Кечээ, 3-февраль 2021-жылы И.К.Ахунбаев атындагы КММанын жыйындар залында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча медакадемия кызматкерлерине окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунын башчысы Сапаргул Наралиева жана сектордун лингвист-эксперти Арзыкан Орозалиева сабак өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө: «Үндѳштүк мыйзамын сактоо», «жѳндѳмѳлѳрдү билүү, созулма үндүүлѳрдү туура жазуу», «тырмакчанын («») кайсы учурда коюлушун билүү», «дефис (-) менен тиренин (– ) айырмасын билүү», «Кыргыз тилинин жазуу эрежелелерин», «Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасын» билүү, дефис, тырмакча, сызыкча , каталар менен иштөө жөнүндө маалыматтарды катышуучуларга кенири, жеткиликтүү айтып берүү менен лекцияга байланыштуу видео-презентацияны көргөзүштү.
Иш-чарага окуу жайдын бардык кызматкерлери катышып, аябай кызык өттү.