Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттик (АРАА) тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы институционалдык жалпы рейтингде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы биринчи орунду ээледи:
Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун институционалдык рейтингинде«Саламаттык сактоо» адистерин даярдоо багыттары боюнча - 1-орун.
Кыргызстандын ЖОЖдорунун билим берүү программалары боюнча рейтингинде –«Дарыло иши» 1-орун; «Педиатрия» - 1 орун; "Дарыкана" - 1-орун; «Стоматология» - 1-орун.
Кыргыз Республикасынын педагогикалык курамынын «ТОП-30» рейтингинде алдыңкы 30дун ичинен 15и КММАнын окутуучулары.
И.К.Ахунбаев атындагы КММА академиялык мобилдүүлүк боюнча лидер.
Тиешелүү маалымат Аккредитация жана рейтинг агенттигинин (АРТА) сайтында жайгаштырылган.
https://iaar.agency/rating/8/0/2023