Жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий коому
ЖОСИКтин төрагасы
Субаналиева Сезим
Субаналиева Сезим
Кызматы:
6-курстун студенти
Төраганын орун басары
Сүйүнбек уулу Нурыйман
Сүйүнбек уулу Нурыйман
Кызматы:
6-курстун студенти
Техникалык катчы
Медетов Ислам Абделбекович
Медетов Ислам Абделбекович
Кызматы:
4-курстун студенти
Жалпы маалымат

Жаш окумуштуулар жана студенттердин илимий коому (ЖОСИК) И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) карашындагы ыктыярдуу коомдук уюм болуп саналат. Ал КГМАнын аспиранттарынан, клиникалык ординаторлорунан, окутуучуларынан жана 35 жашка чейинки илимий кызматкерлеринен, ошондой эле (шайланган учурда) 40 жашка чейинки илим докторлорунан жана университеттин илимий ишмердүүлүгүнө активдүү катышкан студенттерден түзүлөт.

Анын түзүлүшүнүн максаты – жаш окумуштуулар менен студенттерди бириктирүү, алардын кызыкчылыктарын билдирүү, колдонмо жана фундаменталдык илимди өнүктүрүүгө активдүү катышуу аркылуу алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле жаш окумуштуулар менен студенттердин илимий потенциалын толук ишке ашырууга шарт түзүү.

ЖОСИКтин милдеттери
  • И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жаш окумуштууларынын жана студенттеринин илимий, окуу жана практикалык ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү;
  • КГМАнын бардык кафедраларынын студенттик илимий кружокторунун (СНК) ишмердүүлүгүн, ошондой эле окутуучулардын жеке жетекчилиги астында илимий иш жүргүзгөн студенттерди бириктирүү жана координациялоо;
  • студенттердин жана жаш окумуштуулардын кафедраларда жана ИИБИУнун (НЦ БМИ) лабораторияларында илимий-изилдөө иштерин уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • жаштарды КГМАнын илимий, окуу жана коомдук жашоосуна катышууга тартуу;
  • илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана билим берүү форумдарын уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүү;
  • жаш окумуштуулардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында чет өлкөлөрдө стажировкаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
  • башка уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын жаш окумуштуулар кеңештери менен кызматташуу;
  • КГМАнын жаш окумуштуулары жана студенттери арасында мыкты илимий иштер боюнча сынактарды уюштуруу жана өткөрүү;
  • КГМАнын жаш окумуштуулары жана студенттеринин мыкты илимий иштерин республикалык жана эл аралык конференцияларда, симпозиумдарда жана съезддерде сунуштоого көмөк көрсөтүү.