- 0 (312) 54-05-60
- К. Тыныстанов к., 1.

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Кызматы:
- Кафедра башчысы
- [email protected]
- 0 (312) 54-05-60
- К. Тыныстанов к., 1.

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- академик

- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент

- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент

- Кызматы:
- Ассистент
Биринчи жолу үй-бүлөлүк медицина кафедрасы 1999-жылы академик СССР ИА жана КР УИАнын академиги м.и.д. профессор М.М. Миррахимов баш болгон №1 ички оорулар кафедрасынын поликлинакалык дарылоо доценттик курсунун курамында негизделген. Поликлинакалык дарылоонун доцентик курсу болуп 1991 -жылы 28-августунда куралып, аны КРнын эмгек сиңирген дарыгери, доцент А.О. Айткулова жетектеген. 1999-жылдын 1-октябрынан баштап курс өз алдынча үй-бүлөлүк медицина кафедрасы болуп, аны проф. Т.С. Мейманалиев жетектеген. Кыргызстанда үй - бүлөлүк медицинанын өнүгүүсүнө доцент Г.К. Нанаеванын кошкон салымы чоң. Анын жетектөөсу менен үй - бүлөлүк медицинанын дипломго чейинки жана дипломдон кийинки деңгээлдеги жаңы окуу программалары иштелип чыккан, ошондой эле Кыргызстанда үй - бүлөлүк дарыгерлерди даярдоо башталган. Бирок 2004- жылы үй - бүлөлүк медицина кафедрасы поликлиникалык дарылоо курсу болуп кыскартылып калган.
2017- жылдын февраль айында мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагынын талабына жараша үй - бүлөлүк медицина кафедрасы кайрадан калыбына келтирилип, аны проф Н.Н. Бримкулов жетектеп калды. Кафедрада эл аралык талаптарга жооп берүүчү окуу программалар, окуу-куралдары (компетенттүүлүк каталогу, ординатордун күндөлүгү) иштелип чыгып, баалоо жана көзөмөлдөөнүн жаны заманбап ыкмалары ишке ашырылган. Студенттер менен илимий коомдун негизинде ар тараптуу жумуш алып баруу, бүтүрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүү, студенттерди үй-бүлөлүк медицинанын дүйнө лидерлеринин катышуусунда өткөрүлгөн съезд жана конференцияларга тартуу ординаторлордун санынын кескин өсүүсүнө алып келди. Ошентип, 2018- жылы август айында ординатурага келгендердин саны 56 болуп, 2015- жылга салыштырмалуу 28 эсе көбөйду. Окуу методикалык жумуштардын кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу ЖОЖдо кадр ресустарын дагы көбөйтүүгө муктаж болду. Ошол шарттарга байланыштуу 2018-жылы сентябрь айында дипломго чейинки жана дипломдон кийинки үй - бүлөлүк медицина болуп кайрадан түзүлдү. 2018- жылдын 1 - сентябрынан баштап дипломдон кийинки уй - бүлөлүк медицина кафедрасын башкарууну проф. Н.Н. Бримкуловго жүктөлгөн.



Кафедранын негизги максаты ординаторлорду үй - бүлөлүк медицина/жалпы медициналык практика тармагында даярдоо, кесипти даңазалоо жана аны ар түрдүү - академиялык, илимий, кесиптик тажрыйба жана социалдык багытта өнүктүрүү.
Кыска убакытта иш жүргүзүү мезгилинде кафедра окуу программасын кайра иштеп чыгып, көзөмөлдөө жана баа берүүнүн заманбап ыкмаларын киргизди. Окуу процессине телемедицина элементтери (аралыктан окутуу, онлайн кеңеш берүү, Whatsapp ж.б.) жигердүү киргизилүүдө. Кафедра дипломдом кийинки окутууну борбордон ажыратууну (децентрализациялоону) ишке ашырып келе жатат жана аймактык клиникалык базаларда практикалык окутуунун биринчи ийгиликтерин көрсөтүүдө. Республиканын аймактарына чыгуу менен борбордон ажыратуунун (децентрализациялоонун) натыйжалуулугун көзөмөлдөө киргизилип жатат.
Кафедранын кызматкерлери үй - бүлөлүк дарыгерлердин беделин жогорулатуу максатында ар кандай демилгелер менен иш алып барууда:

- Кыргызстандыгы үй – бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлердин съездерин өткөрүү ( Бишкек-2015; Ош-2017). Азыркы учурда 2019-жылдын 16 – 17-май айында Бишкекте 3 – Съездин өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат.
- Υй – бүлөлүк медицинанын ординаторлоруна арналган жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык конференциялар.
Кафедрада ордианторлору менен сабак
Бишкек ш. тез жардам станциясы «өзгөчө шарттар» цикли
Бримкулов Н.Н. Ташкент шаарында кесиптештери менен

№18 УБДБ дарыгерлери менен бирге кабыл алуу



Областтар боюнча клиникалык ординаторлорду үйрөтүү боюнча көзөмөлдөө

Симуляциондук курс

Ординаторлор үчүн клиникалык конференция

Алматыда конференцияда

Алматы шаарында өткөн клиникалык конференцияда World Organization of National Colleges, Academies and Academic Associations of General Practitioners (Wonca) президенти М. Кидд менен бирге

Алматы шаарында Анна Ставдаль менен конференцияда