Кара-Кыргыз облусунун 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгы жыйынтыкталды
Университеттин жашоосу 24 Декабрь 2024

И. К. Ахунбаев атындагы КММАда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы,
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгы жыйынтыкталды.


Бүгүн, 24-декабрда И. К. Ахунбаев атындагы КММАда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгы боюнча өтүлгөн иш-чаралар жыйынтыкталды.

Бул иш-чара боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жана КММАнын ректорунун буйругу жарыяланган. Мамлекеттик тилдин үч айлыгына жигердүү катышкан кафедралардын кафедра башчылары жана мамлекеттик тил боюнча жооптуулардын, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Г. И. Жунушалиеванын, мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун катышуусунда кафедраларды сыйлоо аземи болуп өттү.


Окуу жайда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ар бир кафедра мыкты иштерди аткарып, тилди медицинада кеңири жайылтуу боюнча өз салымдарын кошуп келет. Ошентсе да аскердик-медициналык даярдоо жана экстремалдык медицина, чет тили жана латын тили, медициналык биология, генетика жана паразитология, ички оорулар пропедевтикасы жана эндокринология курсу, фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы, фтизиатрия, жугуштуу оорулар кафедрасы, госпиталдык терапия жана гематология курсу кафедраларынын аткарган иштери өзгөчөлөнүп, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Г. И. Жунушалиева, мамлекеттик тил сектору тарабынан Ыраазычылык кат жана белектер менен сыйланышты.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Г. И. Жунушалиева бардык кафедранын жасаган иштерин баса белгилеп, ыраазычылык билдирип, сыйлыктарын тапшырды. Кафедралардын жасаган эмгектери дайыма бааланып, мамлекеттик тилдин колдонулушу үчүн жан үрөп кызмат кылган окутуучуларга дем - күч берилип турат. Мамлекеттик тилдин медицинада күн санап өнүгүшү чоң кубантарлык иш болуп саналат.