликлиникалык дарылоо доценттик курсунун курамында негизделген. Поликлинакалык дарылоонун доцентик курсу болуп, 1991-жылы 28-августустта куралып, аны КРнын эмгек сиңирген дарыгери, доцент А.О. Айткулова жетектеген.
1999-жылдын 1-октябрынан баштап, курс өз алдынча үй-бүлөлүк медицина кафедрасы болуп, аны проф. Т.С. Мейманалиев жетектеген. Кыргызстанда үй - бүлөлүк медицинанын өнүгүүсүнө доцент Г.К. Нанаеванын кошкон салымы чоң. Анын жетектөөсу менен үй-бүлөлүк медицинанын дипломго чейинки жана дипломдон кийинки деңгээлдеги жаңы окуу программалары иштелип чыккан, ошондой эле Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоо башталган.
Бирок 2004-жылы үй-бүлөлүк медицина кафедрасы поликлиникалык дарылоо курсу болуп кыскартылып калган.
Негиздөө этабында кафедра кызматкерлери (доцент Айткулова А.О.) Алма-Атадагы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунда жана Москва шаарында А. Сеченов атындагы Медицина академиясында (доцент Дворкин М.И) такшалмадан өтүп келишкен.
Андан соӊ үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоо БО жана КД КММИда жүрүгүзүлгөн жана тажрыйба топтоо үчүн Невада, Флорида (АКШ) шаарларынын дарылоо факультеттерине доцент Нанаева Г.К., Мамытбекова Ж.З., Дворкин М.И., Матюшков П.И., Панькова О.Н., Мергенов А.Э., Абдуллаев Т.О., Рапиева Л.Н. ийгиликтүү аяктап келишкен.
2017-жылдын февраль айында мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагынын талабына ылайык, үй-бүлөлүк медицина кафедрасы кайрадан калыбына келтирилип, аны проф Н.Н. Бримкулов жетектеп калды. 2018-жылы август айында ординатурага келгендердин саны 56 болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 28 эсе көбөйдү. Окуу методикалык жумуштардын кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу ЖОЖдо кадр ресустарын дагы көбөйтүүгө муктаж болду. Ошол шарттарга байланыштуу 2018-жылы сентябрь айында дипломго чейинки жана дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина болуп кайрадан түзүлдү.
Дипломго чейинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасын 2018-жылдан азыркы кунго чейин медицина илимдердин доктору,доцент Усубалиев М.Б. жетектеп келет.

Максаты:
- Негизги үйрөтүүчү максат: медициналык уюмдардын иштөө негизин жана бейтапканага түшпөөнүн алдын алуу.
- Жалпы үй-бүлөлүк дарыгердин өзгөчөлүгүн жана иш көлөмүн түшүндүрүү.
- Студенттерге азыркы күндөгү дартты аныктоо жолдорунун кайсыл түрү ΥДТда бар жана аларды колдонууну үйрөтүү.
- Ооруканага кайсы оорулар менен көбүнчө кайрылышат, алардын өзгөчөлүгү, алдын алуу жолдору, оорунун жүрүшүндөгү өзгөчөлүктөр, дарылоо, клиникалык экспертиза жүргүзүү, диспансеризациялоо, санаториялык-курорттук дарыланууга жөнөтүү.
- өзгөчө кырдаалда бейтапканага жаткырганга чейин тез жардам берүүнү үйрөтүү.
Билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр:
Билим берүү жети чоӊ ΥДТда (№1,6,7,8,12,18,15), тез жардам берүү линияларында семинар жана практика негизинде өтүлөт. Сабакты берип жаткан окутуучулар тажрыйбалуу, сабактын 1/3 бөлүгү оозеки түшүндүрүү жана 2/3 бөлүгү амбулатордук кабыл алуу, үйүнө барып кароо, тез жардам станциясында өтүшү шарт. Бейтаптын дартын баарлашуу аркылуу оорулууларга синдромалдык диагноз коюшат.
Поликлиникада студенттер ооруну аныктоого, анын дарттын алдын алууну, оорунун денгээлин аныктоо, бейтапканага жаткыруу көргөзмөсүн, ал оорунун фазасын,геронтологиялык оорулардын клиникалык белгилерин, дарылоону, санаториялык-курорттук дарылоону,социалдык экспертиза жүргүзүү (инвалид же инвалид эмес экенин), оорунун алдын алууну үйрөнүшөт.
Жыйынтыктоочу сессиянын алдында тесттин, анализдин, ЭКГ, ЭХО-КГ, ФКГ негизинде баа коюлат.

Доцент Матюшков П.И. 6-курстун дарылоо факультетине сабак өтүүдө.
Изилдөөнүн багыттары:
1.Бишкек шаарынын жащоочуларын кургак учук менен ооруган бейтаптардын эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү, дарылоо жана алдын алууну жургүзүү. (Молдобекова Э.М).
- «Токсокарозду аныктоо жана дарылоо» (Мергенов А.Э). 3. «Кризистик кырдаалга түшкөн балдардын ден соолугу» аталышындагы
кандидаттык тема бекитилген (Абдуллаев Т.О.).
- «Кыргыз Республикасында кургак учуктун эпидемиологиялык абалы” (Молдобекова Э.М.).
- «Кыргыз Республикасындагы көп кездешкен тери ооруларын жана жыныстык катнаш менен жугуучу оорулардын клиникалык-эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү» (Усубалиев М.Б.).

Кафедра кызматкерлери кары адамдарды, жаш балдарды, кош бойлуу бейтаптардын дартын аныктоодо жана аларга дарттын алдын алуу кенештерин берүүдө ΥДТ менен биргеликте иштешүүдө. Оор бейтаптардын ооруларын ҮДТ (ГСВ) дарыгерлери менен биргеликте чечишет. Диагностикалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңдиги, жабдуулардын деңгээли, заманбап алдын алуу технологияларын күнүмдүк практикага киргизүү ооруканага жаткыруу жана тез жардам чакыруу көйгөйлөрүн төмөндөтөт.
Ушул жылдар аралыгында үй-бүлөлүк медицинаны жана поликлиникалык терапияны камтыган 8 методикалык сунуштар чыгарылды. Үй шартында жана амбулаториялык дарылоонун ар кандай багыттарын чагылдырган WONCA өкүлдөрү жана жетекчилери үй-бүлөлүк дарыгерлердин катышуусу менен үй-бүлөлүк дарыгерлердин жыйыны жыл сайын өткөрүлүүдө. Чылым чегүүнү токтотуу максатында көчөдө түшүндүрүү, алдын алуу акциясы жыл сайын өткөрүлүүдө. КММАнын «Илим күнүндө» кафедранын жаш ассистенттери конференциясыяга катышышат.
Кызматкерлер батыш эксперттеринин жетекчилиги астында үй-дарыгерлер менен бир жана эки жылдык тренинг болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Nevada Florida (АКШ) шаарынын клиникасына окууга барып, америка эл аралык жалпы өнөктөшүүнүн негизинде, ар түрдүү эл аралык долбоорлорго, семинарларга, жыйындарга, тренингдерге катышышкан.
Түштүк Флорида университетинен америкалык өнөктөштөрдүн үй-бүлө дарыгерин даярдоо долбоорунун алкагында барылашуу учурунан.
Учурда ΥДТ, бөлүмдүн кызматкерлери студенттердин окуу программаларын стандартташтыруусунда Geneva эл аралык мекеменин программаларын колдонууда.
Дипломго чейинки үй-бүлөлүк даарыгерлерди даярдоо кафедрасында 11 негизги кызматкер эмгектенет: анын ичинде 2 медицина илимдеринин доктору, 3 медициналык илимдин кандидаты, 5 ассистент, 1 улук лаборант эмгектенет.
Жогорку сапаттуу билим берүү көп жылдык педагогикалык тажрыйбага ээ болгон кадрлар менен камсыз кылынган. Орточо алганда, кызматкерлердин педагогикалык иш стажы 3-15 жылды түзөт. Бөлүм жамаатынын жогорку илимий жана билим берүү денгээлин колдоо максатында кызматкерлерди жыл сайын курстарга, интернет-технологиялар жана дистанттык окутуу боюнча билим берүү курстарынан билим алышууда.
Кафедра окутуучулары үй-бүлөлүк дарыгер, акушер жана гинекология, урология, пульмонология, педиатрия, иммунология, хирургия, дерматовенерологиялык оорулар тармагындагы адистиктерге ээ.
