Жетишкендик
12 Май 2026
Бүгүн И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, И.К. Ахунбаев атындагы КММА, Кёнхи университетинин «Жаркын Кыргызстан» долбоору, Кыргыз Республикасынын мээргерлик иши адистеринин ассоциациясы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан уюштурулган VII Эл аралык медайымдык жана акушердик форум өтүүдө.

Эртең менен форумдун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квандже, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рахат Жунушбаева, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско, КММАнын окуу иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов жана башка ардактуу коноктор сөз сүйлөштү.

Ачылыш аземинин алкагында медайымдык жана акушердик иштин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон медайымдар жана адистер сыйланышты.

Учурда форумдун алкагында пленардык баяндамалар, панелдик талкуулар жана параллелдүү сессиялар өтүп, анда Кыргызстан, Борбор Азия өлкөлөрү, Корея Республикасы жана башка мамлекеттерден келген алдыңкы адистер мээргерлик жана акушердик практиканын келечегин калыптандырган заманбап тенденциялар, илимий изилдөөлөр жана инновациялык чечимдер тууралуу талкуу жүргүзүшүүдө.
Форум «Чек арасыз медайымдык жана акушердик иш: тажрыйба, илим, инновация» деген темада өтүүдө.
