Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери борборубуздагы И.К.Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттерине тарбиялык лекция окушуп, ага окуу жайдын жетекчилиги дагы катышты.
Иш-чаранын максаты-кылмыштуулукту, чет элдик жарандарга карата укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле студенттерге Кыргыз Республикасындагы мыйзам ченемдерин сактоо боюнча маалымат берүү болуп саналат. Мындан тышкары, “Чет элдик студенттин окуясы» атуу кыска видеотасмасы көрсөтүлдү.
Милиция кызматкерлери студенттерге чет элдик жарандардын Бишкек шаарында өзүн алып жүрүүнүн тартибин, талаптарын, өзгөчө эмгектенүү боюнча, экстремизм жана терроризм тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле студенттер административдик укук бузууларга, кылмыш жоопкерчилиги боюнча тууралуу маалымат алышты.
Милиция кызматкерлери студенттерди кылмыш жасагандыгы , коомдук жайларда жалпыга тиешелүү жүрүм- турум нормаларын бузуу боюнча эскертүү берип, буга чейин болгон фактыларды мисал катары келтирди.
Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы
#КРИИМ
#БИШКЕКИИББ