Бүгүн «Балдардын жугуштуу ооруларынын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.

Башкыр мамлекеттик медициналык университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен КММАнын ректору, профессор Индира Орозбаевна Кудайбергеновага медицина илимин жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү кызматташуусу жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоодогу эмгеги үчүн «БДМУнун Ардактуу доктору» наамы ыйгарылды.

Ошондой эле БДМУнун Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:
— Ниязбек Нурланбекович — биргелешкен илимий долбоорлорду, клиникалык практиканы жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн;

— Зуура Керимбековна Джолбунова — жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана университеттер аралык илимий өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн;
— Рахат Мавлютовна Кадырова — көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү, жогорку кесипкөйлүгү жана медицина илимине берилгендиги үчүн.

Сыйлоо аземи Кыргызстан менен Россиянын медициналык жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара урматтоонун, бекем кызматташтыктын жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн символу болду.