Студенттердин жана КГМАнын профессордук-окутуучулук курамынын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, Коомдук саламаттык сактоо жана саламаттык сактоону уюштуруу кафедрасы тарабынан 2025-жылдын 12-декабрында «MUN KSMA 2025» аттуу оюн уюштурулду.
Бул иш-чара 2025-жылдагы Саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтуунун эл аралык күнүнө (ВОУЗ) арналган болуп, дүйнө жүзүндөгү «БУУнун модели» оюнуна катышуучулар менен БУУнун ортосундагы бекем байланыштарды түзүүгө жана сактоого багытталган.
Оюндун жүрүшүндө катышуучулар БУУнун жыйынынын симуляциялык оюнун көрсөтүп, саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Иш-чаранын аягында уюштуруучулар катышуучулардын позициялык баяндамаларын жана сөз сүйлөө деңгээлин баалап, төмөнкү үч номинация боюнча сыйлыктарды ыйгарышты:
-
Best Delegate (Эң мыкты делегат)
-
Outstanding Delegate (Өзгөчө айырмаланган делегат)
-
Best Position Paper (Эң мыкты позициялык баяндама)
