КММАдагы эл аралык мастер-класс: кореялык эксперттер ракты эндоскопиялык скринингден өткөрүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү
Билим берүү 27 Апрель 2026

2026-жылдын 23-24-апрелинде №7 «РДДБ» Академиялык клиникасынын гастроэнтерология жана эндоскопия бөлүмүнүн базасында «Ичеги-карын трактынын шишиктерин эндоскопиялык скринингден өткөрүүнүн заманбап стандарттары» деген темада илимий-практикалык мастер-класс өттү.Иш-чарага Корея Республикасынын алдыңкы адистери — Сеул шаарындагы Ульсан университетинин Медициналык колледжинин университеттик клиникасы болгон «Асан» медициналык борборунун профессорлору Хун-Ёнг Джонг жана Санпё Ли катышты.

Эки күндүн ичинде чет өлкөлүк эксперттер бөлүмдүн дарыгерлери жана КММАнын ординаторлору менен биргеликте бир катар диагностикалык жана дарылоо манипуляцияларын (ЭГДС, колоноскопия, полипэктомия жана татаал клиникалык учурлар боюнча биргелешкен консультациялар) өткөрүштү. Негизги басым онкологиялык ооруларды эрте аныктоого жасалды.Корея Республикасынан келген профессорлор ашказан жана жоон ичеги рагын скринингден өткөрүүнүн дүйнөлүк стандарттарына арналган баяндамаларын сунушташты. Шишик процессинин башталышынан кабар берген былжыр челдин эң майда өзгөрүүлөрүн визуалдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жаш адистер жана ординаторлор үчүн өзгөчө тренинг-зона уюштурулду:

  1. Заманбап симуляторлордо базалык көндүмдөрдү жана координацияны иштеп чыгуу.
  2. Окутууну реалдуу шарттарга мүмкүн болушунча жакындатуу максатында биологиялык моделде (доңуз ашказаны) манипуляциялоо техникасы боюнча практикалык сабактар.
  3. «Асан» медициналык борборундагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу — биздин кадрлардын квалификациясын жогорулатуудагы чоң кадам. Корея эндоскопиялык диагностика тармагында дүйнөлүк лидер болуп саналат жана алардын протоколдорун ишке киргизүү биздин дарыгерлерге ракты алгачкы этаптарында, оору толугу менен айыгууга мүмкүн болгон учурда аныктоону кыйла жакшыртууга жардам берет», — деп белгилешти иш-чаранын катышуучулары.

Бул мастер-класс Кыргыз Республикасынын эндоскопиялык кызматын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды. Алынган билимдер жана иштеп чыгылган техникалык ыкмалар №7 АК дарыгерлеринин күнүмдүк практикасына киргизилет. Бул биздин өлкөдө медициналык жардамдын сапатын жана ичеги-карын жолдорунун онкологиялык ооруларынын алдын алуу деңгээлин көтөрүүгө мүмкүндүк берет.