Чакырылган окумуштуулар үчүн Фулбрайт программасы

Фулбрайттын чакырылган окумуштуулар программасынын алкагында

2025-жылдын сентябрынан декабрына чейин абройлуу эл аралык Fulbright Visiting Scholar Program программасынын алкагында АКШдагы Огайо мамлекеттик университетинин клиникалык профессору Жони Торнвалл И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «Медайымдык иш» кафедрасында иш алып барды.

Төрт айлык ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө профессор Торнвалл кафедранын билим берүү, илимий жана усулдук ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, студенттерди окутууга, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууга жана университеттин илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүүгө активдүү катышты.

Өзгөчө көңүл билим берүү процессине бурулду. Жогорку медайымдык билим берүү факультетинин студенттери үчүн «Медайымдык иштеги изилдөө методологиясы (академиялык жазуу)» дисциплинасы боюнча лекциялар жана практикалык сабактар өткөрүлүп, алардын изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүн, академиялык жазуу чеберчилигин жана илимий эмгектерди даярдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Мындан тышкары, профессор «Медайымдык иштин негиздери. Медайымдык иштеги кесиптик концепциялар» дисциплинасы боюнча практикалык сабактарды өткөрүп, анда медайымдын кесиптик өзгөчөлүгү, сынчыл ой жүгүртүү жана клиникалык чечим кабыл алуу, медайымдык иштеги лидерлик жана менеджмент, ресурстарды натыйжалуу башкаруу, ошондой эле кесиптер аралык өз ара кызматташуу жана командада иштөө маселелери каралды.

Студенттердин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында «Далилдүү медайымдык практика» аттуу тандоо курсу боюнча асинхрондук онлайн-дәристер даярдалып, алар жогорку медайымдык билим берүү факультетинин экинчи жана үчүнчү курсунун студенттерин окутууда колдонулат.

Ишмердүүлүктүн маанилүү багыттарынын бири окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу болду. КММАнын профессордук-окутуучулук курамы үчүн билим берүү процессин заманбап долбоорлоонун принциптери, ошондой эле медайымдык адистик боюнча студенттерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү жана алардын кесиптик компетенцияларын калыптандыруу маселелерине арналган кесиптик өнүгүү боюнча семинарлар уюштурулду.

Профессор Торнвалл университеттин илимий турмушуна да активдүү катышты. Ал «Гранттык долбоорлорду жана сунуштарды даярдоо» аттуу семинарда баяндама жасап, эл аралык илимий каржылоо программалары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү гранттык өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча практикалык сунуштарын бөлүштү. Ошондой эле жогорку медайымдык билим берүү факультетинин студенттери менен мотивациялык жолугушуу өткөрүлүп, анда кесиптик өнүгүү, академиялык мобилдүүлүк, лидерлик жана медайымдык билим берүүнүн келечеги талкууланды.

Профессордун КММАдагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп Кыргыз Республикасындагы медайымдык билим берүү боюнча заманбап көз караштарды изилдөөгө арналган Q-методологиясын колдонуу менен биргелешкен илимий изилдөөнүн башталышы эсептелет. Бул изилдөө долбоору КММАнын Жергиликтүү этикалык комитетинин жактыруусуна ээ болуп, эл аралык илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашырууга бекем негиз түздү.

Профессор Жони Торнваллдын Fulbright Visiting Scholar Program программасына катышуусу КММАнын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп, заманбап билим берүү ыкмаларын жайылтууга, университеттин илимий потенциалын чыңдоого жана дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.