Сеул улуттук университетинин алдыңкы адистери менен жолугушуу КММАда өттү
Билим берүү 24 Ноябрь 2025
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортопедиялык стоматология кафедрасынын чакыруусу жана эл аралык кызматташтык алкагында ординаторлор менен жолугушуу өткөрүлүп, стоматологиянын актуалдуу маселелери боюнча лекциялар окутулду.
 
 
Лекцияларды медициналык билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири болгон Түштүк Кореянын Сеул улуттук университетинин алдыңкы адистери окуду. Адистер акыркы илимий маалыматтарды, заманбап дарылоо ыкмаларын жана стоматологиядагы окутуунун жаңы ыкмаларын бөлүшүштү.
 
 
Жолугушуу учурунда тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйба алмашууну, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду жүргүзүү маселелерин талкуулашты. КММА менен Сеул улуттук университетинин ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо жана академиялык байланыштарды кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.
 
 
Бул иш-чара академиянын эл аралык жааттагы активдүүлүгүнүн маанилүү этабы болуп, студенттердин, ординаторлордун жана окутуучулардын кесиптик өсүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.