

- Кызматы:
- Жалпы иштерди уюштуруу боюнча адис
Тарбия жана жалпы иштерди уюштуруу бѳлүмү ѳз мезгилинде башкармалык болуу менен 1939-жылы уюштурулуп, комсомолдук уюм институту аталган. Аталган комсомолдук уюмга биринчи катчы болуп Л.В. Букина шайланган. 1960-жылы комсомолдук уюмда 1950 адам болгон.
1973-1976-жылдары «Медик» студенттик отряды Якутия АССРдеги курулуш объектилеринде 400 аскер эмгектенген. Курулуш тармагында жогорку кѳрсѳткүчтѳрдү жана ар кандай маданий иштерди аткаргандыгы үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак граммоталары, БК БЛКЖС (ВЛКСМ) граммоталары жана унутулгус лента, Кыргыз Компартиянын БКинин Кызыл Туу жана Кыргыз ССРинин министрлер Кеңешинин сыйлыктары менен эки жолу сыйланган.
Бүгүнкү күнү тарбия жана жалпы иштерди уюштуруу бѳлүмү 200 адамды бириктирет.
Академияда тарбия иштери ар тараптуу жүргүзүлѳт. Студенттер бош убактысын кызыктуу ѳткѳрүшѳт. Бѳлүм тарабынан жыл сайын 100дон ашык иш-чаралар уюштурулат. Анын ичинен майрамдык кечелер жана концерттер, тематикалык кечелер, дарстар, семинарлар, фестивалдар, факультеттер арасында таанышуу кечелери, КММАнын 1-курсунун студенттерине арналган иш-чара, белгилүү даталар, окуяларга, КММАнын бүтүрүүчүлѳрүнѳ арналган ж.б.у.с. иш-чаралар жогорку деңгээлде ѳткѳрүлѳт.
КММАнын жаштары «Бишкек Жазы» республикалык фестивалына жана ошондой эле конференцияларга, симпозиумдарга активдүү катышышат.