Румыниялык профессор КММАнын ординаторлору үчүн шашылыш хирургия боюнча лекция окуду
Билим берүү 12 Июнь 2026
2026-жылдын 12-июнунда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Румыниянын Арад шаарындагы «Василе Голдиш» Батыш университетинин профессору Силвиу Софрониенин лекциясы болуп өттү.
Иш-чарага шашылыш хирургия жана травматология жаатындагы заманбап ыкмаларга кызыккан ординаторлор, окутуучулар жана жаш адистер катышты. Лекциянын жүрүшүндө профессор көкүрөк клеткасынын жана омуртканын жаракаттарын диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап ыкмаларды тааныштырып, Европанын клиникалык практикасында колдонулган алдыңкы хирургиялык технологиялар тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
 
 
Өзгөчө көңүл вертебро-торакалдык хирургия маселелерине, көкүрөк клеткасынын жаракаттарынын клиникалык өзгөчөлүктөрүнө, диагностика жүргүзүү алгоритмдерине жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү принциптерине бурулду. Ошондой эле катышуучулар шашылыш абалдарда жана оор жаракаттарда хирургиялык кийлигишүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулашты.
Ординаторлор чет өлкөлүк адистен практикалык мисалдарды угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, шашылыш медицинанын актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Лекция катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, кесиптик тажрыйба жана билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.
 
 
Мындай билим берүүчү иш-чаралар дипломдон кийинки медициналык билим берүүнү өнүктүрүүгө, ординаторлордун кесиптик компетенцияларын жогорулатууга жана медициналык илим менен практиканын эл аралык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.