Билим берүү
21 Ноябрь 2025
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен эки патент алды.

1. «Анатомиялык изилдөөлөр үчүн биологиялык үлгүлөрдү пластинациялоо ыкмасы»
Патент № 02/6565 (14.11.2025)
Авторлор: Абаева Т., Жанганаева М., Кожошев Б., Хафизов Х.

2. «Гистологиялык изилдөөлөр үчүн микрососуддарды импрегнациялоо ыкмасы»
Патент № 02/6565 (14.11.2025)
Авторлор: Абаева Т., Малянчинова С., Салиева Н., Тойчиева З.

Бул ойлоп табуулар биологиялык материалдарды даярдоонун методикаларын өркүндөтүүгө жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган. Патенттердин алынышы КММА кызматкерлеринин жогорку илимий потенциалын тастыктап, академиянын мындан аркы өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.