"Жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тил маселелери " форуму
Билим берүү 23 Октябрь 2024

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Г.И. Жунушалиева жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А.А. Орозалиева
“ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” аталышындагы форумга катышышты.

 

 

2024-жылдын 24-октябрында КР Билим берүү жана илим министрлиги КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” аталышындагы форум өткөрдү.

 


Аталган форумга И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Г.И. Жунушалиева жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А.А. Орозалиевалар катышышты.

 


Форумда ЖОЖдордогу окутуу тили маселелери, бүтүрүүчү курстар үчүн кесипке багытталган иш кагаздарын окутуу курсун киргизүү, бардык дисциплиналар боюнча кыргыз тилинде окуу куралдарын, усулдарын чыгаруу жана башка тилдерден которуу иштерин жүргүзүү, ЖОЖдордогу кыргыз филологиясы факультеттеринин окуу программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (котормо, терминология сабактарын) киргизүү, ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу жана ишке ашыруу ж.б. көйгөйлүү маселелер каралып, келечектеги аракеттер талкууланды.