JICAнын «Universal Health Coverage» (MPH in Global Health) магистрдик программасына (Япония) кабыл алуу жарыяланат
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Япониядагы Institute of Science Tokyo окуу жайында Master of Public Health in Global Health (MPH) академиялык даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берген JICAнын узак мөөнөттүү «Universal Health Coverage» стипендиялык программасына талапкерлерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.
Окутуу 2027-жылдын апрель айынан тартып англис тилинде жүргүзүлөт.
Катышууга чакырылат:
- КММАнын кызматкерлери;
- КММАнын клиникалык ординаторлору;
- 2026-жылы КММАны аяктап, жогорку билими тууралуу диплом алган бүтүрүүчүлөр.
Талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
- 2027-жылдын 1-апрелине карата 40 жаштан ашпоо;
- бакалавр даражасына жана/же андан жогорку академиялык даражага ээ болуу;
- англис тилин билүү деңгээли TOEFL iBT 80, IELTS 6.5 же ага тең келген деңгээлден төмөн болбоого тийиш;
- окуу үчүн Японияга бара алуу мүмкүнчүлүгү болушу;
- окуу мезгилинде башка стипендиялык программалардын катышуучусу болбоо.
Тапшырылуучу документтер
- JICAнын анкета формасы (2 нуска: түп нускасы жана сүрөтү чапталган көчүрмөсү) жана медициналык анкета (шилтеме аркылуу жүктөп алып толтуруу керек).
- Жогорку билими тууралуу дипломдун жана дипломго тиркеменин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү англис тилиндеги котормосу менен.
- Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттын көчүрмөсү.
- Чет өлкөлүк паспорттун көчүрмөсү.
- ЦООСтан маалымкат.
КММАнын коштомо катын алуу үчүн талапкерлер ЦООСтан алынган маалымкатты көрсөтүү менен КММАнын Эл аралык байланыштар бөлүмүнө (башкы корпус, 242-кабинет) кайрылуулары керек.
Кошумча документтер
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер кошумча түрдө төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү:
Өз ведомствосунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин дарегине конкурска катышууга корутунду берүү жөнүндө коштомо кат.
Катта талапкердин ээлеген кызматы жана ага карата дисциплинардык жаза колдонулбагандыгы көрсөтүлүшү керек. Документ донорлордун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууну координациялоо жөнүндө жобонун 2–6-пункттарына ылайык даярдалат.
Бул кат боюнча төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылууга болот:
- Камалидин — (0312) 62-02-42
- Назира — (0312) 66-01-51
Документтерди тапшыруу тартиби
Толук документтер топтомун талапкер төмөнкү дарек боюнча жеке өзү тапшырышы керек:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58
Эл аралык кызматташтык башкармалыгы
Жооптуу кызматкер:
Утуров Мурас
Тел.: (0312) 625-313 (ички 2233)
Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 3-сентябры.
Маанилүү маалымат
Программага катышуу учурунда талапкерлер JICAнын төмөнкү талаптарын сактоого милдеттүү:
- академиялык ак ниеттүүлүк жана этикалык нормаларды сактоо;
- Япониянын мыйзамдарын жана кабыл алуучу университеттин эрежелерин сактоо;
- программанын шарттарында каралбаган эмгек ишмердүүлүгү менен алектенбөө;
- окуу мезгилинде саясий ишмердүүлүккө катышпоо.
Эскертүү
КММАнын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери КММА менен JICAнын ортосундагы координациялык байланыш милдетин гана аткарышат.
Эл аралык байланыштар бөлүмү JICAнын талаптарына ылайык документтердин тууралыгын текшербейт жана алардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Программа боюнча документтер
Төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөп алууга болот:
- JICAнын анкета формасы;
- Handbook (General Information);
- JICA документтерин толтуруу боюнча колдонмо.
Google Drive документтери:
https://drive.google.com/drive/u/0/folders/1NGeQLLIBZF4jEFetSAKEaVnTsYYK3Fg8