КММАда «Дипломдон кийинки клиникалык билим берүү» боюнча семинар өтүүдө
Билим берүү 1 Сентябрь 2025
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 2025-жылдын 27–29-августунда «Дипломдон кийинки клиникалык билим берүү» аттуу окутуучу семинар өтүүдө. Иш-чарага саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрү жана дарыгерлер катышууда.
 
 
Семинардын максаты — интерндерди жана ординаторлорду даярдоодо билим берүү мекемелеринин жана аймактык клиникалык базалардын өнөктөштүгүн чыңдоо. Окутуу ТОТ форматында («тренер тренерди үйрөтөт») уюштурулуп, семинарга ЦСМ, ЦОВП жана ГСВ жетекчилери тартылып, Кыргызстандын 7 облусун камтууда.
Катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылып, билимди практикада колдонууга өбөлгө түзүлөт. Бул семинар медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга жана саламаттык сактоо тармагында тажрыйбалуу адистерди тарбиялоого багытталган.с