Жобо
- КММАнын кафедра кызматкерлеринин жана бардык категориядагы билим алуучуларынын дарылоо-диагностикалык ишмердиги (мындан ары ДДИ) КРнын мыйзам ченемдеринин, КРнын ССМнин уюштуруу усулдук документтеринин жана учурдагы жобонун негизинде жөнгө салынат.
- Клиникалык кафедралардын профессордук-педагогикалык курамы (мындан ары ПОК) педагогикалык, илимий-изилдөө иштери менен катар дарылоо-дианостикалык иштерин учурдагы жободо каралган формада жана көлөмдө аткарат.
- КММАнын клиникалык базаларында ДДИ академиянын дарылоо иштерин жүргүзүүгө укугу бар квалификациялуу штаттык ПОК ишке ашыра алат.
- Дарылоо-диагностикалык ишмердиктин негизги формалары жана түрлөрү төмөкүлөрдү ичине камтыйт:
- Консультацияларды берүү (бөлүмдөрдө, ҮБМ жана адистештирилген борборлордо оорулууларды консультативдик кыдыруу);
- Консилиумдарды, эрте мененки конференцияларды, патологоанатомиялык конференцияларды, клиникалык талкууларды ж.б. өткөрүүгө катышуу;
- Оорулууларга курация (оорулууларды кыдырууну өткөрүү);
- Эксперттик иштерди өткөрүү;
- Стационар шартында (операциялар, жарат таңуу лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөр) ж.б. дарылоо-диагностикалык процедураларды өткөрүү.
- Дарылоо-диагностикалык ишмердиктин көлөмү айына 36 саатан кем болбошу керек (таблицаны караныз)
Иштин түрү |
Жүктөм эсеби үчүн убакыт |
|||
жылына |
айына |
жумасына |
||
1. |
Оорулууларды кароо, амбулатордук картаны жана оору тарыхын киргизүү |
720 оору (0,5с 1 оорулууга) |
72 оорулуу |
18 оорулуу |
2. |
Оору тарыхына эксперттик баа |
100с |
10 с |
2с |
3. |
Гигиеналык жана бактериялык изилдөөлөрдүн протоколу |
50с |
5с |
1с |
4. |
Патологоанатомиялык ачуу |
100с |
10 |
2с |
5. |
Соттук-медициналык экспертизаны өткөрүү |
25сааттык эсеп ичинен бир экспертизага |
||
6. |
Консультацияларды өткөрүү (бөлүмдөрдө, ҮБМда, адистештирилген борборлордо жана сан.авиация боюнча оорулууларды консультативдик кыдыруу) |
100с |
10с |
2с |
7. |
Консилиумдарды, эрте мененки конференцияларды, патологоанатомиялык конференцияларды, клиникалык талкууларды ж.б. өткөрүүгө катышуу; |
30с |
3с |
0,5с |
8. |
Оорулууларга курация (оорулууларды кыдырууну өткөрүү) |
100с |
10с |
2с |
9. |
Проведение экспертной работы |
30 |
3с |
0.5с |
10. |
Стационар шартында (операциялар, жарат таңуу лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөр) ж.б. дарылоо-диагностикалык процедураларды өткөрүү. |
100с |
10с |
2с |
- Клиникалык базаларда ДДИ төмөнкү документацияларды киргизүү менен жөнгө салынат:
- Кафедра кызматкерлеринин ДДИнин планы кафедра башчыларынын башкы дарыгерлери, же клиникалык базадагы бөлүм башчылары менен биргеликте иштелип чыгат жана ар бир окуу жылына ректордун буйругу менен бекитилет.
- Клиникалык базаларда кафедра кызматкерлеринин дарылоо иштеринин ырааттамасы болушу керек;
- Кафедра башчыларынын, кызматкерлеринин, дарылоо иштери боюнча жооптуулардын жана стационардык бөлүм башчысынын колу коюлган кафедра кызматкерлеринин клиникалык иштер боюнча отчету ай сайын кийинки отчет тапшыруу айынын 5-күнүнө чейин илимий-инновациялык жана клиникалык иштер бөлүмүнө көрсөтүлөт (отчет формасы тиркелет);
- Клиникалык базалардагы практикалык саламаттыкты сактоо мекмелеринде кафедранын дарылоо-диагоностикалык иштери жөнүндө отчету календарлык жылдын аякташы боюнча жылына 1 жолу түзүлөт.
ДДИнин жоопкерчилиги кафедра башчысына жүктөлөт.